# 12-статья. Эмгектин өзгөчө шарттары үчүн пенсиялар

- Документ: [Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/557)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: КР1997-жылдын 21-июлундагы № 57 "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 57
- Кабыл алынган күнү: 21.07.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 26 апреля 2023 года № 93 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере государственного социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/112574)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 26.04.2023 [Закон Кыргызской Республики от 26 апреля 2023 года № 93 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере государственного социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/112574); 18.07.2008 [Закон КР от 18 июля 2008 года № 152 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственном пенсионном социальном страховании"](https://aqlex.ai/kg/doc/202363)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/557#diff=1247988..1247989>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/557/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/557/edition/1247947/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/557/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө, 12-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/557/st-12

---

1. Эмгектин өзгөчө шарттарына байланыштуу курагы боюнча пенсияга төмөнкүлөр укуктуу:

а) учуу жана учуу-сыноо курамынын ушул кызматтарда иштөө узактыгы төмөндөгүдөй кызматкерлер:

эркектер үчүн - аталган мөөнөт 25 жылдан кем болбосо, аялдар үчүн - 20 жылдан кем болбосо, муну аныктоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү, учуу, учуу-сыноо, инженердик-техникалык курамдын кызмат орундарынын жана аба кыймылын башкаруу жагындагы жумушу анын иштеген жылдары үчүн пенсия дайындоого укук берүүчү кызматкерлердин Тизмегине жана учуу, учуу-сыноо курамынын кызматкерлерине пенсияларды дайындоо үчүн иштеген жылдарынын мөөнөтүн эсептөөнүн Тартибине ылайык жүзөгө ашырылат;

б) абада учуу кыймылын башкарууну жүзөгө ашырган жана диспетчердин күбөлүгү бар кызматкерлер:

эркектер - 58 жашка толгон жана жалпы иш стажы кеминде 25 жыл, анын ичинде камсыздандыруу иш стажынын кеминде жарымы аба кемелеринин учууларын тикелей башкарууга туура келгендер; аялдар - 53 жашка толгон жана жалпы иш стажы кеминде 20 жыл, анын ичинде камсыздандыруу иш стажынын кеминде жарымы аба кемелеринин учууларын тикелей башкарууга туура келгендер;

в) жарандык авиациянын инженердик-техникалык курамынын кызматкерлери, - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү, учуу, учуу-сыноо, инженердик-техникалык курамдын кызмат орундарынын жана аба кыймылын башкаруу жагындагы жумушу анын иштеген жылдары үчүн пенсия дайындоого укук берүүчү кызматкерлердин Тизмегине жана учуу, учуу-сыноо курамынын кызматкерлерине пенсияларды дайындоо үчүн иштеген жылдарынын мөөнөтүн эсептөөнүн Тартибине ылайык:

эркектер - 58 жашка толгон жана жалпы иш стажы кеминде 25 жыл, анын кеминде 20 жылы көрсөтүлгөн кызмат орундарына туура келгендер; аялдар - 53 жашка толгон жана жалпы иш стажы кеминде 20 жыл, анын ичинде кеминде 15 жылы көрсөтүлгөн кызмат орундарына туура келгендер;

г) театрлардын жана башка театралдык оюн-зоок ишканалары менен жамааттардын артистери, - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү, театрлардын жана башка театралдык оюн-зоок ишканалардын жана жамааттардын эмгектин өзгөчө шарты үчүн пенсияга чыгууга укуктуу артисттеринин айрым категорияларынын Тизмегине ылайык пенсия алууга укук берген чыгармачылык иштер боюнча 20 жыл стажы болсо.

2. Ушул статьянын 1-пунктунда саналып кеткен кызматкерлерге пенсияларды дайындоо жана төлөп берүү алар жалпыга белгиленген пенсияга чыгуу курагына чыкканга чейин, иштеген жеңилдик стажына пропорцианалдуу түрдө жумуш берүүчү тарабынан анын өз каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.

Ишкана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жоюлган, кайра түзүлгөн учурда өзгөчө эмгек шарттары үчүн пенсияга укугу бар адамдарга пенсияларды төлөө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларга ылайык Социалдык фонддун органдары тарабынан жүргүзүлөт. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 18-июлундагы № 152, 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 93 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/557/st-11)  
Кийинки берене: [121-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/557/st-121)
