251-статья. Пенсияларды дайындоонун мөөнөттөрү
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · VI бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 28 декабря 2006 года №218
251-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 251-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1. Пенсия камсыздандырылган адам пенсия алуу үчүн кайрылган күндөн тартып дайындалат, бирок ал камсыздандырылган адамдын пенсияга чыгуу укугу пайда болгон күндөн мурда болушу мүмкүн эмес.
2. Камсыздандырылган адам пенсия алам деп кайрылган күн мамлекеттик пенсиялык камсыздандырууну жүзөгө ашыруучу органдын пенсия дайындоого арызды керек болуучу бардык документтер менен кабыл алган күн эсептелет. Эгерде аталган арыз почта аркылуу жөнөтүлсө жана керек болуучу бардык документтер тиркелсе, пенсия алуу үчүн кайрылган күн деп ал арыз жөнөтүлгөн жердин почталык штемпелинде көрсөтүлгөн күн эсептелинет.
3. Эгерде берилген документтерде жана милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында жекече (индивидуалдык) эсепке алуунун маалыматтарында пенсия дайындоого керек болгон маалыматтар жок болсо, мамлекеттик пенсиялык камсыздандыруучу орган кайрылган камсыздандырылган адамга анын кандай документтерди кошумча бериши керектигин түшүндүрөт. Эгерде мындай документтер тиешелүү түшүнүк алынган күндөн тартып үч айдан кечиктирилбестен берилсе, пенсия алуу үчүн кайрылган күн деп пенсия дайындоо жөнүндө арыз кабыл алынган күн же ушул арыз жөнөтүлгөн жердин почталык штемпелинде көрсөтүлгөн күн эсептелинет.
Социалдык фонддун аймактык органдары камсыздандырылган адамга пенсия дайындоого керек болгон документтерди алууда жана жол-жоболоштурууда консультация берүүгө жана жардам көрсөтүүгө милдеттүү.
4. Пенсия алам деп кайрылган камсыздандырылган адамга ушул статьянын 2-пунктунда аныкталган күндөн мурдараак пенсиялар төмөндөгүдөй дайындалат:
а) майыптыгы боюнча пенсия - камсыздандырылган адам майып деп табылган күндөн тартып, эгерде пенсия алам деп ошол күндөн тартып үч айдан кечиктирбестен кайрылса, ал эми бул мөөнөттү өткөрүп жибергенде пенсия алам деп кайрылган күндөн үч ай мурун;
б) багар-көрөрүнөн айрылгандыгына байланыштуу - баккан адамы өлгөн күндөн тартып, эгерде ал адам өлгөн күндөн тартып алты айдан кечиктирбестен кайрылса дайындалат, ал эми бул мөөнөт өтүп кеткенде - пенсия алам деп кайрылган күндөн алты ай мурда.
5. Пенсия дайындоо же пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү жөнүндөгү арыз ал кабыл алынган күндөн тартып 15 күндөн кечиктирилбестен же ушул статьянын 3-пунктуна ылайык кошумча документтер берилген күндөн тартып каралат. Аталган арызды канааттандыруудан баш тарткан учурда мамлекеттик пенсиялык камсыздандыруучу орган тиешелүү чечим чыгарылган күндөн тартып беш күндөн кечиктирбестен бул тууралу арыздануучуга кабарлайт, анда баш тартуунун себептери жана ал боюнча даттануунун тартиби көрсөтүлөт жана ошол эле мезгилде кайрылган адамга документтерди кайтарып берет.
(КР 2003-жылдын 4-ноябрындагы № 220, 2006-жылдын 28-декабрындагы № 218 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
251-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 28 декабря 2006 года №218 " О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики «О государственном пенсионном социальном страховании»Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 4 ноября 2003 года №220 " О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственном пенсионном социальном страховании"Редакцияларды салыштыруу
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/557/st-251" title="251-статья - Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>