Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасында Социалдык мобилизациялоо жана акыйкат башкаруу жылын өткөрүү боюнча иш-аракеттердин программасын аткаруунун жүрүшү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2005-02-01.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 1-февралы № 50
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасында Социалдык мобилизациялоо
жана акыйкат башкаруу жылын өткөрүү боюнча
иш-аракеттердин программасын
аткаруунун жүрүшү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Президентинин
2003-жылдын 15-октябрындагы Кыргызстандын элине "Социалдык мобилизация-
лоо жана акыйкат башкаруу жылы" боюнча Кайрылуусун жана Кыргыз Респуб-
ликасынын Президентинин 2003-жылдын 27-декабрындагы № 418 "2004-жылды
Социалдык мобилизациялоо жана акыйкат башкаруу жылы деп жарыялоо
жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2004-жылдын 19-февралындагы № 86-б буйругу менен бекитилген
Социалдык мобилизациялоо жана акыйкат башкаруу жылын өткөрүү боюнча
иш-аракеттердин программасы иштелип чыккандыгын белгилейт.
Облустук мамлекеттик администрацияларда координациялык кењештер,
министрликтерде жана ведомстволордо жумушчу топтор түзүлүп, Социалдык
мобилизациялоо жана акыйкат башкаруу жылын өткөрүү боюнча иш-аракеттер-
дин программалары иштелип чыкты жана кабыл алынды.
Программада экономиканын реалдуу секторундагы, социалдык
чөйрөдөгү, билим берүүдөгү, саламаттык сактоодогу, микрокредиттерди
берүүдөгү маселелерди чечүүгө, шаарлар менен кыштактардын инфраструкту-
раларын калыбына келтирүүгө жана өнүктүрүүгө, чакан жана орто бизнести
өнүктүрүүгө, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдар менен тыгыз кызматта-
шууга өзгөчө көњүл бурулду.
Аткарылган иштер республиканын социалдык-экономикалык абалына жа-
гымдуу таасир тийгизди. 2004-жылы 10 айдын ичинде республикада 42939,3
млн. сом суммасында өнөржай продуктусу чыгарылды же 2003-жылдын ушул
мезгилине салыштырмалуу өсүү темпи 107,1 процентти түздү. 51745,9 млн.
сом суммасында айыл чарба продукцияларынын дүњ жыйымы чыгарылып, өсүү
темпи 103,8 процентти түздү.
2004-жылы республика боюнча номиналдуу орточо айлык эмгек акы
2101,2 сомду түздү жана өткөн жылга салыштырмалуу 13,7 процентке
көбөйдү.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жыл башынан тартып 3935,3
млн. сом суммасындагы пенсия төлөмдөрүн толугу менен каржылоого жетиш-
ти.
Мамлекеттик пособие алуучулардын жалпы саны 505,6 мињ адамды
түзөт, анын ичинен аз камсыздуулугу боюнча 453,8 мињ адам пособие алса,
51,8 мињ адам социалдык пособие алышат. Азыркы маалымат боюнча
2004-жылдын 1-декабрына карата жыл башынан тартып мамлекеттик пособие
төлөө үчүн керектелүүчү сумма 683,0 млн. сомду түзсө, анын 660,6 млн.
сому каржыланган. Мамлекеттик пособие боюнча карыз 22,4 млн. сомду
түзөт. Төлөмдөр боюнча кечигүү убактысы 2003-жылы 67 күндү түзсө, быйыл
орто эсеп менен 11 күндү түзөт.
2004-жылдын 1-декабрына карата абал боюнча жењилдиктерди берүүгө
421,6 млн.сом, анын ичинен 228,0 млн сом чегеришме каржылоо жолу менен
жана 193.6 млн. сомду якчалай төлөө каралган. Жењилдиктерди берүү боюн-
ча 28,0 млн.сом суммасындагы (жыл бою) санаториялык-курорттук дарылану-
уга берилүүчү компенсация төлөмүнөн тышкары бардык карыздар жоюлган.
Каржылоо графигине ылайык аталган карыз жылдын аягына чейин жоюлууга
тийиш.
Республика боюнча бүтүндөй алганда жүргүзүлгөн иштердин натыйжа-
сында 2004-жылдын 11 айынын ичинде 50,8 мињ үй-бүлө, анын ичинен Ош об-
лусунда - 12,2 мињ, Жалалабатта - 2,8 мињ, Чүйдө - 12,3 мињ, Таласта -
2,4 мињ, Нарында - 2,3 мињ, Ысыккөлдө - 3,8 мињ, Баткенде - 2,2 мињ,
Бишкек шаарында - 11,7 мињ, Ош шаарында - 1,1 үй-бүлө өздөрүнүн жашоо
дењгээлин жакшыртышты.
