# 34-статья. Пенсиялардан кармап калуу

- Документ: [Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/557)
- Документтеги орду: VI бөлүм
- Толук аталышы: КР1997-жылдын 21-июлундагы № 57 "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 57
- Кабыл алынган күнү: 21.07.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 26 апреля 2023 года № 93 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере государственного социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/112574)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 26.04.2023 [Закон Кыргызской Республики от 26 апреля 2023 года № 93 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере государственного социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/112574); 17.11.2016 [Закон КР от 17 ноября 2016 года № 178 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам государственного социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/111457)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/557#diff=1247988..1247989>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/557/st-34>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/557/edition/1247947/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/557/st-34.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө, 34-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/557/st-34

---

1. Пенсиялардан кармап калуу төмөндөгү негиздер боюнча гана:

а) аткарылышы Кыргыз Республикасынын жарандык жана кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык соттук чечимдерди аткаруу үчүн белгиленген тартипте жүргүзүлө турган соттук чечимдердин, аныктамалардын, токтомдордун жана өкүмдөрдүн (мүлктүк жаза-чаралары жагында), нотариалдык конторалардын аткаруучу жазууларынын жана башка чечимдердин жана токтомдордун негизинде;

б) Социалдык фонддун аймактык органдарынын пенсионер тарабынан кыянаттык кылуунун натыйжасында (атайылап анык эмес жазылган маалыматтары бар документтерди берүүнүн, үй-бүлө мүчөлөрүнүн курамындагы өзгөрүүлөр жөнүндө маалыматтарды бербөөнүн натыйжасында) ага ашык төлөнгөн пенсиялардын суммасын өндүрүп алуу үчүн чыгарылган чечимдеринин негизинде жүргүзүлөт.

2. Пенсиядан кармап калуунун өлчөмү пенсионерге төлөнүүгө тийиш болгон суммадан эсептелет, бирок ал айлык пенсиянын 50 процентинен жогору болбоого тийиш.

Кармап калуу Социалдык фонддун аймактык органдарынын чечиминин негизинде айлык пенсиянын 20 проценттен ашпаган өлчөмүндө жүргүзүлөт.

3. Бардык учурларда пенсиялардан кармап калуу табылган карыз толук тындырылганга чейин жүргүзүлөт.

Пенсия төлөө карыз толук тындырылганга чейин токтотулган учурда (мисалы, эмгекке жарактуулугу калыбына келишинин натыйжасында) калган карыз сот тартибинде өндүрүлөт. (Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 17-ноябрындагы № 178, 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 93 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [332-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/557/st-332)  
Кийинки берене: [35-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/557/st-35)
