# 24-статья. Пенсия дайындоонун жана кайра эсептөөнүн тартиби

- Документ: [Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/557)
- Документтеги орду: VI бөлүм
- Толук аталышы: КР1997-жылдын 21-июлундагы № 57 "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 57
- Кабыл алынган күнү: 21.07.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 26 апреля 2023 года № 93 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере государственного социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/112574)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 26.04.2023 [Закон Кыргызской Республики от 26 апреля 2023 года № 93 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере государственного социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/112574); 04.11.2003 [Закон КР от 4 ноября 2003 года №220 " О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственном пенсионном социальном страховании"](https://aqlex.ai/kg/doc/1347)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/557#diff=1247988..1247989>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/557/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/557/edition/1247947/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/557/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө, 24-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/557/st-24

---

1. Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө Кыргыз Республикасында мамлекеттик пенсиялык камсыздандырууну жүзөгө ашыруучу орган тарабынан ушул Мыйзамга ылайык жүргүзүлөт.

2. Пенсия дайындоо үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси, пенсия дайындоо жана кайра эсептөө үчүн кайрылуунун, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүүнүн эрежелери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

3. Мамлекеттик пенсиялык камсыздандырууну жүзөгө ащыруучу орган юридикалык жана жеке жактардан пенсияларды дайындоо жана кайра эсептөө үчүн зарыл болгон документтерди берүүнү талап кылууга, ошондой эле тиешелүү учурларда алардын берилишинин негиздүүлүгүн жана аныктыгын текшерүүгө укуктуу.

(Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 16-октябрындагы № 144, 2003-жылдын 4-ноябрындагы № 220, 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 93 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Караңыз: КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 12-январындагы № 10 "Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө үчүн кайрылуунун, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүүнүн тартиби жөнүндө жобону жана Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү үчүн зарыл болгон документтердин тизмесин бекитүү тууралуу" токтому

---

Мурунку берене: [23-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/557/st-23)  
Кийинки берене: [25-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/557/st-25)
