Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
«Ысыккөл облусунун курорттук-рекреациялык зонасындагы, мамлекеттик менчикте турган жер участокторун курорттук, дарылоочу-ден соолукту чыңдоочу, туристтик объекттерди жана тейлөө объекттерин куруу үчүн берүү боюнча тооруктарды өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобо» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 12 декабря 2016 года № 654 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2016-12-12.
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 654 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2004-жылдын 21-июлундагы № 547
токтому менен бекитилген
Ысыккөл облусунун курорттук-рекреациялык
зонасындагы, мамлекеттик менчикте турган
жер участокторун курорттук, дарылоочу-ден
соолукту чыњдоочу, туристтик объекттерди
жана тейлөө объекттерин куруу үчүн берүү
боюнча тооруктарды өткөрүүнүн тартиби
жөнүндө жобо
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2004-жылдын 13-декабрындагы № 917 токтомунун
редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1.1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Респуб-
ликасынын Граждандык кодексине жана башка ченемдик укуктук актыларына
ылайык иштелип чыкты жана Ысыккөл облусунун курорттук-рекреациялык зо-
насындагы, мамлекеттик менчикте турган жер участокторун курорттук, да-
рылоочу-ден соолукту чыњдоочу, туристтик объекттерди жана тейлөө объек-
ттерин куруу үчүн берүү боюнча тооруктарды өткөрүүнүн тартабин анык-
тайт.
1.2. Ысыккөл обусунун мамлекеттик администрациясына курорттук-рек-
реациялык зонадагы, мамлекеттик менчикте турган жер участокторун Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чектөөлөр менен, ачык тоорук-
тарды өткөрүү жолу менен курорттук, дарылоочу-ден соолукту чыњдоочу,
туристтик объекттерди жана тейлөө объекттерин куруу үчүн берүү боюнча
укук берилген.
Тооруктарды Ысыккөл облусунун курорттук-рекреациялык зонасындагы,
мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү үчүн тооруктарды
өткөрүү боюнча комиссия уюштурат жана өткөрөт.
1.3. Сатуу объектиси болуп Ысыккөл облусунун курорттук-рекреация-
лык зонасында жайгашкан жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мый-
замдарына ылайык менчикке жана пайдаланууга, анын ичинде ижара шартында
пайдаланууга берилиши мүмкүн болгон жер участоктору эсептелет.
1.4. Сатылуучу жер участоктору үчүнчү жактардын укуктарынан бош
жана жарандык-укуктук бүтүмдөрдү жасоо үчүн чектелбеген болууга тийиш.
2. Бул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр жана аныктамалар
2.1. Бул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр:
- аукцион - тооруктун формасы, мында баарынан жогорку бааны сунуш-
таган жак жењүүчү болот;
- гарантиялык взнос (насыя) - жер участогун алуу максатында тоо-
рукка катышууну каалаган жак салуучу акчанын суммасы;
- комиссиялык жыйымдар - катышуучулар тооруктун уюштуруучусуна то-
орукка коюлган жер участогунун старттык баасынын 0,5 проценти өлчөмүндө
төлөөчү жыйымдар;
- лот - алуу укугу тоорукка коюлуп жаткан конкреттүү жер участогун
белгилөө үчүн колдонулуучу термин;
- кыймылсыз мүлк - жер участоктору, жер казыналары, өзүнчө суу
объекттери жана жер менен тыгыз байланышкан бардык нерселер, б.а. алар-
дын пайдаланылышына өлчөмсүз зыян келтирүүсүз жылыштырууга болбоочу
объекттер, көп жылдык өсүмдүктөр, имараттар, курулуштар ж.б.;
- жер участогуна укук - менчик укугу жана жер участогун мөөнөтсүз
