# 36-статья. Кыргыз банкынын балансында турган чет өлкөлүк валюта

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/559)
- Документтеги орду: VIII бөлүм
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 18-июлундагы № 154 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 29.07.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/559/st-36>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-528/edition/764567/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/559/st-36.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө, 36-статья (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/559/st-36

---

жана алтын-валюталык резервдер менен жүргүзүлүүчү операциялар жана бүтүмдөр

Кыргыз банкы:

1) Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары жер-

лерде колдонуудагы мыйзамдарга ылайык келген жана эл аралык банктык практикада кабыл алынган чет өлкөлүк валютадагы операцияларды жүзөгө ашырууга;

2) чет мамлекеттердин өкмөттөрү же эл аралык финансы уюмдары тара-

бынан чыгарылган же кепилдик берилген казына векселдерин жана башка ба- алуу кагаздарды сатып алууга, сатууга же алар менен операцияларды жүргүзүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы кел- беген жана эл аралык банктык практикада кабыл алынган башка бүтүмдөрдү жасоого;

3) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлердеги чет өлкөлүк

борбордук банктарда жана башка финансы уюмдарында, ошондой эле эл ара- лык финансы уюмдарында эсептерди ачууга жана жүргүзүүгө;

4) Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерлердеги чет өлкөлүк

борбордук банктар жана башка мекемелер үчүн өкүл же корреспондент ката- ры эсептерди ачууга жана жүргүзүүгө, аракеттенүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлөрдүн борбордук банктарынын жана башка фи- нансы мекемелеринин, эл аралык финансы уюмдарынын кызыкчылыктарына өкүлчүлүк кылууга;

5) Кыргыз Республикасынын аймагында жана тышкы рыноктордо алтынды,

серитификаты бар баалуу металлдарды куйма, монета жана башка түрдө са- тып алуу жана сатуу боюнча операцияларды жүргүзүүгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [35-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/559/st-35)  
Кийинки берене: [37-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/559/st-37)
