# 32-статья. Пенсионердин өлүмүнө байланыштуу алынбай калган пенсияны жана пенсиялык топтоолорду жана көмүү пособиесин төлөө

- Документ: [Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/557)
- Документтеги орду: VI бөлүм
- Толук аталышы: КР1997-жылдын 21-июлундагы № 57 "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 57
- Кабыл алынган күнү: 21.07.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 мая 2024 года № 84 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О государственном пенсионном социальном страховании", "О тарифах страховых взносов по государственному социальному страхованию")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230005786)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 10.05.2024 [Закон КР от 10 мая 2024 года № 84 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О государственном пенсионном социальном страховании", "О тарифах страховых взносов по государственному социальному страхованию")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230005786); 26.04.2023 [Закон Кыргызской Республики от 26 апреля 2023 года № 93 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере государственного социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/112574); 03.08.2013 [Закон КР от 3 августа 2013 года № 186 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203996); 15.07.2009 [Закон КР от 15 июля 2009 года № 218 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственном пенсионном социальном страховании"](https://aqlex.ai/kg/doc/203181); 28.12.2006 [Закон КР от 28 декабря 2006 года №218 " О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики «О государственном пенсионном социальном страховании»](https://aqlex.ai/kg/doc/202015); 04.07.2005 [Закона КР от 4 июля 2005 года № 91 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О государственном пенсионном социальном страховании"](https://aqlex.ai/kg/doc/1689); 11.08.2004 [Закон КР от 11 августа 2004 года № 112 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственном пенсионном социальном страховании" и Закон Кыргызской Республики "О пенсионном обеспечении военнослужащих"](https://aqlex.ai/kg/doc/1511)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/557#diff=3016..11369>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/557/st-32>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/557/edition/1247947/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/557/st-32.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө, 32-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/557/st-32

---

1. Пенсионердин өлгөндүгүнө байланыштуу алынбай калган пенсияны ата-энеси, жубайы, балдары бирдей үлүштөрдө алууга, ал эми алар жок болгондо мураска укуктуу үй-бүлө мүчөлөрү алууга укуктуу.

Пенсионердин өлгөндүгүнө байланыштуу алынбай калган пенсияны төлөө жагындагы доонун эскиргендиги Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган мөөнөттөргө ылайык белгиленет.

11. Камсыздандырылган адам каза болгон учурда жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндөгү пенсиялык топтоолору Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык мураскорлорго төлөнөт.

Ката болгон камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндөгү пенсиялык топтоолорунан мураскорлорго пенсиялык төлөмдөрдү берүүнүн мөөнөтү жана тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. Каза болгон камсыздандырылган адамдын пенсиялык топтоолорун алууга укуктуу мураскорлору болбогондо мураскорлук ачылган күндөн тартып бир жыл бүткөндөн кийин ал каражаттар Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фондунда калат.

2. Пенсионер каза болгон учурда, каза болгон адамды көмүүнү жүзөгө ашырган адамга ал кайрылгандан кийин эки жуманын ичинде 300 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө көмүүгө жөлөкпул төлөнөт. Бул жөлөкпулду төлөө доосунун эскириши Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган мөөнөттөргө ылайык белгиленет.

3. Эгерде пенсионерди көмүү анын үй-бүлө мүчөсү болуп эсептелбеген адамдар тарабынан жүзөгө ашырылса, ырастоочу документтер берилгенде көмүү пособиеси ошол адамдарга төлөнөт.

(Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 11-августундагы № 112, 2005-жылдын 4-июлундагы № 91, 2006-жылдын 28-декабрындагы № 218, 2009-жылдын 15-июлундагы № 218, 2013-жылдын 3-августундагы № 186, 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 93, 2024-жылдын 10-майындагы № 84 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [31-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/557/st-31)  
Кийинки берене: [33-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/557/st-33)
