# 19-статья. Баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсиялардын өлчөмү

- Документ: [Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/557)
- Документтеги орду: IV бөлүм
- Толук аталышы: КР1997-жылдын 21-июлундагы № 57 "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 57
- Кабыл алынган күнү: 21.07.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 16 февраля 2024 года № 48 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О государственном пенсионном социальном страховании", "О государственных пособиях в Кыргызской Республике")](https://aqlex.ai/kg/doc/230001680)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/557#diff=1247989..3016>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/557/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/557/edition/1247947/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/557/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө, 19-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/557/st-19

---

1. Баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсия ушул Мыйзамдын 15-статьясынын 2-пунктуна ылайык баккан адамдын II топтогу майыптыгы боюнча пенсиянын белгиленген базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүнүн ыктымалдуу суммасы катары эсептелет жана төмөнкүдөй өлчөмдөрдө дайындалат:

багуусунда бир адам болгондо - 50 пайызы; багуусунда эки адам болгондо - 90 пайызы; багуусунда үч адам болгондо - 120 пайызы; багуусунда төрт жана андан ашык адам болгондо - 150 пайызы өлчөмүндө.

2. Эгерде баккан адам каза болгон учурда пенсия алуучу болуп саналса, анда баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсия ушул статьянын 1-пунктунда белгиленген өлчөмдөрдө багуусундагы адамдардын санына жараша каза болгонго чейин алынуучу пенсиясынын өлчөмүнөн эсептелет.

Эгерде каза болгон баккан адам I топтогу майыптыгы боюнча пенсия алуучу болуп саналса, анда баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсия ушул Мыйзамдын 17-статьясынын 4-пунктунда белгиленген анын пенсиясынын өлчөмүнөн эсептелет.

3. Баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсия алуучу ар бир баланын пенсиясынын базалык бөлүгүнүн өлчөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген пенсиялык камсыздоого алардын укугу жок болгондо ата-энесинин биринен же экөөнөн тең айрылган учурда балдарга ар айлык социалдык жөлөкпулдун өлчөмүнөн төмөн болбоого тийиш.

(КР 2024-жылдын 16-февралындагы N 48 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/557/st-18)  
Кийинки берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/557/st-20)