Азыркы учурда республикада өзүнө 100 мињден ашык үй-бүлөнү камты-
ган 7,8 мињ жамааттык уюм (2003-жылы - 6,5 мињ жамааттык уюм), 4,7 мињ
өзара жардамдашуу топтору (2003-жылы - 3,5 мињ) жигердүү иштеп жатышат.
Алардын ички аманаттарынын көлөмү 115,4 млн. сомду түзүп, алар тарабы-
нан 102,0 млн. сомдук жумуш аткарышкан.
Иш менен камсыз кылууну жогорулатууда жана кедейликти азайтууда
жекече ишкердикти жана бизнести өнүктүрүүгө финансы ресурстарын берүү
олуттуу ролду ойнойт. Үстүбүздөгү жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча
республиканын бардык кредит берүүчү уюмдары тарабынан жалпы суммасы
1272,5 млн.сом суммасында чакан кредиттер берилген. 60,0 мињден ашуун
жарандар чакан кредиттерди алышкан.
Бүгүнкү күндө республикабызда 306 кредиттик союздар иштеп, ал
27565 катышуучуну бириктирет. Кредиттик союздардын жыйынды кредиттик
капчыгы 254,7 млн. сомду түзүп, алар 202,8 млн. сом суммасында чакан
кредиттерди беришкен.
Ошондой эле үрөн, жер семирткич, күйүүчү-майлоочу материалдар
түрүндө натуралдык чакан кредиттерди берүү иштери да кењири жайылтылуу-
да. Алсак, республика боюнча 27,2 мињ аз камсыз үй-бүлөгө 31,2 млн. сом
суммасында ушундай кредиттер берилген.
Эмгек рыногундагы жигерлүү саясат да кедейлик дењгээлин
төмөндөтүүгө өбөлгө түзөт. Республика боюнча 2004-жылдын 11 айында Кыр-
гыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлиги ар-
кылуу 1,6 мињ сом чакан кредиттерди берүү жолу менен 33,2 мињ жумушсуз
адам ишке орноштурулган. 4,6 мињ адам кесиптик окууга жиберилип, анын
ичинен 3,5 мињ адам ишке орноштурулган. 16,2 мињ адам акы төлөнүүчү ко-
омдук жумуштарга жөнөтүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо минист-
рлиги облустук мамлеекеттик администрациялар менен бирдикте бизнес-ин-
кубаторлорду уюштуруу боюнча жигердүү иштерди жүргүзүп жатат. Алсак
2004-жылы республиканын региондорунда 45 бизнес-инкубатор ачуу болжол-
донсо, анын ичинен 35и азыр иштеп жатат жана анда 750дөн ашык жумушчу
орун түзүлгөн.
Аз камсыз үй-бүлөлөрдү ишкердикке тартуунун дагы бир жолу, ай са-
йын берилүүчү пособиенин (АБП) жылдык суммасын бир жолу төлөп берүү бо-
луп эсептелет. Бүгүнкү күнгө 250 үй-бүлөгө 1,0 млн. сомдон ашык пособие
төлөнүп берилген, алардын ичинен 127 үй-бүлө 210,4 мињ сом суммасында
пайда алышты. Мындан тышкары, кедей үй-бүлөлөрдүн экономикалык ишкер-
диктерине колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Финансы ми-
нистрлиги менен бирдикте реслублика боюнча 500 үй-бүлөгө 3,0 млн. сомго
жакын АБПнын жылдык пособие суммасын төлөп берүү боюнча буйрук даярдал-
ды.
Азыркы убакта республикада социалдык мобилизациялоо жаатында 1,0
мињден ашык өкмөттүк эмес уюмдар иштейт. Нарын облусунун өзүндө эле 141
өкмөттүк эмес уюм иштеп, 2,3 млн. сомдон ашык суммадагы долбоорлорду
ишке ашырып жатышат.
Элдердин бакубат жашоосун көтөрүүдө "Байлар-кедейлерге" деген кый-
мыл маанилүү ролду ойноп жатат. Мисалы, Чүй облусу боюнча 4,4 мињ кедей
үй-бүлө оокаттуу үй-бүлөлөргө, дыйкан, фермер чарбаларына, уюмдарга бе-
китилген жана алардан жалпы суммасы 25,6 млн. сомдук материалдык жар-
дамдарды алышты. Бишкек шаарында 4,0 мињге жакын кедей жарандар коммер-
циялык структураларга бекитилген. Ош облусунда 1429 кедей үй-бүлө же-
тиштүү камсыз болгондордон жардам алышат, кедей үй-бүлөлөргө жардам
берүүнүн кыйла кењири тараган түрү аларга майда жандык, бодо мал бөлүп
берип, ошондой эле үрөндүк материалдар, жерин айдатуу, күйүүчү-майлоочу
май түрүндө жардамдарды берүү эсептелет.
