# Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2004-жылдын 12-январынын № 14 " Кыргыз Республикасынын Окмотунун айрым чечимдерин озгортуулорду жана толуктооорду киргизуу жонундо" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2004-жылдын 12-январынын № 14 " Кыргыз Республикасынын Окмотунун айрым чечимдерин озгортуулорду жана толуктооорду киргизуу жонундо" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.02.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/55679>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-10256/edition/1149083/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/55679.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.02.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2004-жылдын 12-январынын № 14 " Кыргыз Республикасынын Окмотунун айрым чечимдерин озгортуулорду жана толуктооорду киргизуу жонундо" токтому (03.02.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/55679

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 12-январы № 14

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2005-жылдын 3-февралындагы № 55 токтомунун

редакциясына ылайык)

"Аскер кызматчыларынын жана машыктыруучу, атайын жыйымдарга чакы-

рылган аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга тењештирилген адамдардын

өмүрүн жана ден соолугун милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу максатында Кыргыз Республикасы-

нын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчылары-

нын жана машыктыруучу, атайын жыйымдарга чакырылган аскерге мил-

деттүүлөрдүн өмүрүн жана ден соолугун милдеттүү мамлекеттик камсыздан-

дыруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2000-жылдын 4-сентябрындагы № 544 токтому менен бекитилген Кыргыз Рес-

публикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларынын жана машыктыруу-

чу, атайын жыйымдарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн өмүрүн жана

ден соолугун милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө жобого

төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- Жобонун бүткүл тексти боюнча "мурас алуучу" деген сөз "пайда

алуучу" деген сөз менен тийиштүү жөндөмөдө алмаштырылсын;

- Жобонун бүткүл тексти боюнча "аткаруучу бийлик органы", "аткару-

учу бийлик органдары" деген сөздөр менен тийиштүү жөндөмөдө "мамлекет-

тик орган", "мамлекеттик органдар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- Жобонун преамбуласынын экинчи абзацы "мобилизация" деген сөздөн

кийин ", аскердик, өзгөчө абал" деген сөздөр менен толукталсын;

- 2.1-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "Мил-

деттүү мамлекеттик камсыздандырууга капиталы чет өлкөлүк инвестициялар-

дын катышуусуз түзүлгөн, жеке камсыздандыруу жагында кеминде эки жылдык

практикалык иш тажрыйбасына жана Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу

көзөмөлү боюнча башкармалыктын мамлекеттик органы тарабынан белгиленген

жоопкерчиликке алынган камсыздандыруу милдеттенмелерин финансылык жак-

тан камсыздоону гарантиялоочу финансылык ишенимдүүлүк көрсөткүчтөрүнө

ээ болгон камсыздандыруу уюмдарына жол берилет.";

- 5.2-пунктта "календардык жыл" деген сөздөр "финансылык жыл" де-

ген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 8.1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"8.1. Милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу

сыйлыгынын өлчөмү товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөр

жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштөөчү тендердик

комиссиянын чечимдеринин негизинде аныкталат.";

- 8.4-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"8.4. Келишим боюнча кабыл алынган милдеттенмелердин аткарылышын

камсыз кылуу үчүн камсыздандыруучу алынган камсыздандыруу сыйлыктарынан

Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу көзөмөлү боюнча башкармалыктын

мамлекеттик органынын талаптарына ылайык камсыздандыруу резервин

түзүүгө милдеттүү.";

- 10.1-пункттун биринчи абзацында "Кыргыз Республикасынын Коргоо

министрлиги тарабынан" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Кыргыз Респуб-

ликасынын Өкмөтү тарабынан" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

10.1-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Оор же жењилге тиешелүү мертинүүлөрдүн (жаракаттар, кокустоолор,

контузиялар) тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкта-

лат.".

2. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 3-февралындагы №

55 токтомуна ылайык күчүн жоготту деп таанылган)

3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

Премьер-министр Н.Танаев
