# 18-статья. Баккан адамынан айрылгандыгына байланыштуу пенсия алуу укугу

- Документ: [Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/557)
- Документтеги орду: IV бөлүм
- Толук аталышы: КР1997-жылдын 21-июлундагы № 57 "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 57
- Кабыл алынган күнү: 21.07.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 мая 2024 года № 84 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О государственном пенсионном социальном страховании", "О тарифах страховых взносов по государственному социальному страхованию")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230005786)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 10.05.2024 [Закон КР от 10 мая 2024 года № 84 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О государственном пенсионном социальном страховании", "О тарифах страховых взносов по государственному социальному страхованию")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230005786); 20.03.2008 [Закон КР от 20 марта 2008 года № 34 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О государственном пенсионном социальном страховании"](https://aqlex.ai/kg/doc/202243); 17.08.2006 [Закон КР от 17 августа 2006 года №173 "О внесении дополнения и изменения в Закон Кыргызской Республики «О государственном пенсионном социальном страховании»](https://aqlex.ai/kg/doc/1964); 13.03.2006 [Закон КР от 13 марта 2006 года № 76 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственном пенсионном социальном страховании"](https://aqlex.ai/kg/doc/1866); 04.11.2003 [Закон КР от 4 ноября 2003 года №220 " О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственном пенсионном социальном страховании"](https://aqlex.ai/kg/doc/1347)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/557#diff=3016..11369>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/557/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/557/edition/1247947/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/557/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө, 18-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/557/st-18

---

1. Эгерде баккан адамдын өлгөн күнгө карата ага майыптыгы боюнча пенсия дайындоо үчүн зарыл болгон стажы болсо (ушул Мыйзамдын 15-статьясы), өлгөн адамдын багуусунда болгон эмгекке жараксыз үй-бүлө мүчөлөрү баккан адамынан айрылгандыгына байланыштуу пенсия алууга укуктуу.

Эгерде баккан адамдын дайынсыз жок болгондугу белгиленген тартипте тастыкталса, дайынсыз жок болгондордун үй-бүлөлөрү өлгөн адамдардын үй-бүлөлөрүнө теңештирилет. (Абзац КР 2024-жылдын 10-майындагы № 84 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

2. Төмөндөгүлөр:

а) 18 жашка толо элек же андан улуу курактагы балдар (анын ичинде асырап алынгандар, өгөй балдар жана өгөй кыздар), эгерде алар бала кезинен майып деп табылса;

б) эгерде алардын эмгекке жарактуу ата-энеси жок болсо, 18 жашка толо элек карындаштары, бир туугандары, неберелери;

в) эгерде алар баккан адам өлгөн учурга карата пенсиялык куракка жетсе же майып болуп эсептелсе, ата-энеси, күйөөсү, аялы үй-бүлөнүн эмгекке жараксыз мүчөлөрү деп эсептелет.

3. Балдарга пенсиялар алардын баккан адамдын багуусунда болгон же болбогондугуна карабастан дайындалат.

4. Бардык деңгээлдеги билим берүү уюмдарынын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары чет өлкөлүк билим берүү мекемелеринин окуучулары баккан адамынан айрылгандыгы боюнча окуусун бүткөнгө, бирок 23 жаштан ашпаган куракка чейин пенсия алууга укуктуу.

5. Эгерде баккан адамы өлүп калган үй -бүлөнү ал толугу менен багып турса, анын үй-бүлө мүчөлөрү анын багуусунда болгон деп таанылат.

(КР 2003-жылдын 4-ноябрындагы № 220, 2006-жылдын 13-мартындагы № 76, 2006-жылдын 16-августундагы № 173, 2008-жылдын 20-мартындагы № 34, 2024-жылдын 10-майындагы № 84 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/557/st-17)  
Кийинки берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/557/st-19)