Айылдарда жана шаарларда инфраструктураны өнүктүрүү боюнча "Ашар"
ыкмасы улам куч алып бара жатат. Республика боюнча мындай ыкма менен
жалпы суммасы 130 млн. сомдон ашкан социалдык чөйрөнүн 700дөй объектиси
курулду жана калыбына келтирилди, болжол менен 13 мињ жумушчу орун
түзүлдү.
Республикада социалдык мобилизациянын жүрүшүнө Азия Өнүктүрүү Бан-
кы, Эл аралык Кайрымдуулук Корпусу, ПРООН, "МерсиКо", "Хельветас",
"Кыргызстан-Сорос" фонду, "Евричайлд" сыяктуу эл аралык уюмдар жигердүү
көмөк көрсөтүшүүдө. Алардын жардамы менен каналдардын, суу түтүктөрүнүн
жана социалдык-маданий багыттагы башка объекттердин курулушу үчүн тар-
тылган тышкы ресурстардын көлөмү көбөйдү.
Бүткүл дүйнөлүк банк жана Азия өнүктүрүү банкынын долбоолору боюн-
ча эле 137,4 мињ адам жашаган 93 айылда жалпы суммасы 489,8 млн. сомдук
суу түтүктөр курулду жана оњдолду, 555 таза суу пайдалануучулардын
айылдык коомдук бирикмелери (ТСПАКБ) түзүлдү. Нарын облусунда "МерсиКо"
эл аралык фондусунан жалпы билим берүүчү мектептер, кесиптик лицейлер,
бала бакчалар, балдар үйлөрү жана жатакүйлөр үчүн 28,5 мињ АКШ доллары
суммасына грант алынган.
Саламаттык сактоону реформалоо боюнча бир топ максаттуу иштер ат-
карылды, саламаттык сактоо мекемелерин реструктуризациялоо, аларды ре-
монттоо жана керектүү жабдуулар менен камсыздоо иштери жүргүзүлүүдө.
Республиканын дарылоо мекемелерин зарыл медициналык жабдуулар менен
жабдуу үчүн жалпы суммасы 940,3 мин АКШ доллары суммасына саламаттык
сактоо мекемелерине медициналык жабдуулар берилди. Бүткүл дүйнөлүк банк
тарабынан каржыланган "Саламаттык сактоо секторун реформалоо-2" долбоо-
рунун алкагында "Үй-бүлөлүк медицина" курсу боюнча 2216 дарыгер жана
3037 медайым окуудан өткөрүлдү. Республикада консультативдик, маалымат-
тык-билим берүү, таза шприцтер жана ийнелер менен камсыздоо кызматтарын
көрсөтүүчү 11 ишеним пункту ачылды.
Билим берүүнүн материалдык-техникалык базасын чыњдоо боюнча да ал-
гылыктуу иштер аткарылып жатат. Алсак, 2004-жылы ар кандай булактардан
93 мектептин курулушу бүткөрүлдү, 250 мектепте капиталдык ремонт
жүргүзүлдү. Республиканын мектептерине 300 компьютер, 50 принтер, 300
компьютердик эмеректин комплекти, алыскы, жетүүгө кыйын болгон аймак-
тарга тармактык жабдуулар коюлду. 450 компьютер сатып алуу боюнча тен-
дер өткөрүлдү. 110 класска окуу эмеректеринин комплекти жана физика,
химия, биология кабинеттерине 1ден комплект коюлду. Өткөн жылдын 1-де-
кабрына карата ведомстволорго караган 14 жатак мекемелерге жана балдар
үйлөрүнө капиталдык ремонт үчүн 2784,0 мињ сом бөлүндү.
Социалдык мобилизациялоо жылын ийгиликтүү өткөрүүгө администрация-
лык реформа жүргүзүүнүн чектеринде кадрларды туура тандоо жана окутуу
көмөктөшөт. Облустардын мамлекеттик администрациялары тарабынан бош
орундарды конкурстук ээлөө, кадрлардын резервин түзүү, мамлекеттик жана
муниципалдык кызматчыларды аттестациялоо жүргүзүү боюнча кыйла иштер
жасалууда, мында гендердик саясат эске алынат.
