# 8-статья. Камсыздандыруу стажы

- Документ: [Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/557)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: КР1997-жылдын 21-июлундагы № 57 "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 57
- Кабыл алынган күнү: 21.07.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 июля 2026 года № 136 «О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Трудовой кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики «О государственном пенсионном социальном страховании»)»](https://aqlex.ai/kg/doc/230050086)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 28.07.2026 [Закон КР от 28 июля 2026 года № 136 «О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Трудовой кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики «О государственном пенсионном социальном страховании»)»](https://aqlex.ai/kg/doc/230050086); 10.05.2024 [Закон КР от 10 мая 2024 года № 84 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О государственном пенсионном социальном страховании", "О тарифах страховых взносов по государственному социальному страхованию")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230005786); 26.04.2023 [Закон Кыргызской Республики от 26 апреля 2023 года № 93 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере государственного социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/112574); 27.04.2018 [Закон КР от 27 апреля 2018 года № 43 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственном пенсионном социальном страховании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111775); 28.12.2006 [Закон КР от 28 декабря 2006 года №218 " О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики «О государственном пенсионном социальном страховании»](https://aqlex.ai/kg/doc/202015); 13.03.2006 [Закон КР от 13 марта 2006 года № 76 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственном пенсионном социальном страховании"](https://aqlex.ai/kg/doc/1866); 18.07.2005 [Закон КР от 18 июля 2005 года № 108 "О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственном пенсионном социальном страховании"](https://aqlex.ai/kg/doc/1706); 04.11.2003 [Закон КР от 4 ноября 2003 года №220 " О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственном пенсионном социальном страховании"](https://aqlex.ai/kg/doc/1347); 11.02.1999 [Закон КР от 11 февраля 1999 года № 22 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственном пенсионном социальном страховании"](https://aqlex.ai/kg/doc/189)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/557#diff=55402..57553>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/557/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/557/edition/1247947/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/557/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө, 8-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/557/st-8

---

1. Пенсияны дайындоо үчүн камсыздандыруу стажына камсыздандырылган адам тарабынан (же ал үчүн) мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча төгүмдөр төлөнгөн мезгил, ошондой эле 1999-жылдын 19-февралына чейин кесиптик башталгыч билим берүү, кесиптик орто билим берүү, жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү уюмдарында, кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо боюнча курстарда окуган мезгилдер гана ушул мезгилге карата камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө жөнүндө документтерди талап кылбастан кошуп эсептелет.

2. Ушул статьянын 1-пунктунда каралган мезгилдер менен катар төмөнкүдөй учурлар да камсыздандыруу стажына эсептелет:

а) аскердик жана ага теңештирилген кызматты өтөө, улуттук коопсуздук, ички иштер, аскерлештирилген күзөт, атайын байланыш органдарында, Мамлекеттик өрткө каршы кызматында жарандык коргонуу бөлүктөрүндө, ведомстволук тиешелүүлүгүнө карабастан, бажы инспекциясында жана финансы полициясында кызмат өтөө;

б) ар бир баланы ал үч жашка толгонго чейин багуу, бирок жалпысынан алганда тогуз жылдан ашпаган;

в) убактылуу эмгекке жарамсыз, кош бойлуу жана төрөт мезгилинде мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча жөлөкпул алып турган;

г) жумушсуздук боюнча жөлөкпул алып турган жана акы төлөнүүчү коомдук иштерге катышкан;

д) эмгекке жарамдуу адамдын I топтогу майыпты, майып баланы 18 жашка толгонго чейин же 80 жашка толгон улгайган адамды баккан;

ж) жазык жоопкерчилигине негизсиз тартылган адамдардын, негизсиз куугунтукка алынган жана кийин акталган адамдардын камакта отурган мезгили жана ушул адамдардын эркиндигинен ажыратуу жайларында жана сүргүндө жүргөн мезгили.

з) анын ичинде жарандардын Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүү күнү.

3. Ушул статьянын 2-пунктунда каралган жана милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу киргизилгенден кийин (1996-жылдын 1-январынан тартып) алынган мезгилдер, эгерде алардын алдында жана (же) алардан кийин кеминде 12 ай камсыздандыруу төгүмдөрү төлөнгөн мезгилдер болсо, камсыздандыруу стажына эсептелет.

4. Пенсия дайындоо үчүн зарыл болгон камсыздандыруу стажын эсептөө ушул статьянын 1 жана 2-пункттарында каралган бардык негиздер боюнча календардык мезгилде жүргүзүлөт.

