# 32-статья. Кыргыз банкы тарабынан колдонулуучу эскертүү чаралары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/559)
- Документтеги орду: VII бөлүм
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 18-июлундагы № 154 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 29.07.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 марта 2009 года № 94 "О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202571)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/559#diff=764578..764579>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/559/st-32>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-528/edition/764567/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/559/st-32.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө, 32-статья (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/559/st-32

---

жана санкциялар

1. Ишин Кыргыз банкы лицензиялоочу банктар же финансы-кредиттик

мекемелер тарабынан экономикалык нормативдерди сактабагандыктын, банк- тык мыйзамдарды, "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" Кыр- гыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз банкынын нормативдик актыларын жа- на кат жүзүндөгү көрсөтмөлөрүн бузууларга жол бергендиктин фактылары табылганда, ошондой эле маалыматтарды убагында бербегенде же болбосо туура эмес жана/же толук эмес маалымат бергенде, же болбосо банк же фи- нансы-кредиттик мекемелер төлөөгө жөндөмсүз болуп калса, Кыргыз банкы:

1) бети ачылган кемчиликтерди токтоосуз же белгиленген мөөнөттүн

ичинде четтетүүгө милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон кат жүзүндөгү көрсөтмөлөрдү берүүгө;

2) ушул статьянын 2-пунктуна ылайык башка санкцияларды колдонууга;

3) лицензияны токтотууга же чакыртып алууга;

4) төлөмгө жөндөмсүз болуп калган учурда жоюу процессин баштоого

укуктуу. Кыргыз банкы иши Кыргыз банкы тарабынан лицензиялануучу банктарга же финансы-кредиттик мекемелерге карата чара көрүп жатып, Кыргыз Рес- публикасынын банк практикасынын жогорку стандарттарынын жана финансы тутумунун туруктуулугунун сакталышынын зарылдыгын жетекчиликке алууга тийиш. Ал акционерлердин кызыкчылыктарын жетекчиликке албоого жана алардын кызыкчылыктарынын таасиринде болбоого же Кыргыз банкы кредитор- лордун кызыкчылыктарын коргоо жана/же республиканын финансы жана банк тутумунун туруктуулугун сактоо максатында жасашы мүмкүн болгон кандай- дыр бир аракеттердин айынан келип чыгышы мүмкүн болгон чыгымдарды көњүлгө албоого тийиш. Кыргыз банкы ушул Мыйзам тарабынан каралган санкцияларды колдонуу- нун натыйжасында келип чыккан кандайдыр бир чыгымдар үчүн жоопкерчилик тартпайт.

2. Кыргыз банкы тарабынан белгиленген мөөнөттө кетирилген кемчи-

ликтерди четтетүү жөнүндөгү кат жүзүндөгү көрсөтмөлөрдү аткарбай койгон учурда, ошондой эле ишин Кыргыз банкы лицензиялоочу банктар же финан- сы-кредиттик мекемелер тарабынан экономикалык нормативдерди сактабоо- нун, болбосо банктык мыйзамдарды бузуунун фактылары табылганда Кыргыз банкы төмөнкү келтирилген чаралардын бирин же бир нечесин колдонууга укуктуу:

1) жогорулатылган экономикалык нормативдерди киргизүүгө;

2) милдеттүү резервдердин өлчөмүн жогорулатууга;

3) Кыргыз банкынын Башкармасы тарабынан белгиленген тартипке ыла-

йык ар бир айкын учур үчүн төлөнгөн уставдык капиталдын бир процентинен ашпаган өлчөмдө айып акы өндүрүп алууга;

4) айрым кызмат адамдарынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдары та-

рабынан белгиленген жыйырма эњ төмөнкү айлык акы (эњ төмөнкү ставка) өлчөмүндө айып акы өндүрүп алууга;

5) милдеттүү түрдө аткарылуучу:

- бардык же кээ бир аткаруучу кызмат адамдарын алмаштыруу;

- финансыны жакшыртуу боюнча иш-чараларды өткөрүү;

- кайра капиталдаштырууну, болбосо кайра уюштурууну жүргүзүү;

- текшерилүүчүнүн каражаттарынын эсебинен пландан сырткары аудитти

жүргүзүү талабы менен кайрылууга;

6) активдерди сактап калуу максатында алты айга чейинки мөөнөткө

убактылуу администрацияны дайындоого;

7) убактылуу башкаруучуну дайындоо жана лицензияда каралган опера-

циялардын баарын же кээ бирлерин алты айга чейинки мөөнөткө чектөө мүмкүндүгү менен лицензиянын аракетин токтото турууга.

3. Кыргыз банкы банкты ачууга алдын ала берилген уруксатты төмөнкү

учурларда чакыртып ала алат:

1) банкты ачууга алдын ала берилген уруксатты алгандан кийин алты

айдын ичинде түзүлүп жаткан банктын эњ төмөнкү уставдык капиталы төлөнбөгөндө;

2) банкты ачууга алдын ала уруксат берилгенден кийинки алты айдын

ичинде анын негизинде уруксат берилген маалыматтардын туура эместиги табылганда;

3) эгерде уюштуруучулардын финансылык абалы начарлап кетсе же анын

негизинде лицензия берүүдөн баш тартууга боло турган фактылар табылган- да;

4) эгерде банктын уюштуруучулары банктын ишин баштабоону чечсе.