Ошону менен бирге эле Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекет-
тик администрацияларынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын,
министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана мамлекеттик комисси-
яларынын иштеринле бир топ проблемалар жана кемчиликтер орун алган.
Алар тарабынан социалдык мобилизациялоо боюнча отчеттор өз убагында бе-
рилбейт жана облустук мамлексттик администрациялар, Кыргыз Республика-
сынын министрликтери, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ве-
домстволорунун жана мамлекеттик комиссияларынын ведомстволор тарабынан
жүргүзүлгөн иштер толук көлөмдө чагылдырылбайт.
Мамлекеттен, өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдардан жана башкалар-
дан микрокредиттерди, ар кандай демөөрчүлүк жана донордук жардамдарды
алышкан кедей үй-бүлөлөрдүн жекече эсебин алуу, жашоо-турмуштарын жак-
шырткандары боюнча конкреттүү маалыматтар жок, бул алынган кирешелердин
эсебинен бакубаттыгын жогорулатышкан үй-бүлөлөрдүн санын тактоодо кы-
йынчылык туудурат.
Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн маалымат базасын түзүүдөгү жана
жүргүзүүдөгү кыйынчылыктар, жер-жерлерде жергиликтүү өзалдынча башкаруу
органдарынын программалык камсыздоого ылайык байланыш жана компьютердик
техникасынын жоктугу менен түшүндүрүлөт.
Көзөмөлсүз жана кароосуз калган балдар проблемалары өзгөчө шаар-
ларда күчөп жатат. Мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өзал-
дынча башкаруу органдары тарабынан бул проблемага жетиштүү көњүл
бөлүнбөйт.
Бишкек шаарында эле жергиликтүү бюджеттердин эсебинен бойго жете
элек балдар үчүн 7 адистешкен мекеме иштейт. Анда социалдык колдоого
муктаж болгон 1150 бала турат; Ош шаарында Жашы жете электерди байыр-
лаштыруу жана реабилитациялоо борбору бар, анда 25 бала жашайт, кесип-
тик-техникалык билим берүү системасынын 9 окуу жайында калктын аялуу
катмарынын балдары үчүн реабилитациялык борборлор түзүлгөн. Жалалабат
облусунун Сузак районунда аз камсыз болгон социалдык жактан аялуу
үй-бүлөлөрдөн чыккан мектеп жашындагы 20 бала үчүн реабилитациялык бор-
бор ачылды.
Кредиттик союздарды түзүү боюнча иштер начар. Алсак, 2003-жылы
республикада 303 кредиттик союз иштеген болсо, 2004 жылы болгону 3 кре-
диттик союзга көбөйгөн. Кредиттик союздар тарабынан баардыгы болуп 27
159 адамга кредит берилген, бул кедейчиликтин дењгээлин эске алганда
анча көп эмес. Талас (3), Жалалабат (3) жана Баткен (1) облустарында
кредиттик союздардын саны кыскарган. Мындай абалды жакшыртуу жерги-
ликтүү бийлик органдарынан кредиттик союздарды түзүү жана аларга кедей
калкты кењири жана максаттуу тартуу иштерин жигердүү жүргүзүүнү талап
кылат.
"Ашар" ыкмасын өнүктүрүү боюнча иштер өтө солгун жүрүп жатат.
2004-жылы Ысыккөл облусунда бул ыкма менен болгону 3 объект курулган.
Ал эми Баткен облусунда 2003-жылы "Ашар" ыкмасы менен 211 социалдык
объект курулган болсо, 2004-жылы болгону 28 объект курулган, ушундай
эле көрүнүш Ош шаарында да кездешет, 2003-жылы - 14 жана 2004-жылы - 7
объект курулган.
Республикада жамааттык уюмдарды, өзара жардамдашуу топторун уюшту-
руу бир топ жигердүү жүргөнү менен алардын айрымдарында каражаттары
жок, ошондуктан иштин жыйынтыгы начар.
Региондо социалдык мобилизациялоо иштеринин жүрүшү боюнча калкка
маалымдоо иштеринде бир топ кемчиликтер бар. Айыл өкмөттөрүнүн баарында
маалыматтык көрнөктөр болгону менен, кредит жана микрокредит берүүчү
уюмдар, мекемелер тууралуу жетиштүү маалыматтар жок.
Республикада айыл чарба продукцияларын сатып алуу, кайра иштетүү
жана сатуу системасын өнүктүрүү боюнча маркетингдик стратегиянын беки-
тилгенине карабастан, алыскы жана жакынкы четөлкөлөрдөн дараметтүү ры-
нокторду издөө иштери начар жүргүзүлөт. Соода-сатык жүргүзүүчү уюмдар
жетиштүү өнүкпөй жатат, республикадагы 120 соода-сатык уюмдарынын
көпчүлүгү жүгүртүү каражаттарынын жоктугунан иштебей турат.
