15-статья. Пенсия дайындоонун шарттары
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · III бөлүм
1. Майыптыгы боюнча пенсия майып болуунун себептерине карабастан адам эмгекке жарактуулугун толук жоготкон жана майып деп табылган учурда белгиленет жана эмгекке жарактуулугу калыбына келгенге чейин же өмүрү өткөнчө белгиленет.
2. Камсыздандырылган, майып деп табылган адамдар майып болгон мезгилге карата:
23 жашка толо элек, камсыздандыруу стажы 1 жыл болсо; 23 жаштан 26 жашка чейин, камсыздандыруу стажы 2 жыл болсо; 26 жаштан 31 жашка чейин, камсыздандыруу стажы 3 жыл болсо; 31 жаштан жогору, камсыздандыруу стажы 5 жыл болсо, майыптыгы боюнча пенсия алууга укуктуу болот.
3. Эгерде майыпка пенсия төлөө текшерүүдөн өтүүгө келбегендигине, же болбосо эмгекке жарактуулугу калыбына келгендигине байланыштуу токтотулса, анда ал кийин майып деп табылган учурда пенсия майыптыгы кайрадан белгиленген күндөн тартып, пенсия төлөө токтотулгандан кийин 5 жылдан ашпаган убакыт өткөн шартта төлөнө баштайт. 5 жыл өтүп кеткенден кийин пенсия жаңыдан жалпы негиздерде дайындалат.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
15-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/557/st-15" title="15-статья - Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>