Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Ош облусунун Алай районундагы Сарымогол айыл кеңешинин тургундарын мамлекеттик колдоо боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2005-01-12.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-марты № 166
токтомуна ылайык күчүн жоготту
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 12-январы № 8
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Ош облусунун Алай районундагы Сарымогол айыл
кењешинин тургундарын мамлекеттик колдоо боюнча
чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам
долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 3-пунктуна
ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны-
нын депутаты М.А.Султанов демилге көтөргөн "Ош облусунун Алай районун-
дагы Сарымогол айыл кењешинин тургундарын мамлекеттик колдоо боюнча ча-
ралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна тиркелген кору-
тундунун негизинде макулдук берилбесин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин.
Премьер-министр Н.Танаев
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењешинин
Мыйзам чыгаруу жыйыны
"Ош облусунун Алай районундагы Сарымогол айыл
кењешинин тургундарын мамлекеттик колдоо боюнча
чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам
долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
корутундусу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты М.А.Султанов демилге
көтөргөн "Ош облусунун Алай районундагы Сарымогол айыл кењешинин жашоо-
чуларын мамлекеттик колдоо боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасы-
нын Мыйзам долбоорун карап чыгып жана Кыргыз Республикасынын Конститу-
циясынын 65-статьясынын 3-пунктун жетекчиликке алуу менен аны кабыл
алууга төмөнкүдөй негиздер боюнча макулдук бере албайт.
Сунуш кылынган мыйзам долбоорунда жогоруда көрсөтүлгөн айыл
кењешинин аймагындагы жашоочуларды жер салыгын төлөөдөн 5 жылдык
мөөнөткө жана жеке мүлктү алып келүүгө бажы жыйымдарынан бошотуу кара-
лат.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 5-статьясына ылайык салык
маселелерин башка мыйзамдарга кошууга тыюу салына тургандыгын белгилей
кетүү керек.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 7-октябрындагы №
607-б буйругу менен бекитилген, Ош облусунун Сарымогол поселогун соци-
алдык-экономикалык жайгаштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
биринчи кезектеги иш-чараларынын планынын 17-пунктуна ылайык жер салы-
гын төлөөдөн бошотууну караган айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү
жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун даярдоо каралган,
мында өзүнчө мыйзам долбоорун даярдоо каралбайт.
Мындан тышкары 2001-жылдын 1-октябрынан тартып 2002/2004-жылдын
30-сентябрына чейинки мезгилге Экономикалык саясат боюнча меморандумга
ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Эл аралык валюта фондунун алдында
салыктык бошотуулардан кармануу милдеттенмесин алган.
Ушуга байланыштуу жер салыгын төлөөдөн бошотууну же анын ставкала-
рын төмөндөтүүнү "Айыл чарба жерлерин, короо жанындагы жана дачалык жер
участокторун, калктуу конуштардын жана айыл чарбалык эмес багыттагы
жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгынын 2005-жылга базалык ставкалары
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун чектеринде кароо
максатка ылайыктуу деп эсептейбиз, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасы-
нын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-ноябрындагы № 814 токтому менен жактырылган
жана азыркы убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин кароосунда
турат.
Сарымогол айылдык кењешинин жашоочуларын жеке мүлктү алып келүүгө
бажы жыйымдарын төлөөдөн бошотууга карата Кыргыз Республикасынын Бажы
кодексинин 109-статьясына ылайык өндүрүштүк же башка коммерциялык
иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн арналбаган товарларды жеке адамдар Кыргыз
Республикасынын бажы чек арасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
аныктаган жөнөкөйлөтүлгөн, жењилдетилген тартипте алып өтүшү мүмкүн
экендигин белгилейбиз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 11-июнундагы № 347
токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу
жеке адамдардын товарларды жана башка буюмдарды алып өтүү эрежесине
ылайык өндүрүштүк же башка коммерциялык иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн
арналбаган товарларды жеке адамдардын жөнөкөйлөтүлгөн, жењилдетилген
тартипте алып өтүшү аларды бажы төлөмдөрүнөн толук бошотууну камтыйт.
Андан сырткары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 7-ок-
тябрындагы № 607-б буйругу менен бекитилген Ош облусунун Алай районун-
дагы Сарымогол поселогун социалдык-экономикалык жайгаштыруу боюнча Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтүнүн биринчи кезектеги иш чараларынын планынын
28-пунктуна ылайык Сарымогол поселогунун тургундары жана Тажикстан Рес-
публикасынын Мургаб районунда жашаган этностук кыргыздар үчүн, ошондой
эле өндүрүштүк же башка коммерциялык иш-аракеттерди жүргүзүүгө арналба-
ган товарларды жана предметтерди бардык бажы төлөмдөрүнөн бошотуу менен
"Кызыл-Арт" чек ара-бажылык посту аркылуу алып өтүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн
жана жењилдетилген тартиби белгиленген.
Премьер-министр Н.Танаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 3
Шилтеме берет (6)
- Распоряжение Правительства КР от 7 октября 2003 года № 607-рРаспоряжение · 07.10.2003 · № 607
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Постановление Правительства КР от 5 ноября 2004 года N 814 "О проекте Закона Кыргызской Республики "О базовых ставках земельного налога за пользование сельскохозяйственными…Постановление · 05.11.2004 · № 814 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Бажы кодексиКодекс · 12.07.2004 · № 87 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 11 июня 1997 года № 347 "Об утверждении Правил перемещения физическими лицами товаров и иных предметов через таможенную границу Кыргызской…Постановление · 11.06.1997 · № 347 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Распоряжение Правительства КР от 8 октября 2003 года № 615-р (О возложении на Государственный департамент по внешним связям и инвестициям в строительстве Государственной комиссии…Распоряжение · 08.10.2003 · № 615-р
- Налоговый кодекс КРКодекс · 26.06.1996 · № 25 · Күчүн жоготкон
- Правила перемещения физическими лицами товаров и иных предметов через таможенную границу Кыргызской Республики ( Утверждены постановлением Правительства Кыргызской Республикиот…Правила · 11.06.1997 · № 347 · Күчүн жоготкон