Ушул Мыйзамдын 9-статьясынын 1-пунктунда көрсөтүлгөн, жекече эсепке алуу киргизилгенден кийин стажы жок адамдарга пенсия, ошондой эле жеңилдетилген шарттардагы, эмгектин өзгөчө шарттары үчүн, майыптыгы боюнча, баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсияларды дайындоо үчүн ушул статьянын 1, 2-пункттарында каралган жана милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу киргизилгенге чейин алынган камсыздандыруу стажынын мезгилдери жумуш берүүчү же компетенттүү орган тарабынан белгиленген тартипте берилүүчү документтердин негизинде эсептелет. Ушул статьянын 1 жана 2-пункттарында каралган жана милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу киргизилгенден кийин алынган камсыздандыруу стажынын мезгилдери жеке камсыздандыруу эсептеринин негизинде эсептелинет. Ушул Мыйзамдын 9-статьясынын 1-пунктунда көрсөтүлгөн, жекече эсепке алуу киргизилгенден кийин стажы жок адамдарга пенсия, ошондой эле жеңилдетилген шарттардагы, эмгектин өзгөчө шарттары үчүн, майыптыгы боюнча, баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсияларды дайындоо үчүн жекече эсепке алуу киргизилгенге чейин камсыздандыруу иш стажын ырастоочу негизги документ болуп эмгек китепчеси саналат."; Эмгек китепчесинде жекече эсепке алуу киргизилгенге чейин так эмес жазуулар байкалган учурда, Социалдык фонд жана анын аймактык органдары жумуш берүүчүлөрдөн жана компетенттүү органдардан тактоо мүнөзүндөгү маалыматтарды суратып алууга милдеттүү. Эмгек китепчесиндеги жазуулардын так эместигине төмөнкүлөр кирет:

- эмгек китепчесинде жана паспортунда фамилиясынын, атынын, атасынын атынын (эгерде мындайлар болсо) жазылышындагы жана туулган датасындагы айырмачылыктар;

- эмгек китепчесинде жумуш берүүчүнүн мөөрүнүн (штампынын) жана жооптуу адамдын кол тамгасынын, кабыл алынган жана иштен бошотулган датанын жоктугу;

- эмгек китепчесиндеги жазууларда жумуш берүүчү уюмдун аталышынын жана аны күбөлөндүрүүчү мөөрдүн (штамптын) бири-бирине дал келбеши;

- эмгек китепчесиндеги жазууларда арыздануучу ээлеген кызмат ордунун аталышынын жоктугу.

Ушул Мыйзамдын 9-статьясынын 1-пунктунда көрсөтүлгөн, жекече эсепке алуу киргизилгенден кийин стажы жок адамдарга пенсияларды, ошондой эле жеңилдетилген шарттардагы, эмгектин өзгөчө шарттары үчүн, майыптыгы боюнча, баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсияларды дайындоо үчүн эмгек китепчесинде камсыздандыруу стажын эсептөө үчүн жекече эсепке алуу киргизилгенге чейинки иштеген ишинин айрым мөөнөттөрү жөнүндө жазуулар жок учурда, камсыздандырылган адамдан архивдик маалымкаттар же камсыздандыруучулардан же компетенттүү органдардан камсыздандырылган стажын тастыктоочу документтер кабыл алынат. Иштеген иши эмгек келишиминин, контракттын же жумуш берүүчү менен башка макулдашуулардын негизинде жүзөгө ашырылган учурда, ушул Мыйзамдын 9-статьясынын 1-пунктунда көрсөтүлгөн, жекече эсепке алуу киргизилгенден кийин стажы жок адамдарга пенсияларды, ошондой эле жеңилдетилген шарттардагы, эмгектин өзгөчө шарттары үчүн, майыптыгы боюнча, баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсияларды дайындоо үчүн камсыздандыруу стажына, камсыздандыруу төгүмдөрү төлөнгөн шарттарда, мындай иштин бүтүндөй мезгили эсептелет. Жекече эсепке алуу киргизилгенден кийин, жеке камсыздандыруу эсебинде эмгек ишмердигинин айрым мезгилдери тууралуу маалыматтар жок болгон учурда, Социалдык фонд жумуш берүүчүлөрдөн жана компетенттүү органдардан камсыздандыруу төгүмдөрүн төккөнү тууралуу маалыматтарды суратып алат, андан кийин аны жеке камсыздандыруу эсебине киргизет. Камсыздандыруу стажын тастыктоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

5. Кыргыз Республикасында туруктуу жашап жаткан чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу акыларын төлөгөн болсо, эгерде эларалык келишимдерде башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын жарандары менен бирдей пенсия дайындалат.

Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттерден Кыргыз Республикасына келишкен адамдардын иштегенине бул мамлекеттердин кайсынысынын аймагында болбосун 1995-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилдеги эмгек стажы эсептелинет, эгерде мурдагы жашаган жеринде камсыздандыруу акысын төлөгөн болсо.

6. Бийик тоолуу шарттарда жашаган жана иштеген мезгили үчүн камсыздандыруу стажы бир жарым эселеген өлчөмдө эсептелет.

(Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 11-февралындагы № 22, 2003-жылдын 4-ноябрындагы № 220, 2005-жылдын 18-июлундагы № 108, 2006-жылдын 13-мартындагы № 76, 2006-жылдын 28-декабрындагы № 218, 2018-жылдын 27-апрелиндеги № 43, 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 93, 2024-жылдын 10-майындагы № 84, 2026-жылдын 28-июлундагы № 136 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/557/st-7)  
Кийинки берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/557/st-9)
