Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 8-октябрындагы № 608 „Объекттерди Кыргыз Республикасынын областтык маанидеги шаарларынын мэрияларынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө“ токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу» токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 20-январы № 25
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын
8-октябрындагы № 608 "Объекттерди Кыргыз Республикасынын
областтык маанидеги шаарларынын мэрияларынын муниципалдык
менчигине өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна толуктоо
киргизүү тууралуу
Ош шаарынын мэриясынын шаардык кызматтарын жайгаштыруу үчүн жай-
лардын жана имараттардын абдан жетишсиздигине байланыштуу Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 8-октябрындагы №
608 "Объекттерди Кыргыз Республикасынын областтык маанидеги шаарларынын
мэрияларынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна
төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- "Мекемелердин, ишканалардын имараттары" деген VII бөлүмү
төмөнкүдөй мазмундагы 20-пункт менен толукталсын:
"
| Ош областтык аскер комиссариатынын чакыруу | 1 | 63,220 | |
| пунктунун имараты (Ташкент көчөсү, 1 ) |
".
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетине жана Кыргыз
Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын мамлекеттик жана муни-
ципалдык кызмат башкармалыгына жүктөлсүн.
Премьер-министр Н.Танаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.