Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Постановление Правительства КР « О внесении изменений и дополнений в постановление Правительства Кыргызской Республики от 17 апреля 2002 года N 231 «Об Иммиграционном фонде при Министерстве иностранных дел Кыргызской Республики»
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 07 августа 2007 года № 315 "О Миграционном фонде при Государственном комитете Кыргызской Республики по миграции и занятости"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2007-08-07.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 7-августундагы N 315 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2004-жылдын 30-августу N 652
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине
караштуу Иммиграциялык фонду жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын
17-апрелиндеги N 231 токтомуна
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду
киргизүү тууралуу
Тарыхый мекенине кайтып жатышкан этностук кыргыздарга натыйжалуу
жана өз учурунда гуманитардык, техникалык жана башка жардам көрсөтүү,
аларды жергиликтүү коомдоштукка интеграциялоо, ошондой эле Кыргыз Рес-
публикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Иммиграциялык фондунун
ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Им-
миграциялык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын
17-апрелиндеги N 231 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор
киргизилсин:
- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"2. Республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен төмөнкүлөр
белгиленсин:
- Иммиграциялык фондунун кызматкерлеринин жогорку саны 8 (сегиз)
адамдан, анын ичинде 5 (беш) тейлөөчү персоналдан;
Иммиграциялык фондунун кызматкерлеринин эмгек маянасы тиркемеге
ылайык өлчөмдө.".
2. Жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген, Кыргыз Республи-
касынын Тышкы иштер министрлигане караштуу Иммиграциялык фонду жөнүндө
жобого:
- 6-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын аймагында филиалдарды түзүү жана
өкүлчүлүк ачуу";
- 8-пункту төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"- Иммиграциялык фондунун аппаратын күтүү борбордук жана аткаруучу
органдарды күтүүгө республикалык бюджетте каралган каражаттардын эсеби-
нен каржыланат";
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 17-апрелиндеги N
231 токтомуна тиркеме ушул токтомго тиркемеге ылайык берилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнө
жүктөлсүн.
Премьер-министр Н.Танаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2004-жылдын 30-августундагы
N 652 токтомуна тиркеме
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине
караштуу Иммиграциялык фондунун кызмат
орундарынын тизмеси
| N | Структуралык | Штаттык | Кызмат | Бардыгы |
| подразделенилердин | бирдиктердин | окладдары | (сом) | |
| жана кызматтардын | саны | (сом) | ||
| аталышы | ||||
| Кыргыз Республикасынын ТИМине | ||||
| караштуу Иммиграциялык фондунун | ||||
| аппараты | ||||
| 1. | Директор | 1 | 3000 | 3000 |
| 2. | Башкы адис | 1 | 1200 | 1200 |
| 3. | Жетектөөчү адис- бухгалтер | 1 | 1000 | 1000 |
| 4. | Айдоочу | 1 | 900 | 900 |
| Чүй облусунун Ысык-Ата районунун | ||||
| Ивановка шаар тибиндеги | ||||
| поселогунда жана Москва районунун | ||||
| Беловодское айылында этностук | ||||
| кыргаздарды убактылуу кабыл алуу | ||||
| пункттары | ||||
| 5. | Комендант | 2 | 700 | 1400 |
| 6. | Вахтер-күзөтчү | 2 | 500 | 1000 |
| Бардыгы | 8 | 8500 |
Премьер-министрдин
Аппарат жетекчиси - министр Б.Талгарбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Постановление Правительства КР от 17 апреля 2002 года №231 "Об Иммиграционном фонде при Министерстве иностранных дел Кыргызской Республики"Постановление · 17.04.2002 · № 231 · Күчүн жоготкон
- Положение об Иммиграционном фонде при Министерстве иностранных дел Кыргызской Республики (Утверждено постановлением Правительства Кыргызской Республики 17 апреля 2002 года № 231)Положение · 17.04.2002 · № 231 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 7-августундагы N 315 "Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Миграциялык фонд…Постановление · 07.08.2007 · № 315 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Постановление Правительства КР от 17 апреля 2002 года №231 "Об Иммиграционном фонде при Министерстве иностранных дел Кыргызской Республики"Постановление · 17.04.2002 · № 231 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 7-августундагы N 315 "Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Миграциялык фонд…Постановление · 07.08.2007 · № 315 · Күчүн жоготкон