# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 24-январындагы № 34 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 27-майындагы № 243 "Акциялардын мамлекеттик пакетин баасын белгилебестен сатуу боюнча аукцион өткөрүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 24-январындагы № 34 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 27-майындагы № 243 "Акциялардын мамлекеттик пакетин баасын белгилебестен сатуу боюнча аукцион өткөрүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 34
- Кабыл алынган күнү: 24.01.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.01.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/55698>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-10272/edition/324385/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/55698.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 24-январындагы № 34 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 27-майындагы № 243 "Акциялардын мамлекеттик пакетин баасын белгилебестен сатуу боюнча аукцион өткөрүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому (24.01.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/55698

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 24-январы № 34

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын

27-майындагы № 243 "Акциялардын мамлекеттик пакетин

баасын белгилебестен сатуу боюнча аукцион өткөрүү

жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу

Менчиктештирүү маселеси боюнча нормативдик укуктук актыларды Кыр-

гыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Рес-

публикасынын Өкмөтү токтом кылат:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 27-майындагы № 243

"Акциялардын мамлекеттик пакетин баасын белгилебестен сатуу боюнча аук-

цион өткөрүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Акциялардын мамлекеттик

пакетин баасын белгиебестен сатуу боюнча аукцион өткөрүү жөнүндө жобого

төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- I бөлүмүнүн 4-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен

толукталсын:

"Гарантиялык взностун өлчөмүн аныктоо үчүн акциялардын пакетинин

минимум наркы нормативдик укуктук актыларда акциялардын мамлекеттик па-

кетин баалоо үчүн каралган методдордун кеминде экөөн колдонуунун натый-

жасында алынган акциялардын эњ төмөнкү баалоо наркынан жогору болбоого

тийиш".

Премьер-министр Н.Танаев
