# 30-статья. Банктык жөнгө салуу жана көзөмөл

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/559)
- Документтеги орду: VII бөлүм
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 18-июлундагы № 154 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 29.07.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 19 мая 2009 года № 162 "О внесении дополнения в Закон Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202644)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 19.05.2009 [Закон КР от 19 мая 2009 года № 162 "О внесении дополнения в Закон Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202644); 17.10.2008 [Закон КР от 17 октября 2008 года № 224 "О внесении изменения и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202439)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/559#diff=764580..764581>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/559/st-30>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-528/edition/764567/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/559/st-30.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө, 30-статья (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/559/st-30

---

1. Кыргыз банкы Кыргыз банкы тарабынан лицензиялануучу банктардын

жана башка финансы-кредиттик мекемелердин ишин банктык көзөмөлдөөчү жа- на жөнгө салуучу орган болуп саналып, туруктуу финансы тутумун сактоо, аманатчылардын жана башка кредиторлордун кызыкчылыгын колдоо жана кор- гоо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Кыргыз банкынын норматив- дик актыларын сактоо максатында алардын ишине туруктуу көзөмөлдү жүзөгө ашырат.

2. Кыргыз банкы Кыргыз банкы тарабынан лицензиялануучу банктардын

жана башка финансы-кредиттик мекемелердин ишин көзөмөлдөө жана жөнгө салуу жагындагы өз милдеттерин аткаруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:

1) лицензиялоо жана көзөмөлдөө иштерин, ошондой эле ушул Мыйзамга

ылайык тиешелүү эрежелерди жана нормаларды белгилөө жолу менен аларды ишке ашыруунун тартибин жүзөгө ашыруу максатында экономикалык норматив- дерди белгилөөгө, директиваларды, нускоолорду жана сунуштарды чыгаруу- га;

2) банктардын жана алардын филиалдарынын, ошондой эле алар менен

байланышкан кызыкчылыгы бир компаниялардын (инсайдерлер жана аффилир- ленген компаниялар) ишин жеринде текшерүүнү жүзөгө ашырууга же мындай текшерүүнү көз карандысыз аудиторлорго же аудитордук фирмаларга тапшы- рууга;

3) өзүнүн көзөмөлдөө милдеттерин натыйжалуу жүзөгө ашыруу үчүн ма-

алыматтарды жана отчетторду суратууга жана алууга, алынган маалымат бо- юнча түшүндүрмөлөрдү талап кылууга;

4) кооптуу же болбосо акылга сыйбас же кара ниет иштерге бөгөт ко-

юу максатында ушул Мыйзамга ылайык финансылык абалды оњдоо боюнча чара- ларды көрүүгө кат жүзүндө көрсөтмө берүүгө, убактылуу администрацияны киргизүүгө, лицензияны токтото турууга же чакыртып алууга, болбосо айып акы салууга;

5) финансылык алдамчылыктарга жана терроризмди каржылоо жана кыл-

мыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) боюнча опе- рациялардын (бүтүмдөрдүн) бетин ачууга тиешелүү жана айкын чараларды көрүүнү талап кылган (Кыргыз банкына же башка органдарга зарыл отчет- торду берүүнү, банктык процедураларды өзгөртүүнү, персоналдарды окутуу- ну, банктын кардарлары тууралу маалыматтарды берүүнү кошо алганда) нор- мативдик актыларды чыгарууга;

6) компетенциясына финансылык алдамчылыктардын бетин ачуу жана

аларга бөгөт коюу кирген укук коргоо органдарынын өтүнүч каттары боюнча же өз чечимдеринин негизинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык шектүү операциялардын категориясына кирген кандай гана болбосун банк операцияларын жүргүзүүнү Кыргыз банкынын нормативдик актыларында белги- ленген мөөнөткө токтото турууга. Кыргыз Банкы терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында ички көзөмөлдү уюштуруу маселелери боюнча Кыргыз банкы тарабынан лицен- зиялануучу жана жөнгө салынуучу банктардын жана башка финансылык-кре- диттик мекемелердин ишмердигин инспекциялоону жүргүзөт жана анын жыйын- тыктары жөнүндө маалыматты терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу ме- нен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу органга жөнөтөт. Банк операцияларын негизсиз токтоткондугу үчүн жоопкерчиликти анын демилгеси боюнча жүргүзүлгөн жак же уюм тартат. Республиканын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо Кыргыз банкы тарабынан лицензиялануучу банктардан жана башка финансы-кредиттик мекемелерден айкын операциялар боюнча келип түшкөн маалыматтар алар ме- нен макулдашуусуз жарыяланышы мүмкүн эмес.

3. Өз ишин тиешелүү юрисдикцияга ылайык жүзөгө ашырган же болбосо

жүзөгө ашырууну каалаган банктарды көзөмөлдөөгө жана лицензиялоого ка- рата Кыргыз банкы чет өлкөлүк банктык көзөмөл органдары менен өз ара аракеттенүү принциптеринде кызматташа алат. Алар алынган маалыматтардын купуялыгын сактаган шартта Кыргыз бан- кы өз ишин тиешелүү эки юрисдикцияга ылайык жүзөгө ашырган же болбосо жүзөгө ашырууну каалаган кандай гана болбосун банк боюнча чет өлкөлүк банктык көзөмөл органдары менен маалыматтарды алмаша алат. (КР 2008-жылдын 17-октябрындагы № 224, 2009-жылдын 19-майындагы №162 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [29-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/559/st-29)  
Кийинки берене: [31-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/559/st-31)