(мөөнөтүн көргөзбөстөн) же мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугу;
- жер участогун убактылуу (мөөнөттүү) пайдалануу укугу - жер учас-
тогун 50 жылга чейин чектелген мөөнөт менен, анын ичинде ижара шартында
пайдалануу укугу;
- жер участогуна менчик укугу - жеке жана юридикалык жактардын
Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Жер кодек-
си жана башка мыйзам актылары менен таанылган жана корголуучу, Кыргыз
Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында белгиленген чектөөлөр менен
өзүнө таандык жер участогун өзү каалагандай ээлик кылууга жана тескөөгө
укугу;
- рыноктук нарк - ачык рынокто ак ниет атаандаштык шартында сатуу-
га мүмкүн болгон жер участогуна укук үчүн сатуу датасына карата кыйла
ылайыктуу, бекитилген методикага ылайык эсептөө жолу менен алынган баа-
нын суммасы;
- жер участогунун старттык баасы - тоорукта сатуу үчүн берилген
жер участогунун нарктык баасы;
- ыйгарым укуктуу орган - Ысыккөл облустук мамлекеттик администра-
циясы;
- жерлердин максаттуу арналышы - укукту күбөлөндүрүүчү документ-
терде көрсөтүлгөн жер участокторун уруксат берилген пайдалануунун
түрлөрүнүн тизмеси;
- ак ниет эмес атаандаштык - тоорукка катышуучулардын төмөнкүдөй
натыйжаларга алып келиши мүмкүн болгон жана ар кандай формада макулда-
шылган аракеттери, алар:
аукциондо бааларды жасалма жогорулатуу, арзандатуу же кармап ту-
руу;
лотторду катышуучулардын арасында бөлүштүрүп алуу;
потенциалдуу атаандаштардын тоорукка катышуусун чектөө же андан
четтетүү жана башка кыянат аракеттер;
- конкурс - тооруктун формасы, мында сатып алуучулардан тооруктун
объекттерине карата мурдатан белгиленген шарттарды аткаруу талап кылы-
нат;
- кийинкиге калтыруу же бөлүп төлөө - сатып алуучунун же башка
милдеттүү жактын сатык бааны же башка карызды төлөөсүнүн мөөнөтүн ыйга-
рым укуктуу орган караштырган негиздер болгондо бир жолу же этап-этап
менен төлөөгө өзгөртүү;
- шаар куруу документтери - региондук жана райондук пландоонун
долбоорлору, ар түрдүү функциялык арналыштагы зоналарды долбоорлук-де-
талдык пландоонун башкы пландары, кварталдарды жана калктуу конуштун
пландоо структурасынын башка элементтерин куруунун долбоорлору;
- көз каранды эмес баалоочу - кыймылсыз мүлктү баалоо боюнча ке-
сиптик окуудан өткөнү жөнүндө тийиштүү сертификатты аныкталган тартипте
алган жана баалоонун объектисине карата уюштуруучусу, менчик ээси, ак-
ционери эмес, баалоо объектисине карата мүлктүк кызыкчылыгы жок же ушул
аталган адамдар менен жакын туугандык байланышы жок адам;
- жер участогун уруксат берилген пайдалануу - жер участогун жерги-
ликтүү ченемдик укуктук актыларга (жерди пайдалануу жана курулуш куруу
эрежелерине) ылайык жана максаттуу арналышын, аныкталган тартипте беки-
тилген жер жайгаштыруу документтерин эске алуу менен пайдалануу;
- баа - сатып алуучу менен сатуучунун ортосундагы түзүлгөн
бүтүмдүн натыйжасында жер участогу иш жүзүндө сатып алынган (сатылган)
акчанын суммасы;
- маалыматтык пакет - сатылуучу жер участогу жөнүндө маалыматтар;
- түз сатуу - жер участогуна менчик же ижаралоо укугун жеке адам-
дарга жана юридикалык жактарга (арыз бергендерге) тоорук өткөрбөстөн
түз сүйлөшүү жолу менен берүү ыкмасы;
- инвестициялык конкурс - пайдалануу үчүн инфраструктураны жакшыр-
тууга тийиштүү инвестацияларды салуу, курорттук, дарылоочу-ден соолукту
чыњдоочу, туристтик объекттерди жана тейлөө объекттерин куруу талап кы-
лынган жер участокторун менчикке же пайдаланууга берүү боюнча конкурс.