4. Иши Кыргыз банкы тарабынан лицензиялануучу банктын жана финан-

сы-кредиттик мекеменин лицензиясын чакыртып алуу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:

1) ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн окуялар болгондо жана

эгерде Кыргыз банкы лицензияны чакыртып алуунун зарылдыгына макулдук берсе;

2) Кыргыз банкынын милдеттүү кат жүзүндөгү көрсөтмөлөрү дайыма (он

эки календарлык айдын ичинде эки же андан ашык) аткарылбаган учурда;

3) эгерде Кыргыз банкынын эсептөөлөрү боюнча жакынкы мезгилде

банктын суммардык капиталынын адекваттуулугунун коэффициенти эки про- центти түзгөндө же ал дењгээлден төмөн болгондо жана уюштуруучулар ал- дын ала эскертүүлөргө карабастан капиталды толуктабаганда жана/же Кыр- гыз банкы тарабынан аныкталган мөөнөттөрдүн ичинде аны толуктоого кара- та чараларды көрбөгөндө;

4) ушул статьянын 2-пунктуна ылайык Кыргыз банкы тарабынан колдо-

нулган талаптар жана санкциялар аткарылбаганда;

5) Кыргыз банкынын нормативдик актылары дайыма (он эки календарлык

айдын ичинде эки же андан ашык) аткарылбаган учурда;

6) такталбаган маалыматтар дайыма берилгенде же анын негизинде ли-

цензия берилген маалыматтардын ынанымсыз экендиги ал берилген күндөн тартып бир жылдын ичинде табылганда;

7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан тыюу салынган опе-

рацияларга катышкан учурда, болбосо лицензияда каралбаган ишти жүргүзгөндө;

8) төлөмгө жөндөмсүз болуп калган же Кыргыз банкы тарабынан Кыргыз

Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөмгө жөндөмсүз деп таанылган учурда;

9) эгерде банк каттоодон өткөндөн жана банк лицензиясын алгандан

кийин депозиттерди кабыл алуу жана кредиттерди берүү боюнча ишин башто- ону бир жылдан ашык мөөнөткө кийинкиге калтырганда;

10) банк тарабынан монополияга каршы мыйзамдардын талаптары атка-

рылбаганда;

11) чет өлкөлүк банктын филиалынан - ал каттоодон өткөн өлкө тара-

бынан чет өлкөлүк башкы банк жоюлган же анын банктык лицензиясы чакыр- тылып алынган учурда.

5. Кыргыз банкы тарабынан лицензиялануучу банктын жана финан-

сы-кредиттик мекеменин иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында карал- ган башка негиздер боюнча токтотулушу мүмкүн. Иши Кыргыз банкы тарабынан лицензиялануучу банк же финансы-кредит- тик мекеме болжолдогон күндү көрсөтүп, Кыргыз банкына кат жүзүндө бил- дирүү менен ал тууралу Кыргыз банкынын макулдугун алгандан кийин гана ишин токтотот жана лицензияны кайтарып берет. Кыргыз банкы банктын ишин токтотууга макул болгонго чейин аманатчылардын жана башка кредиторлор- дун кызыкчылыктарын канааттандырууну талап кылышы мүмкүн.

6. Банкты банкрот деп таануу коркунучу болгон учурда (эгерде банк-

тын капиталынын адекваттуулугунун коэффициенти эки жана андан аз про- центти түзсө) кредиторлордун жана аманатчылардын кызыкчылыктарын коргоо максатында Кыргыз банкы ага ушул Мыйзамда, ошондой эле "Кыргыз Респуб- ликасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мый- замында каралган ыйгарым укуктардан тышкары төмөнкү чаралардын кайсыны- сын болбосун көрүүгө укуктуу:

1) банкка белгилүү бир чараларды көрүүгө, болбосо белгилүү бир ча-

раларды көрбөөгө кат жүзүндө көрсөтмө берүүнү;

2) акционерлер банкка кошумча капитал бергендей, болбосо өз акция-

ларын Кыргыз банкы тарабынан белгиленген наркта каалоочуларга бергендей кат жүзүндө көрсөтмө берүүнү;

3) банктын банкроттук ишин баштабай туруп банкка ликвиддүү кара-

жаттарды тартуу үчүн анын мүлкүнүн бир бөлүгүн, болбосо баарын сатууга тескеме берүүнү;

4) күрөөлүк камсыз кылуу менен банкка менчик ликвиддик каражатта-

рын берүүнү;

5) банкка консервацияланган банктын статусун берүүнү жана банктын

консерваторун дайындоону;

6) банктын банкроттугунун соттон тышкары ишин козгоону;

7. Кыргыз банкы исламдык банктарды жана "исламдык терезелери" бар

банктарды тейлөөнүн тартибин жана эрежелерин аныктайт жана банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык операцияларды жүргүзүүчү банктар банк ишин жөнгө салуучу нормативдик укуктук актыларды бузушкан учурда чара көрөт. (КР 2008-жылдын 17-октябрындагы № 22, 2009-жылдын 28-мартындагы № 94 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [31-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/559/st-31)  
Кийинки берене: [32-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/559/st-32-1)
