# 22-статья. Пенсиянын өлчөмүн эсептөө

- Документ: [Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/557)
- Документтеги орду: V бөлүм
- Толук аталышы: КР1997-жылдын 21-июлундагы № 57 "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 57
- Кабыл алынган күнү: 21.07.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 мая 2024 года № 84 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О государственном пенсионном социальном страховании", "О тарифах страховых взносов по государственному социальному страхованию")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230005786)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 10.05.2024 [Закон КР от 10 мая 2024 года № 84 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О государственном пенсионном социальном страховании", "О тарифах страховых взносов по государственному социальному страхованию")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230005786); 26.04.2023 [Закон Кыргызской Республики от 26 апреля 2023 года № 93 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере государственного социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/112574); 06.05.2017 [Закон КР от 6 мая 2017 года № 76 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О государственном пенсионном социальном страховании" и "О минимальной заработной плате в Кыргызской Республике")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111584); 03.08.2013 [Закон КР от 3 августа 2013 года № 186 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203996); 26.07.2011 [Закон КР от 26 июля 2011 года № 128 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственном пенсионном социальном страховании""](https://aqlex.ai/kg/doc/203368); 15.07.2009 [Закон КР от 15 июля 2009 года № 218 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственном пенсионном социальном страховании"](https://aqlex.ai/kg/doc/203181); 28.12.2006 [Закон КР от 28 декабря 2006 года №218 " О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики «О государственном пенсионном социальном страховании»](https://aqlex.ai/kg/doc/202015); 04.11.2003 [Закон КР от 4 ноября 2003 года №220 " О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственном пенсионном социальном страховании"](https://aqlex.ai/kg/doc/1347); 19.10.1999 [Закон КР от 19 октября 1999 года №113 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственном пенсионном социальном страховании"](https://aqlex.ai/kg/doc/276); 11.02.1999 [Закон КР от 11 февраля 1999 года № 22 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственном пенсионном социальном страховании"](https://aqlex.ai/kg/doc/189)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/557#diff=3016..11369>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/557/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/557/edition/1247947/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/557/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө, 22-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/557/st-22

---

1. Жалпы пенсия (ЖП) бардык учурларда камсыздандырылгандардын жекече эсеби (ЖЭ1) киргизилгенге чейинки стажын жана иштеп тапканын жана жекече эсеби (ЖЭ2) киргизилгенден кийин камсыздандыруу эсептеринде топтолгон салымдардын суммасын эске алуучу пенсиянын базалык (Б) жана камсыздандыруучу бөлүктөрүнүн суммасы катары:

ЖП=Б+ЖЭ1+ЖЭ2

формуласы боюнча эсептелет, мында: ЖП - жалпы бир айлык пенсия; Б - пенсиянын базалык бөлүгү; ЖЭ1 - жекече эсеп киргизилгенге чейинки камсыздандыруучу бөлүктүн бир айлык өлчөмү; ЖЭ2 - жекече эсеп киргизилгенден кийинки камсыздандыруучу бөлүктүн бир айлык өлчөмү:

2. Пенсиянын базалык бөлүгү ушул Мыйзамдын 7-статьясынын 2-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келген пенсионерлерди социалдык коргоонун негизги куралы болуп саналат.

3. Пенсиялардын камсыздандыруучу бөлүктөрү эки формула боюнча эсептелет:

а) жекече эсепке алуу киргизилгенге чейин:

ЖЭ1 = С х А,

мында: С - жекече эсепке алууга чейин ар бир толук жыл үчүн 1 пайыз өлчөмүндө эсептелген камсыздандыруу стажы. Ушул Мыйзамдын 9-статьясынын 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга пенсия дайындоодо жекече эсепке алуу киргизилгенге чейинки камсыздандыруу стажына андан ары стажын жыл сайын бир жылга азайтуу менен, эгерде андан кийин камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө мезгилдери 12 айдан кем эмес болсо, эркектер үчүн 17 жыл жана аялдар үчүн 12 жыл эсептелет. A - ЖЭ 1ди эсептөө үчүн айлык акы (киреше) камсыздандыруу стажына жараша пайыздар менен 20 эсептик көрсөткүчтөн эсептелет: 15 жылга чейин - 200 пайыз, 15 жылдан 20 жылга чейин - 250 пайыз, мында айлык акыга райондук коэффициент белгиленген жерлерде айлык акы белгиленген райондук коэффициентти эске алуу менен кабыл алынат;

