# 261-статья. Пенсияларды кайра эсептөө жана анын мөөнөттөрү

- Документ: [Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/557)
- Документтеги орду: VI бөлүм
- Толук аталышы: КР1997-жылдын 21-июлундагы № 57 "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 57
- Кабыл алынган күнү: 21.07.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 мая 2024 года № 84 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О государственном пенсионном социальном страховании", "О тарифах страховых взносов по государственному социальному страхованию")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230005786)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 10.05.2024 [Закон КР от 10 мая 2024 года № 84 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О государственном пенсионном социальном страховании", "О тарифах страховых взносов по государственному социальному страхованию")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230005786); 06.05.2017 [Закон КР от 6 мая 2017 года № 76 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О государственном пенсионном социальном страховании" и "О минимальной заработной плате в Кыргызской Республике")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111584); 28.12.2006 [Закон КР от 28 декабря 2006 года №218 " О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики «О государственном пенсионном социальном страховании»](https://aqlex.ai/kg/doc/202015); 04.11.2003 [Закон КР от 4 ноября 2003 года №220 " О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственном пенсионном социальном страховании"](https://aqlex.ai/kg/doc/1347)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/557#diff=3016..11369>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/557/st-261>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/557/edition/1247947/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/557/st-261.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө, 261-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/557/st-261

---

1. Пенсияларды кайра эсептөө пенсиялар жогорулаганда, индексацияланганда же пенсияны кайра эсептегенде, пенсионер 80 жашка толгондо, майыптыгынын тобу, үй-бүлө мүчөлөрүнүн саны өзгөргөндө же багар-көрөрүнөн айрылгандыгына байланыштуу пенсия алуучулардын категориялары өзгөргөндө, ошондой эле иш стажы жөнүндө кошумча документтерди бергенде жүргүзүлөт.

2. Ушул статьянын 3-пунктунда каралган учурларды кошпогондо, пенсияны кайра эсептөө:

пенсияны жогорулатуу, индексациялоо жана кайра эсептөө жөнүндө көрсөтүлгөн күндөн тартып; пенсияларды кайра эсептөөдөн келип чыккан жагдайлардан улам андан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып жүргүзүлөт.

3. Майыптыгынын тобу өзгөргөндүгүнө байланыштуу пенсияны кайра эсептөө төмөндөгүдөй тартипте жүргүзүлөт:

а) майыптыктын алда канча жогорку тобу белгиленгенде - медициналык-социалдык эксперттик комиссия тарабынан тиешелүү чечим чыгарылган күндөн тартып;

б) майыптыктын алда канча төмөнкү тобу белгиленгенде - майыптыгынын мурдагы тобу алынган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып.

4. Пенсионерлердин пенсияны кайра эсептөө жөнүндөгү арызы керек болгон бардык документтер менен кабыл алынган күндөн тартып беш күндөн кечиктирилбестен каралат. Пенсияны кайра эсептөөдөн баш тарткан учурда мамлекеттик пенсиялык камсыздандырууну жүзөгө ашыруучу орган тиешелүү чечим чыгарылгандан кийин беш күндөн кечиктирбестен бул тууралу арыз ээсине кабарлайт жана андан баш тартуунун себептери жана даттануунун тартиби көрсөтүлөт жана ошол эле мезгилде кайрылган адамга документтерди кайтарып берет.

5. (КР 2024-жылдын 10-майындагы № 84 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2003-жылдын 4-ноябрындагы № 220, 2006-жылдын 28-декабрындагы № 218, 2017-жылдын 6-майындагы № 76, 2024-жылдын 10-майындагы № 84 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [26-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/557/st-26)  
Кийинки берене: [262-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/557/st-262)
