# 35-статья. Кыргыз банкынын эл аралык резервдери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/559)
- Документтеги орду: VIII бөлүм
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 18-июлундагы № 154 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 29.07.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/559/st-35>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-528/edition/764567/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/559/st-35.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө, 35-статья (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/559/st-35

---

1. Кыргыз банкы өзүнүн милдеттерин аткаруу максатында өз каражат-

тарынын бир бөлүгүн чет өлкөлүк валютада жана наркы эл аралык рыноктор- до олуттуу өзгөртүүлөргө дуушар болбогон эл аралык башка активдерде кармап турат. Мында Кыргыз банкынын Башкармасы тарабынан аныкталган шарттарда алтындан жана:

1) чет өлкөлүк валютадан, анын ичинде чет өлкөлүк борбордук банк-

тардагы жана биринчи класстагы чет өлкөлүк банктардагы же башка эл ара- лык финансы институттарындагы эсептерге жайгаштырылган чет өлкөлүк ва- лютадан;

2) банкнот жана монета түрүндөгү чет өлкөлүк валютадан;

3) эл аралык чөйрөдө таанылган кандай гана болбосун резервдик ак-

тивдерден;

4) эл аралык бүтүмдөрдү жасоодо кабыл алынган жана чет өлкөлүк ва-

лютада төлөөгө жаткан чет өлкөлүк валютадагы жөнөкөй жана которулуучу векселдерден;

5) чет мамлекеттердин өкмөттүк мекемелери тарабынан алардын өз ва-

люталарында (же чет өлкөлүк валютада) чыгарылган же кепилдик берилген жана чет өлкөлүк валютада төлөнүүчү мамлекеттик баалуу кагаздардан;

6) алар алгылыктуу баалуу кагаздар катары классификацияланган

шартта биринчи класстагы эл аралык финансы институттары тарабынан чыга- рылган жана башка жүгүртүлүүчү баалуу кагаздардан турган Кыргыз банкы- нын эл аралык резерви болот.

2. Кыргыз банкы өзүнүн эл аралык резервдерин резервдик активдердин

ликвиддүүлүгүн жана коопсуздугун эске алуу менен башкарат.

3. Эл аралык резервдерди чет өлкөлөрдө жайгаштыруу, болбосо сатуу

максатында Кыргыз банкы өзүнүн балансында турган баалуу металлдарды та- шып чыгарып кетүүсүнө кошумча лицензия талап кылынбайт. Баалуу металл- дарды ташып чыгарып кетүүнүн жана сатуунун тартиби жана шарттары Кыргыз банкынын Башкармасы тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [34-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/559/st-34)  
Кийинки берене: [36-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/559/st-36)
