# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 9-августундагы N 578 "Жол-транспорт кырсыктарын каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 9-августундагы N 578 "Жол-транспорт кырсыктарын каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 578
- Кабыл алынган күнү: 09.08.2004
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.06.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/55750>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-10318/edition/880949/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/55750.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.06.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 9-августундагы N 578 "Жол-транспорт кырсыктарын каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому (22.06.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/55750

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2004-жылдын 9-августу N 578 Жол-транспорт кырсыктарын каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-июнундагы № 299 токтомунун редакциясына ылайык) "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-статьясын аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген Жол-транспорт кырсыктарын каттоо эрежелери бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги өздөрүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул токтомго ылайык келтиришсин.

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-июнундагы № 299 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-июнундагы № 299 токтомунун редакциясына ылайык)

Премьер-министри

Н. Танаев
