# 33-статья. Чет өлкөгө туруктуу жашоого кеткен граждандарга пенсия төлөө

- Документ: [Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/557)
- Документтеги орду: VI бөлүм
- Толук аталышы: КР1997-жылдын 21-июлундагы № 57 "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 57
- Кабыл алынган күнү: 21.07.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 мая 2024 года № 84 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О государственном пенсионном социальном страховании", "О тарифах страховых взносов по государственному социальному страхованию")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230005786)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 10.05.2024 [Закон КР от 10 мая 2024 года № 84 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О государственном пенсионном социальном страховании", "О тарифах страховых взносов по государственному социальному страхованию")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230005786); 26.04.2023 [Закон Кыргызской Республики от 26 апреля 2023 года № 93 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере государственного социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/112574); 03.08.2013 [Закон КР от 3 августа 2013 года № 186 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203996); 15.07.2009 [Закон КР от 15 июля 2009 года № 218 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственном пенсионном социальном страховании"](https://aqlex.ai/kg/doc/203181); 28.12.2006 [Закон КР от 28 декабря 2006 года №218 " О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики «О государственном пенсионном социальном страховании»](https://aqlex.ai/kg/doc/202015); 04.11.2003 [Закон КР от 4 ноября 2003 года №220 " О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственном пенсионном социальном страховании"](https://aqlex.ai/kg/doc/1347)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/557#diff=3016..11369>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/557/st-33>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/557/edition/1247947/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/557/st-33.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө, 33-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/557/st-33

---

1. Граждандарга алар чет өлкөгө туруктуу жашаганга кетип жатышына байланыштуу каттоодон чыгуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун аймактык органдарына арыз берген айдан тартып Кыргыз Республикасында дайындалган пенсиялар алар пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө мамлекеттер аралык макулдашуулар (келишимдер) түзүлбөгөн мамлекеттерге кеткенде 3 айлык пенсиясы төлөнөт. Бул граждандар чет өлкөдө жашаган мезгилде эмгектик мертинүүнүн же кесиптик дартка чалдыгуунун натыйжасында дайындалган пенсиялар гана төлөнөт.

Пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө эларалык келишим түзүлгөн мамлекетке туруктуу жашаганга кеткенге чейин Кыргыз Республикасынын жарандарына дайындалган пенсия, эгерде эларалык келишимде башкача каралбаса, чет мамлекетке туруктуу жашаганга кетип жаткандыгына байланыштуу каттоодон чыгуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун аймактык органдарына арыз берген ай боюнча төлөнөт.

2. Эмгектик мертинүүнүн же кесиптик дартка чалдыгуунун натыйжасында дайындалган пенсияларды башка өлкөлөргө которуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

3. Республиканын чегинен тышкары жактарга туруктуу жашоого кетип жаткан жарандын жеке камсыздандыруу эсебинин топтоочу бөлүгүндө чагылдырылган пенсиялык топтоолордун суммалары анын арызы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген эрежелерге ылайык төлөнөт.

4. Пенсионер Кыргыз Республикасына туруктуу жашоого кайтып келген учурда пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрү чыгып кеткен учурга карата алып келген өлчөмдө кайра төлөнө баштайт. Мында пенсиянын базалык бөлүгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген өлчөмдөн кем эмес өлчөмдө калыбына келтирилет.

Пенсионерге пенсиянын топтолуучу бөлүгүн төлөп берүү жеке камсыздандыруу эсебинин топтолуучу бөлүгүнө каражат түшкөн учурда гана жүргүзүлүшү мүмкүн. (Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 4-ноябрындагы № 220, 2006-жылдын 28-декабрындагы № 218, 2009-жылдын 15-июлундагы № 218, 2013-жылдын 3-августундагы № 186, 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 93, 2024-жылдын 10-майындагы № 84 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [32-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/557/st-32)  
Кийинки берене: [331-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/557/st-331)
