# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 27-июлундагы №556 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чет өлкөлөрдөгү мекемелерин өзгөртүп кайра түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 15-ноябрындагы № 626 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 27-июлундагы №556 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чет өлкөлөрдөгү мекемелерин өзгөртүп кайра түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 15-ноябрындагы № 626 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 556
- Кабыл алынган күнү: 27.07.2004
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5561900>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22681/edition/331704/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5561900.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 27-июлундагы №556 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чет өлкөлөрдөгү мекемелерин өзгөртүп кайра түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 15-ноябрындагы № 626 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (28.07.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5561900

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2004-жылдын 27-июлу № 556

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин

чет өлкөлөрдөгү мекемелерин өзгөртүп кайра түзүү

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

1999-жылдын 15-ноябрындагы № 626 токтомуна

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду

киргизүү тууралуу

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2006-жылдын 28-июлундагы № 543 токтомунун

редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин жана

Япониядагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинин штаттык санын бекемдөө

максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чет

өлкөлөрдөгү мекемелерин өзгөртүп кайра түзүү жөнүндө" Кыргыз Республи-

касынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 15-ноябрындагы № 626 токтомуна төмөнкүдөй

өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- 1-пункттагы "160", "2402,7" жана "1-26" деген сандар ти-

йиштүүлүгүнө жараша "166", "2555,2" жана "1-27" деген сандар менен ал-

маштырылсын;

- № 15 тиркеме ушул токтомдун № 1 тиркемесине ылайык редакцияда

берилсин;

- ушул токтомдун № 4 тиркемесине ылайык редакцияда № 27 тиркеме

менен толукталсын.

(КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-июлундагы № 543 токтомунун редакция-

сына ылайык)

2. "Япониядагы Кыргыз Республикасынын Элчилиги жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 4-ноябрындагы № 697 токтомунун

1-пункту күчүн жоготту деп табылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин жана

Япониядагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинин штаттык санын көбөйтүүгө

байланышкан кошумча чыгымдар Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер минист-

рлигинин 2004-жылдагы бюджетинде каралган каражаттардын чегинде.

Премьер-министр Н.Танаев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2004-жылдын 27-июлундагы № 556

токтомуна № 1 тиркеме

Кыргыз Республикасынын Бириккен Араб

Эмираттарынын Дубай шаарындагы Башкы

консулдугунун кызматкерлеринин

кызмат маяналарынын өлчөмү

(айына АКШ доллары менен)

| Кызмат орундардын аталышы | Бирдиктердин | Кызматтык |
| --- | --- | --- |
|  | саны | маяна |
| Башкы консул | 1 | 1800 |
| Консул | 1 | 1352 |
| Вице-консул | 1 | 1192 |
| Бухгалтер-кењсе башчысы | 0,5 | 1112 |
| Бардыгы: | 3,5 |  |

Премьер-министрдин Аппарат

жетекчисинин биринчи орун басары М.Сатыбеков

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2004-жылдын 27-июлундагы № 556

токтомуна № 2 тиркеме

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы

Элчилигинин кызматкерлеринин кызмат

маяналарынын өлчөмү

(айына АКШ доллары менен)

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2006-жылдын 28-июлундагы № 543 токтомуна

ылайык күчүн жоготту)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2004-жылдын 27-июлундагы № 556

токтомуна № 3 тиркеме

Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам

Республикасындагы Исламабад шаарындагы

Башкы консулдугунун кызматкерлеринин

кызмат маяналарынын өлчөмү

(айына АКШ доллары менен)

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2006-жылдын 28-июлундагы № 543 токтомуна

ылайык күчүн жоготту)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2004-жылдын 27-июлундагы № 556

токтомуна № 4 тиркеме

Япониядагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинин

кызматкерлеринин кызмат маяналарынын өлчөмү

(айына АКШ доллары менен)

| Кызмат орундардын аталышы | Бирдиктердин | Кызматтык |
| --- | --- | --- |
|  | саны | маяна |
| Элчи | 1 | 3000 |
| Кењешчи | 1 | 2685 |
| Биринчи секретарь | 1 | 2385 |
| Атташе | 1 | 2085 |
| Чарба башчысы-айдоочу | 1 | 1500 |
| Бардыгы: | 5 |  |

Премьер-министрдин Аппарат

жетекчисинин биринчи орун басары М.Сатыбеков