Облустардын алыскы райондорунда педагогикалык жана медициналык
кадрлар жетишпейт. Бул жергиликтүү бийлик органдарынан жаш педагог
кадрларды облуска тартуу үчүн комплекстүү чараларды көрүүнү талап кы-
лат.
Социалдык мобилизациялоо жана акыйкат башкаруу иштерин терењдетүү
жана өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-
тволор, мамлекеттик комиссиялар, жергиликтүү мамлекеттик администрация-
лар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 19-февралындагы №
86-б буйругу менен бекитилген Социалдык мобилизациялоо жана акыйкат
башкаруу жылын өткөрүү боюнча Ишаракеттер программасынын бардык иш-ча-
раларын толук аткаруу боюнча чараларды көрүшсүн;
- айыл өкмөттөрүнүн ортосунда социалдык мобилизациялоо жана акый-
кат башкаруу боюнча өткөрүлгөн республикалык конкурстун жыйынтыктарын
чыгарышсын;
- социалдык мобилизациялоо мониторингин жана анын жыйынтыктарын
жалпыга маалымдоо каражаттарында кењири чагылдырышсын.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министрлиги облустук мамлекеттик администрациялар менен бирдикте
айыл чарба продукцияларын сатуу жана республикада соода-сатыкты
өнүктүрүү боюнча дараметтүү рынокторду издөө иштерин күчөтүшсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо ми-
нистрлиги Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрация-
лары менен бирдикте:
- микрофинансылоочу жана микрокредиттөөчү институттар тармагын
кењейтсин, айыл өкмөттөрүнө, жамааттык уюмдарга жана жергиликтүү
өнүктүрүү фонддоруна эл аралык уюмдар жана донорлор менен байланыш
түзүүгө көмөк көрсөтсүн;
- инфраструктураны жана социалдык-маданий объектилерди жакшыртууга
багытталган акы төлөнүүчү коомдук жумуштарды уюштуруу боюнча биргелеш-
кен иш-аракеттерди активдештирсин;
- жумушсуздарды жана элет жашоочуларын эмгек рыногу талап кылган
кесиптерге окутсун жана кайра окутуу иштерин жүргүзсүн.
- 45 бизнес-инкубатор түзүү боюнча чара көрсүн.
4. Облустук мамлекеттик администрациялар жамааттарды, өз ара жар-
дамдашуу топторун, кредиттик уюмдарды түзүү жана өнүктүрүү, "Ашар" ме-
тодун жайылтууну андан ары активдештирүү боюнча максаттуу иштерди
күчөтүшсүн.
5. Облустук мамлекеттик администрациялар Кыргыз Республикасынын
Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана соци-
алдык жактан коргоо министрлиги менен бирдикте:
- ар бир райондо реабилитациялык борборлорду түзүү иштерин улан-
тышсын;
- инклюзивдик окутууну ишке киргизүү, ошондой эле мүмкүнчүлүгү
чектелүү адамдарды реабилитациялоого багытталган иш-чараларды активдеш-
тирүү боюнча иштерди күчөтүшсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги, Кыргыз Респуб-
ликасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы
министрлиги педагогикалык жана медициналык кадрларды комплектөөдө жана
каржылоодо кемчиликтерди четтетүү боюнча чараларды көрүшсүн.
7. "Мен кедейчиликти кантип жењдим" деген темада эњ мыкты макала
үчүн калк арасында жалпыга маалымдоо каражаттарында конкурс жарыялан-
сын.
8. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын маалы-
маттык-аналитикалык бөлүмү жогоруда аталган конкурсту өткөрүүнүн крите-
рийлери жөнүндө жобону иштеп чыксын.
9. Облустардын мамлекеттик администрация башчылары "Мен кедейчи-
ликти кантип жендим" темасы боюнча эњ мыкты макалага конкурстун
жењүүчүлөрүн сыйлоо үчүн каражат издеп табышсын.
10. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын тиешелүү башкармалыктарына жана
бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Н.Танаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- Распоряжение Правительства КР от 19 февраля 2004 года № 86-р (Утвердить прилагаемую Программу действий по проведению Года социальной мобилизации и добросовестного управления)Распоряжение · 19.02.2004 · № 86 · Күчүн жоготкон
- Указ Президента КР от 27 декабря 2003 года УП № 418 "Об объявлении 2004 года Годом социальной мобилизации и добросовестного управления"Указ · 27.12.2003 · № 418 · Күчүн жоготкон