# 18-статья. Накта акча жүгүртүүнү уюштуруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/559)
- Документтеги орду: IV бөлүм
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 18-июлундагы № 154 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 29.07.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/559/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-528/edition/764567/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/559/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө, 18-статья (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/559/st-18

---

Кыргыз банкы Кыргыз Республикасынын аймагында накта акча жүгүртүүнү уюштуруу максатында:

1) Кыргыз банкы тарабынан лицензиялануучу банктар жана финан-

сы-кредиттик мекемелер үчүн кассалык операцияларды жүргүзүүнүн тартибин иштеп чыгат жана бекитет;

2) банкнотторду жана монеталарды чыгарууга республиканын муктажды-

гын божомолдоону жүргүзөт;

3) банкноттордун жана монеталардын резервдик фонддорун түзүүнү

камсыз кылат жана акча белгилерин (банкнотторду жана монеталарды) басып чыгарууга заказдарды жайгаштырат;

4) банктар үчүн накта акчаларды сактоого, ташууга жана инкассация-

лоого жалпы талаптарды белгилейт;

5) төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу учурунда акча белгилеринин төлөмгө

жөндөмдүү экендигин аныктоонун талаптарын белгилейт;

6) жүгүртүүгө чыгарылуучу акча белгилерин коргоонун белгилерин жа-

на аларды алмаштыруунун тартибин, ошондой эле бузулган жана жүгүртүүдөн алынган банкнотторду жана монеталарды жок кылуунун тартибин аныктайт;

7) жөнгө салуунун эл аралык практикада кабыл алынган башка ыкмала-

рын жана механизмдерин колдонот.

---

Мурунку берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/559/st-17)  
Кийинки берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/559/st-19)
