# 262-статья. Пенсия төлөөнү токтото туруу жана кайтадан баштоо

- Документ: [Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/557)
- Документтеги орду: VI бөлүм
- Толук аталышы: КР1997-жылдын 21-июлундагы № 57 "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 57
- Кабыл алынган күнү: 21.07.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 мая 2024 года № 84 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О государственном пенсионном социальном страховании", "О тарифах страховых взносов по государственному социальному страхованию")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230005786)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 10.05.2024 [Закон КР от 10 мая 2024 года № 84 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О государственном пенсионном социальном страховании", "О тарифах страховых взносов по государственному социальному страхованию")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230005786); 04.11.2003 [Закон КР от 4 ноября 2003 года №220 " О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственном пенсионном социальном страховании"](https://aqlex.ai/kg/doc/1347)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/557#diff=3016..11369>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/557/st-262>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/557/edition/1247947/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/557/st-262.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө, 262-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/557/st-262

---

1. Пенсияларды берүү төмөндөгүдөй учурларда токтотула турат:

а) пенсионер дайындалган пенсиясын удаасы менен үч ай бою албаса - мөөнөтү өткөн айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып пенсия алынбай калган бүткүл мезгилге;

б) майып-пенсионер медициналык-социалдык эксперттик комиссия кайтадан күбөлөндүрүү дайындаган мөөнөткө келбей койгондо - кайтадан күбөлөндүрүүнүн көрсөтүлгөн мөөнөтү өтүп кеткен айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып үч айга;

в) 18 жашка чыккан күндөн тартып кесиптик башталгыч, орто жана жогорку окуу жайларында окугандыгын ырастаган документ берилбегенде - ушул Мыйзамдын 18-статьясынын 4-пунктуна ылайык баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсия алуучу окуучу же студент төрөлгөн айдан кийинки үч айга.

2. Ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн жагдайлар четтетилгенде пенсияларды төлөө ал токтотула турган күнгө карата кандай өлчөмдө төлөнүп келсе, ошол өлчөмдө кайтадан башталат. Пенсияны төлөө кайтадан башталганда ал 26-статьяда каралган негиздерде жана тартипте кайра эсептелүүгө тийиш.

(КР 2003-жылдын 4-ноябрындагы № 220, 2024-жылдын 10-майындагы № 84 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [261-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/557/st-261)  
Кийинки берене: [263-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/557/st-263)