б) жекече эсеп киргизилгенден кийин жана камсыздандыруу салымдарынын суммалары жеке эсептерде топ- толгондон кийин:

ЖЭ2=С х К, мында: С - ай сайын төлөөгө эсептегенде (С:12 ай) салымдардын камсыздандыруу эсебинде топтолгон сумма; К - курагы боюнча пенсияга чыгуу жашына карата Кыргыз Республи касынын Улуттук статистика комитетинин акыркы беш жылдын ичин де эркектердин жана аялдардын өмүрүнүн орточо узактыгы жөнүндө анык демографиялык маалыматтары боюнча жыл сайын белгиленүүчү актуардык коэффициент. "К" актуалдык коэффициенти жыл сайын эсептелинет. Ал мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча Байкоо кеңешинде каралат жана бекитилет.

31. Пенсиянын топтолуучу бөлүгү жеке камсыздандыруу эсебинин топтолуучу бөлүгүндө пенсиялык топтоолору бар алуучуларга дайындалат жана төлөнөт.

Пенсиянын топтолуучу бөлүгүн эсептөөнү жана төлөөнү Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фонддун же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык мамлекеттик эмес топтолуучу пенсиялык фонддун каражаттарынан жүргүзөт.

32. Каза болгон баккан адамдын пенсиялык топтоолору ушул Мыйзамдын 32-статьясына ылайык төлөнөт.

4. Текстиль өндүрүшүндө иштеген кызматкерлерге жана эмгектин өзгөчө шарттары үчүн, № 2 тизме боюнча дайындала турган жана жумуш берүүчүнүн каражаттарынан төлөнө турган пенсиялар ушул статьянын 2- пунктуна жана 3-пунктунун «а» пунктчасына ылайык ЖП=Б+ЖЭ1 формуласы боюнча жүргүзүлөт.

Топтолгон камсыздандыруу акыларынан камсыздандыруунун экинчи бөлүгүн (ЖЭ2) эсептөө жана аны төлөп берүү жумуш берүүчү тарабынан пенсия дайындалган учурда пенсионердин жашаган жериндеги Социалдык фонддун органдары тарабынан жүргүзүлөт; Текстиль өндүрүшүнүн жумушчуларына жана эмгектин өзгөчө шарттары үчүн жумуш берүүчүнүн каражаттарынан дайындалуучу жана төлөнүүчү № 2 тизме боюнча пенсиялар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүргүзүлүүчү кайра эсептөөдөн өтүүгө тийиш.

5. Жеке камсыздандыруу эсебинин шарттуу бөлүгүндө эсепке алынган, пенсия дайындалган датага чейинки топтолгон төгүмдөрдүн аларды төлөп жүргөн бүткүл мезгилиндеги суммасы өткөн календардык жылда иш жүзүндө түзүлгөн керектөө бааларынын индексинин чоңдугуна жараша жыл сайын индексацияланат.

(Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 25-июнундагы № 81, 1998-жылдын 12-сентябрындагы № 120, 1999-жылдын 11-февралындагы № 22, 1999-жылдын 19-октябрындагы № 113, 2003-жылдын 4-ноябрындагы № 220, 2006-жылдын 28-декабрындагы № 218, 2009-жылдын 15-июлундагы № 218, 2011-жылдын 26-июлундагы № 128, 2013-жылдын 3-августундагы № 186 , 2017-жылдын 6-майындагы № 76, 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 93, 2024-жылдын 10-майындагы № 84 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/557/st-21)  
Кийинки берене: [221-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/557/st-221)
