# 15-статья. Пенсия дайындоонун шарттары

- Документ: [Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/557)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: КР1997-жылдын 21-июлундагы № 57 "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 57
- Кабыл алынган күнү: 21.07.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/557/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/557/edition/1247947/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/557/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө, 15-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/557/st-15

---

1. Майыптыгы боюнча пенсия майып болуунун себептерине карабастан адам эмгекке жарактуулугун толук жоготкон жана майып деп табылган учурда белгиленет жана эмгекке жарактуулугу калыбына келгенге чейин же өмүрү өткөнчө белгиленет.

2. Камсыздандырылган, майып деп табылган адамдар майып болгон мезгилге карата:

23 жашка толо элек, камсыздандыруу стажы 1 жыл болсо; 23 жаштан 26 жашка чейин, камсыздандыруу стажы 2 жыл болсо; 26 жаштан 31 жашка чейин, камсыздандыруу стажы 3 жыл болсо; 31 жаштан жогору, камсыздандыруу стажы 5 жыл болсо, майыптыгы боюнча пенсия алууга укуктуу болот.

3. Эгерде майыпка пенсия төлөө текшерүүдөн өтүүгө келбегендигине, же болбосо эмгекке жарактуулугу калыбына келгендигине байланыштуу токтотулса, анда ал кийин майып деп табылган учурда пенсия майыптыгы кайрадан белгиленген күндөн тартып, пенсия төлөө токтотулгандан кийин 5 жылдан ашпаган убакыт өткөн шартта төлөнө баштайт. 5 жыл өтүп кеткенден кийин пенсия жаңыдан жалпы негиздерде дайындалат.

---

Мурунку берене: [141-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/557/st-141)  
Кийинки берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/557/st-16)
