# 27-статья. Пенсияларды төлөө

- Документ: [Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/557)
- Документтеги орду: VI бөлүм
- Толук аталышы: КР1997-жылдын 21-июлундагы № 57 "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 57
- Кабыл алынган күнү: 21.07.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 июня 2026 года № 93 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда, социального обеспечения и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230048140)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/557#diff=11369..55402>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/557/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/557/edition/1247947/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/557/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө, 27-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/557/st-27

---

1. Өткөн ай үчүн пенсиялар пенсионерлердин каалоосу боюнча алардын банктык же башка кредиттик уюмдардагы эсептерине чегерүү же болбосо почта кызматынын уюмдары же Социалдык фонддун бөлүмдөрү тарабынан жашаган жерге жеткирүү жолу менен төлөнөт.

2. Пенсияны төлөөнү беш күндөн ашык кечиктирүү мөөнөтү өткөн ар бир күн үчүн төлөнбөгөн сумманын 0,15 пайызы өлчөмүндө туумду кошуп эсептөөгө алып келет.

Ушул бөлүктүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн туумдардын жалпы суммасы карыздын негизги суммасынын 200 пайызынан ашпашы керек. Туумдардын эң жогорку суммасына бул чектөө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу органдары тарабынан пенсияларды төлөөнүн мөөнөтү өткөрүлгөн күндөн тартып пенсионер карыздын мөөнөтү өткөн суммасын төлөп берүү жөнүндө жазуу жүзүндө талап койгон күнгө чейинки мезгилге карата гана колдонулат. Пенсионер Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу органдарына карыздын мөөнөтү өткөн суммасын төлөп берүү жөнүндө жазуу жүзүндө талап койгондон кийин туумдардын эң жогорку суммасына чектөө колдонулбайт жана ушул бөлүктө көрсөтүлгөн туумдар иш жүзүндө эсептешүү күнүнө чейин кошуп эсептелет. Ушул статья пенсия төлөөнүн белгиленген мөөнөтү бузулган учурда колдонулат.

3. Пенсияны төлөө Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында жүргүзүлөт.

Пенсияларды өз убагында төлөбөө Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган жоопкерчиликке алып келет.

4. Ушул берененин 2-бөлүгүнүн жоболору ал жеткис күчтүн жагдайлары (форс-мажор) келип чыкканда колдонулбайт.

(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 23-июнундагы № 93 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [263-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/557/st-263)  
Кийинки берене: [28-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/557/st-28)
