# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 11-январындагы № 4 "Кыргыз Республикасынын айыл жеринде маданиятты жана искусствону өнүктүрүүнүн 2010-жылга чейинки программасын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 11-январындагы № 4 "Кыргыз Республикасынын айыл жеринде маданиятты жана искусствону өнүктүрүүнүн 2010-жылга чейинки программасын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 4
- Кабыл алынган күнү: 11.01.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.01.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/55667>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-10247/edition/864120/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/55667.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.01.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 11-январындагы № 4 "Кыргыз Республикасынын айыл жеринде маданиятты жана искусствону өнүктүрүүнүн 2010-жылга чейинки программасын бекитүү жөнүндө" токтому (22.01.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/55667

---

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 49 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 11-январы № 4

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын айыл жеринде маданиятты

жана искусствону өнүктүрүүнүн 2010-жылга чейинки

программасын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин "2010-жылга чейин элетти

комплекстүү өнүктүрүүнүн" Улуттук стратегиясы жөнүндө" 2004-жылдын

23-июнундагы № 210 Жарлыгы менен бекитилген "2010-жылга чейин элетти

комплекстүү өнүктүрүү" Кыргыз Республикасынын улуттук стратегиясын ишке

ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын айыл жеринде маданиятты жана искусствону

өнүктүрүүнүн 2010-жылга чейинки программасы бекитилсин.

2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-

тволор, мамлекеттик комиссиялар, жергиликтүү мамлекеттик администрация-

лар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:

- Кыргыз Республикасынын айыл жеринде маданиятты жана искусствону

өнүктүрүүнүн 2010-жылга чейинки программасын ишке ашыруу боюнча конк-

реттүү чараларды көрүшсүн;

- ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден ки-

йинки айдын 10унан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ка-

раштуу Маданиятты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссияга жогоруда

көрсөтүлгөн Программаны аткаруунун жүрүшү тууралуу маалымат беришсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданиятты өнүктүрүү

боюнча мамлекеттик комиссия ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча от-

четтук мезгилден кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен Кыргыз Республи-

касынын Өкмөтүнө топтомо маалымат берсин.

4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги "Маданий ишаракет-

терди коргоо жана колдоо жөнүндө" мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасы-

нын Өкмөтүнүн 2005-жылга мыйзам долбоорлоо иштеринин планына киргизсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын социалдык-маданий өнүктүрүү бөлүмүнө

жүктөлсүн.

Премьер-министр Н.Танаев
