Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Нарын районунун мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарын уюштуруу боюнча чаралар жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2007-10-18.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2004-жылдын 6-сентябры № 666 Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Нарын районунун мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарын уюштуруу боюнча чаралар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 18-октябрындагы № 472 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын шаарынын башкаруу органдары жөнүндө" 2004-жылдын 6-июлундагы Жарлыгын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөрдүн тиркелген штаттык саны (имараттарды тейлөө жана кайтаруу боюнча персоналды кошпогондо) бекитилсин:
- № 1 жана 2-тиркемелерге ылайык Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын шаарынын мэриясынын жана мамлекеттик башкаруу органдарынын;
- (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 18-октябрындагы № 472 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери, администрациялык ведомстволору, мамлекеттик комиссиялары Нарын облусунун мамлекеттик администрациялары менен бирдикте:
- 2004-жылда бюджетте каралган каражаттардын жана жалпы санынын чектеринде Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын шаарында жана Нарын районунда ведомстволук структураларды түзүшсүн;
- жаңыдан түзүлгөн ведомстволук шаардык жана райондук структураларды финансылык жана уюштуруу-техникалык жактан камсыздоо боюнча зарыл чараларды көрүшсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетине, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна Нарын облусунун мамлекеттик администрациялары менен бирдикте төмөнкүлөр сунуш кылышсын:
- 2004-жылда бюджетте каралган каражаттардын жана жалпы санынын чектеринде Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын шаарында жана Нарын районунда ведомстволук структураларды түзүү;
- жаңыдан түзүлгөн ведомстволук шаардык жана райондук структураларды финансылык жана уюштуруу-техникалык жактан камсыздоо боюнча зарыл чараларды көрүү.
4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун мамлекеттик администрациялары менен бирдикте Нарын шаарынын мамлекеттик бийлик жана башкаруусунун жаңыдан түзүлгөн органдарын кызматтык жайлар жана имараттар менен камсыз кылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ченемдик-укуктук актыларын ушул токтомго ылайык келтирүү боюнча эки айлык мөөнөттө белгиленген тартипте сунуш киргизсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын тиешелүү башкармалыктары менен бөлүмдөрүнө жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр
Н.Танаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 6-сентябрындагы № 666 токтомуна № 1 тиркеме
Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын шаарынын мэриясынын ШТАТТЫК САНЫ
| № | Кызматы | Бирдиктин саны |
|---|---|---|
| 1. 2. 3. 4. 5. 6. 7. 8. 9. 10. 11. 12. | Мэр Биринчи вице-мэр Вице-мэр Аппарат жетекчиси Системалык администратору Башкы бухгалтер Башкы адис Жетектөөчү адис 1-категориядагы адис Жетекчинин секретары Секретарь-машинистка Чарба башчысы Бардыгы: | 1 1 1 1 1 1 3 1 1 1 1 1 14 |
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппарат жетекчиси - министр
Б.Талгарбеков
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 6-сентябрындагы № 666 токтомуна № 2 тиркеме
Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын шаарынын мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын ШТАТТЫК САНЫ
| № | Аталышы | Бирдиктин саны |
|---|---|---|
| 1 2 3 4 5 | Шаардык финансы бөлүмү Шаардык салык инспекциясы Шаардык социалдык коргоо башкармалыгы Шаардык билим берүү бөлүмү Шаардык маданий бөлүмү | 12 28 17 6 3 |
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппарат жетекчиси - министр
Б.Талгарбеков
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 6-сентябрындагы № 666 токтомуна № 3 тиркеме
Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын районунун мамлекеттик администрациясынын ШТАТТЫК САНЫ
КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 18-октябрындагы № 472 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппарат жетекчиси - министр
Б.Талгарбеков
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 6-сентябрындагы № 666 токтомуна № 4 тиркеме
Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын районунун мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын ШТАТТЫК САНЫ
КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 18-октябрындагы № 472 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппарат жетекчиси - министр
Б.Талгарбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- Постановление Правительства КР от 28 декабря 2004 года № 965 "О внесении изменений в постановление Правительства Кыргызской Республики от 2 августа 2001 года № 406 "О типовой…Постановление · 28.12.2004 · № 965 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы 2004-жылдын 6 июлу ПЖ № 218 "Кыргыз Республикасынын Нарын областынын Нарын шаарынын башкаруу органдары жонундо"Указ · 06.07.2004 · № 218
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 18-октябрындагы N 472 "Кыргыз Республикасынын облустук жана райондук мамлекеттик администрацияларынын аппараттарынын түзүмү жана штаттык саны жөнүндө"…Постановление · 18.10.2007 · № 472 · Күчүн жоготкон