# 1-статья. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/559)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 18-июлундагы № 154 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 29.07.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 мая 2008 года № 87 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202298)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/559#diff=764571..764572>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/559/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-528/edition/764567/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/559/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө, 1-статья (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/559/st-1

---

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук (Борбордук) банкы (мындан ары -

Кыргыз банкы) Кыргыз Республикасынын банкы болуп саналат жана анын мен- чигинде турат.

2. Кыргыз банкы өз ишин ушул Мыйзамга ылайык жүзөгө ашырган жана

пайда алуу максатын көздөбөгөн, өзалдынча уюштуруучулук-укуктук форма- дагы - Кыргыз Республикасынын Борбордук банкы катары юридикалык жак бо- луп саналат.

3. Кыргыз банкынын жайгашкан жери Бишкек шаары болуп саналат. Кыр-

гыз банкы Кыргыз Республикасында, ошондой эле чет өлкөлөрдө филиалдар- ды, өкүлчүлүктөрдү түзүүгө жана өз өкүлдөрүн дайындоого укуктуу. Кыргыз банкынын өзүнүн аталышы жазылган жана Кыргыз Республикасы- нын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн мөөрү болот.

4. Башка банктардын аталыштарында жана символикаларында "Банк Кыр-

гызстана", "Кыргыз банкы" деген сөз айкалыштарын, "КРББ", "КРУБ" деген аббревиатураларды, ошондой эле "Борбордук", "Улуттук" деген сөздөрдү толук же кыскартылган түрүндө кайсы тилде болбосун колдонууга тыюу са- лынат.

5. Кыргыз Республикасы Кыргыз банкынын милдеттенмелери боюнча жо-

опкерчилик тартпайт. Кыргыз банкы Кыргыз Республикасынын милдеттенмеле- ри боюнча жоопкерчилик тартпайт. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 16-майындагы № 87 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Кийинки берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/559/st-2)
