# Постановление Правительства КР от 30 августа 2004 года №652 " О внесении изменений и дополнений в постановление Правительства Кыргызской Республики от 17 апреля 2002 года N 231 "Об Иммиграционном фонде при Министерстве иностранных дел Кыргызской Республики"

- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 652
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 07.08.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/55805>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-10342/edition/324504/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/55805.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Постановление Правительства КР от 30 августа 2004 года №652 " О внесении изменений и дополнений в постановление Правительства Кыргызской Республики от 17 апреля 2002 года N 231 "Об Иммиграционном фонде при Министерстве иностранных дел Кыргызской Республики" (07.08.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/55805

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2007-жылдын 7-августундагы N 315 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2004-жылдын 30-августу N 652

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине

караштуу Иммиграциялык фонду жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын

17-апрелиндеги N 231 токтомуна

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду

киргизүү тууралуу

Тарыхый мекенине кайтып жатышкан этностук кыргыздарга натыйжалуу

жана өз учурунда гуманитардык, техникалык жана башка жардам көрсөтүү,

аларды жергиликтүү коомдоштукка интеграциялоо, ошондой эле Кыргыз Рес-

публикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Иммиграциялык фондунун

ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын

Өкмөтү токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Им-

миграциялык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын

17-апрелиндеги N 231 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор

киргизилсин:

- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"2. Республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен төмөнкүлөр

белгиленсин:

- Иммиграциялык фондунун кызматкерлеринин жогорку саны 8 (сегиз)

адамдан, анын ичинде 5 (беш) тейлөөчү персоналдан;

Иммиграциялык фондунун кызматкерлеринин эмгек маянасы тиркемеге

ылайык өлчөмдө.".

2. Жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген, Кыргыз Республи-

касынын Тышкы иштер министрлигане караштуу Иммиграциялык фонду жөнүндө

жобого:

- 6-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"- Кыргыз Республикасынын аймагында филиалдарды түзүү жана

өкүлчүлүк ачуу";

- 8-пункту төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:

"- Иммиграциялык фондунун аппаратын күтүү борбордук жана аткаруучу

органдарды күтүүгө республикалык бюджетте каралган каражаттардын эсеби-

нен каржыланат";

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 17-апрелиндеги N

231 токтомуна тиркеме ушул токтомго тиркемеге ылайык берилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнө

жүктөлсүн.

Премьер-министр Н.Танаев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2004-жылдын 30-августундагы

N 652 токтомуна тиркеме

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине

караштуу Иммиграциялык фондунун кызмат

орундарынын тизмеси

| N | Структуралык | Штаттык | Кызмат | Бардыгы |
| --- | --- | --- | --- | --- |
|  | подразделенилердин | бирдиктердин | окладдары | (сом) |
|  | жана кызматтардын | саны | (сом) |  |
|  | аталышы |  |  |  |
|  | Кыргыз Республикасынын ТИМине |  |  |  |
|  | караштуу Иммиграциялык фондунун |  |  |  |
|  | аппараты |  |  |  |
| 1. | Директор | 1 | 3000 | 3000 |
| 2. | Башкы адис | 1 | 1200 | 1200 |
| 3. | Жетектөөчү адис- бухгалтер | 1 | 1000 | 1000 |
| 4. | Айдоочу | 1 | 900 | 900 |
|  | Чүй облусунун Ысык-Ата районунун |  |  |  |
|  | Ивановка шаар тибиндеги |  |  |  |
|  | поселогунда жана Москва районунун |  |  |  |
|  | Беловодское айылында этностук |  |  |  |
|  | кыргаздарды убактылуу кабыл алуу |  |  |  |
|  | пункттары |  |  |  |
| 5. | Комендант | 2 | 700 | 1400 |
| 6. | Вахтер-күзөтчү | 2 | 500 | 1000 |
|  | Бардыгы | 8 |  | 8500 |

Премьер-министрдин

Аппарат жетекчиси - министр Б.Талгарбеков
