Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Окмотунун « Кыргыз Республикасынын Окмотунун айрым чечимдерин озгортуулорду жана толуктооорду киргизуу жонундо» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2005-02-03.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 12-январы № 14
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2005-жылдын 3-февралындагы № 55 токтомунун
редакциясына ылайык)
"Аскер кызматчыларынын жана машыктыруучу, атайын жыйымдарга чакы-
рылган аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга тењештирилген адамдардын
өмүрүн жана ден соолугун милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу максатында Кыргыз Республикасы-
нын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчылары-
нын жана машыктыруучу, атайын жыйымдарга чакырылган аскерге мил-
деттүүлөрдүн өмүрүн жана ден соолугун милдеттүү мамлекеттик камсыздан-
дыруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2000-жылдын 4-сентябрындагы № 544 токтому менен бекитилген Кыргыз Рес-
публикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларынын жана машыктыруу-
чу, атайын жыйымдарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн өмүрүн жана
ден соолугун милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө жобого
төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- Жобонун бүткүл тексти боюнча "мурас алуучу" деген сөз "пайда
алуучу" деген сөз менен тийиштүү жөндөмөдө алмаштырылсын;
- Жобонун бүткүл тексти боюнча "аткаруучу бийлик органы", "аткару-
учу бийлик органдары" деген сөздөр менен тийиштүү жөндөмөдө "мамлекет-
тик орган", "мамлекеттик органдар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- Жобонун преамбуласынын экинчи абзацы "мобилизация" деген сөздөн
кийин ", аскердик, өзгөчө абал" деген сөздөр менен толукталсын;
- 2.1-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "Мил-
деттүү мамлекеттик камсыздандырууга капиталы чет өлкөлүк инвестициялар-
дын катышуусуз түзүлгөн, жеке камсыздандыруу жагында кеминде эки жылдык
практикалык иш тажрыйбасына жана Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу
көзөмөлү боюнча башкармалыктын мамлекеттик органы тарабынан белгиленген
жоопкерчиликке алынган камсыздандыруу милдеттенмелерин финансылык жак-
тан камсыздоону гарантиялоочу финансылык ишенимдүүлүк көрсөткүчтөрүнө
ээ болгон камсыздандыруу уюмдарына жол берилет.";
- 5.2-пунктта "календардык жыл" деген сөздөр "финансылык жыл" де-
ген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 8.1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"8.1. Милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу
сыйлыгынын өлчөмү товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөр
жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштөөчү тендердик
комиссиянын чечимдеринин негизинде аныкталат.";
- 8.4-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"8.4. Келишим боюнча кабыл алынган милдеттенмелердин аткарылышын
камсыз кылуу үчүн камсыздандыруучу алынган камсыздандыруу сыйлыктарынан
Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу көзөмөлү боюнча башкармалыктын
мамлекеттик органынын талаптарына ылайык камсыздандыруу резервин
түзүүгө милдеттүү.";
- 10.1-пункттун биринчи абзацында "Кыргыз Республикасынын Коргоо
министрлиги тарабынан" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Кыргыз Респуб-
ликасынын Өкмөтү тарабынан" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
10.1-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Оор же жењилге тиешелүү мертинүүлөрдүн (жаракаттар, кокустоолор,
контузиялар) тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкта-
лат.".
2. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 3-февралындагы №
55 токтомуна ылайык күчүн жоготту деп таанылган)
3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Премьер-министр Н.Танаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- Положение об обязательном государственном страховании жизни и здоровья военнослужащих Вооруженных Сил Кыргызской Республики и военнообязанных, призванных на учебные и специальные…Положение · 04.09.2000 · № 544
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылынын 3-февралынын № 55 "Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга…Постановление · 03.02.2005 · № 55
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- Постановление Правительства КР от 26 декабря 2001 года N 814 "О внесении дополнений и изменений в постановление Правительства Кыргызской Республики от 4 сентября 2000 года N 544…Постановление · 26.12.2001 · № 814 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттуулордун жана аларга тенештирилген адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттуу мамлекеттик…Закон · 21.08.2004 · № 163
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылынын 3-февралынын № 55 "Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга…Постановление · 03.02.2005 · № 55
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- Постановление Правительства КР от 4 сентября 2000 года №544 "Об утверждении Положения об обязательном государственном страховании жизни и здоровья военнослужащих Вооруженных Сил…Постановление · 04.09.2000 · № 544 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.