# 7-статья. Пенсиялардын деңгээли

- Документ: [Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/557)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: КР1997-жылдын 21-июлундагы № 57 "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 57
- Кабыл алынган күнү: 21.07.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 мая 2024 года № 84 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О государственном пенсионном социальном страховании", "О тарифах страховых взносов по государственному социальному страхованию")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230005786)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 10.05.2024 [Закон КР от 10 мая 2024 года № 84 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О государственном пенсионном социальном страховании", "О тарифах страховых взносов по государственному социальному страхованию")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230005786); 26.04.2023 [Закон Кыргызской Республики от 26 апреля 2023 года № 93 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере государственного социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/112574); 06.05.2017 [Закон КР от 6 мая 2017 года № 76 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О государственном пенсионном социальном страховании" и "О минимальной заработной плате в Кыргызской Республике")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111584); 06.05.2017 [Закон КР от 6 мая 2017 года № 77 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственном пенсионном социальном страховании"](https://aqlex.ai/kg/doc/111585); 26.07.2011 [Закон КР от 26 июля 2011 года № 128 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственном пенсионном социальном страховании""](https://aqlex.ai/kg/doc/203368); 15.07.2009 [Закон КР от 15 июля 2009 года № 218 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственном пенсионном социальном страховании"](https://aqlex.ai/kg/doc/203181)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/557#diff=3016..11369>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/557/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/557/edition/1247947/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/557/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө, 7-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/557/st-7

---

1. Ушул Мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча жалпы пенсия бириктирилген (базалык жана камсыздандыруу пенсиялары) жана топтолуучу бөлүктөрдөн турат.

2. Пенсиянын базалык бөлүгү - пенсиясынын камсыздандыруу бөлүгү алардын пенсиясы дайындалган датага карата пенсионердин үч жашоо минимумунун чоңдугунан (өткөн жылда иш жүзүндө түзүлгөн) ашпаган адамдарга пенсиянын мамлекет тарабынан кепилденген бөлүгү. Мында пенсиянын базалык бөлүгүнүн жеткирилген суммасы пенсиянын толук базалык бөлүгү менен пенсионердин үч жашоо минимумунун чоңдугун (өткөн жылда иш жүзүндө түзүлгөн) кемитип салгандан кийинки жалпы пенсиянын өлчөмүнүн ортосундагы айырма катары аныкталат.

Пенсиянын базалык бөлүгүнүн өлчөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

3. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылган адамдарга камсыздандыруу стажын жана орточо айлык акыны же топтолгон камсыздандыруу салымдарын эске алуу менен белгиленген жана ушул Мыйзамдын 22-статьянын 3-пунктуна ылайык эсептелген пенсиянын бир бөлүгү пенсиянын камсыздандыруучу бөлүгү болуп эсептелет.

31. Пенсиянын топтолуучу бөлүгү - жеке камсыздандыруу эсебинин топтолуучу бөлүгүндө эсепке алынган жана 22-статьяга ылайык эсептелүүчү пенсиялык топтоолордун суммасынан камсыздандырылган адамга белгиленүүчү пенсиянын бөлүгү.

4. Пенсионерлердин кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу максатында пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүнө индексация жүргүзүлөт. Индексациялоодон мурдагы өткөн календардык жылда республика боюнча орточо эмгек акынын чоңдугунун көлөмүнүн өсүшү пенсиянын базалык бөлүгүнө индексациялоо жүргүзүү үчүн шарт болуп саналат. Эгерде пенсиянын жалпы өлчөмү пенсионердин жашоо минимумунун чоңдугунан (өткөн календардык жылда иш жүзүндө түзүлгөн) төмөн болсо, пенсиянын базалык бөлүгү индексация аркылуу орточо эмгек акынын (республикада өткөн жылда иш жүзүндө түзүлгөн) 12 пайызынан төмөн эмес деңгээлде кармалат. Орточо эмгек акынын чоңдугунун жана индексациянын алдындагы календарлык жылы калыптанган керектөө бааларынын индексинин өсүшү пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоо шарты болуп саналат.

Пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоонун коэффициенти керектөө бааларынын индексинин суммасынын жана мурдагы календардык жылы калыптанган орточо айлык эмгек акынын өсүшүнүн орточо маанисинен кем эмес чоңдугун түзөт. Мында индексациянын өлчөмү өткөн календардык жыл үчүн пенсионердин жашоо минимумунун чоңдугунун өсүшүнүн кем эмесин түзөт. Пенсияларды индексациялоо Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинде каралган каражаттардын чектеринде жыл сайын жүргүзүлөт. Пенсияларды индексациялоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. (Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 15-июлундагы № 218, 2011-жылдын 26-июлундагы № 128, 2017-жылдын 6-майындагы № 76, 2017-жылдын 6-майындагы № 77, 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 93, 2024-жылдын 10-майындагы № 84 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/557/st-6)  
Кийинки берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/557/st-8)
