# 28-статья. Банктарга берилүүчү кредиттер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/559)
- Документтеги орду: VII бөлүм
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 18-июлундагы № 154 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 29.07.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 марта 2009 года № 94 "О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202571)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/559#diff=764578..764579>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/559/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-528/edition/764567/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/559/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө, 28-статья (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/559/st-28

---

1. Банктардын ликвиддүүлүгүн колдоо максатында Кыргыз банкы банк-

тарга камсыз кылуунун Кыргыз банкы үчүн алгылыктуу болгон төмөнкү түрлөрүнүн бирин берген шартта алты айдан ашпаган мөөнөткө акы төлөө шартында кыска мөөнөттүү кредит бере алат:

1) алтынды жана башка баалуу металлдарды;

2) чет өлкөлүк валютаны;

3) улуттук жана чет өлкөлүк валютадагы тынышуу мөөнөтү алты айга

чейинки векселдерди жана Кыргыз банкы үчүн алгылыктуу башка милдеттен- мелерди;

4) Кыргыз банкындагы же Кыргыз банкы үчүн алгылыктуу башка кредит-

тик мекемелердеги депозиттерди;

5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чыгарылган баалуу ка-

газдарды;

6) Кыргыз банкы үчүн алгылыктуу камсыз кылуунун башка түрлөрүн.

Кыргыз банкынын Башкармасы тарабынан белгиленген учурларда башка активдер жана товардык-тескөөчүлүк документтер да камсыз кылуучу болушу мүмкүн.

2. Кредиттерди берүүнүн тартиби жана шарттары Кыргыз банкынын Баш-

кармасы тарабынан белгиленет жана коммерциялык банктарга кабарланат. Кыргыз банкы банктарга ар түрдүү кредиттерди бериши жана берилип жаткан кредиттердин түрүнө жараша ар кандай проценттик ставкаларды бел- гилеши мүмкүн. Кыргыз банкы коммерциялык банктардын ортосунда жүргүзүлүүчү опера- циялар боюнча овердрафт түрүндө кредит бербейт. Кыргыз банкы банктын чыгашаларына тиешелүү активдердин сапатына жараша мүмкүн болуучу чыгымдардын ордун жабууга атайын резервдерди түзөт. Кыргыз банкы келишимдик негизде исламдык банкына каражат бере алат.

3. Чукул кырдаалдарда, банк тутумунун бүтүндүгүн сактоо максатында

Кыргыз банкы камсыз кылынбаган кредит, болбосо Кыргыз банкынын Башкар- масы тарабынан белгиленген шарттарда автивдердин башка түрлөрү менен камсыз болгон кредит бере алат. Өзгөчө кредит алты айга чейинки мөөнөткө берилет. Бул мөөнөт Кыр- гыз банкынын Башкармасынын чечими боюнча узартылышы мүмкүн. Мындай кре- диттерди берген мөөнөттүн ичинде карыз алуучуга карата Кыргыз банкы та- рабынан Кыргыз банкынын нормативдик актыларында белгиленген өзгөчө ре- жим колдонулат. (КР 2009-жылдын 28-мартындагы № 94 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [27-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/559/st-27)  
Кийинки берене: [29-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/559/st-29)
