# 332-статья. Пенсияларды дайындаганга жана төлөгөнгө керектелүүчү маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик

- Документ: [Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/557)
- Документтеги орду: VI бөлүм
- Толук аталышы: КР1997-жылдын 21-июлундагы № 57 "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 57
- Кабыл алынган күнү: 21.07.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 4 ноября 2003 года №220 " О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственном пенсионном социальном страховании"](https://aqlex.ai/kg/doc/1347)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/557#diff=1247958..1247959>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/557/st-332>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/557/edition/1247947/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/557/st-332.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө, 332-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/557/st-332

---

1. Пенсияларды дайындаганга жана төлөгөнгө керектелүүчү документтерди берген камсыздандырылган адамдар, жумуш берүүчүлөр жана компетенттүү органдар ошол документтерде камтылган маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат.

2. Эгерде ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн милдеттерди аткарбоо же тиешелүү түрдө аткарбоо пенсия дайындаганга жана төлөгөнгө документтерди берген жумуш берүүчү жана компетенттүү орган мамлекеттик пенсиялык камсыздандырууну жүзөгө ашырган органга келтирилген зыяндын ордун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте толтуруп берет.

3. Камсыздандырылган адамдарга пенсияларды туура эмес дайындоого жана төлөөгө алып келген анык эмес документтер кызмат адамдары тарабынан атайылап берилсе, эгерде бул маалыматтар ири зыян алып келсе, алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш-жазык же администрациялык жоопкерчиликке кириптер кылат.

(КР 2003-жылдын 4-ноябрындагы № 220 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [331-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/557/st-331)  
Кийинки берене: [34-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/557/st-34)