3. Ачык тооруктардын уштуруучулары, катышуучулары
жана объектиси
3.1. Жер участокторуна менчик укугун жана пайдалануу укугун сатуу,
анын ичинде ижара шартында ачык тоорук аркылуу сатуу Ысыккөл облустук
мамлекеттик администрациясы тарабынан жүргүзүлөт.
Тооруктарды Комиссия уюштурат жана өткөрөт.
3.2. Комиссия Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген
тартипте ачык тоорукта менчикке же пайдаланууга, анын ичинде ижара шар-
тында сатылуучу жер участокторунун тизмесин көз каранды эмес баалоочу-
ларды тартуу менен аныктайт, лоттордун старттык наркынын өлчөмдөрүн
белгилейт.
3.3. Тоорукка Кыргыз Республикасынын жеке адамдары жана юридикалык
жактары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык анык-
талган чет өлкөлүк адамдар (жер участогун мөөнөттүү (убактылуу) пайда-
ланууга берүүдө) катышууга укуктуу.
3.4. Тооруктун объектиси болуп жер участогуна менчик жана пайдала-
нуу, анын ичинде ижара шартында пайдалануу укугу эсептелет.
3.5. Менчикке же пайдаланууга, анын ичинде ижара шартында берүү
үчүн тоорукка коюлуучу жер участокторун тандоо шаар куруу документтери-
не ылайык жүргүзүлөт.
4. Тоорукту өткөрүү алдындагы даярдоо иштери
4.1. Тоорукка кыймылсыз мүлктүн объектиси катары калыптанган жер
участоктору коюлат.
4.2. Жер участогун кыймылсыз мүлктүн объектиси катары калыптанды-
руу үчүн төмөнкүлөр зарыл:
а) тоорукка коюлуучу жер участогу аймагында жайгашкан райондук жер
жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча райондук баш-
карма Комиссиянын тапшыруусу боюнча:
- тоорукка коюлуучу жер участокторунун укуктук статусун, үчүнчү
жактардын укуктары бар экенин, материалдардын жана документтердин туу-
ралыгын текшерет;
- жер участогунун документтерде көрсөтүлгөн чек араларга жана аян-
ттарга натурасында шайкеш экенин текшерет;
- тоорукка коюлуучу жер участокторунун чек араларын жанаша жер
участокторунун менчик ээлери же пайдалануучулары менен макулдашат;
- сервитуттар же башка чектөөлөр жок экенин текшерет;
- жер участогун баалоого жана башка даярдоо жумуштарына техникалык
маалыматтарды берет;
б) тоорукка коюлуучу жер участогу жайгашкан райондук жана шаардык
архитектура жана курулуш башкармалары Комиссиянын тапшыруусу боюнча:
- Комиссияны заседаниелерин өткөрүү үчүн керектүү материалдарды
жана документтерди даярдайт;
- бекитилген шаар куруу документтерин, курулуштук нормалар менен
эрежелерди, ченемдик укуктук актыларды эске алуу менен жер участогунун
чек арасын белгилейт;
- санитардык, өрткө каршы жана башка кызматтарга каралып жаткан
жер участогун пайдалануунун шарттары жөнүндө суроо жиберет;
- инженердик-техникалык камсыздоо тармактарын кармоо жана
өнүктүрүү үчүн жооптуу кызматтардан аларга кошуунун баштапкы техникалык
шарттары жөнүндө сурайт;
- жер участокторун уруксат берилген пайдалануунун түрлөрүн жана
параметрлерин аныктайт жана берет;
- жер участогун алынган корутундулардын негизинде пайдалануу
мүмкүндүгү жөнүндө жалпыланган техникалык корутунду түзөт;
- болгон сервитуттарды жана чектөөлөрдү аныктайт.
Даярдалган материалдар бир аптанын ичинде Комиссияга берилет.
4.3. Комиссия тапшырылган материалдардын негизинде жер
участогунун старттык наркын аныктайт.
4.4. Комиссия тооруктун ар бир объектиси боюнча төмөнкүлөрдү кам-
тыган маалыматтык пакет түзөт:
- сатуу объектисинин каттоо номери;
- жер участогунун жайгашкан орду (дареги), кадастрлык номери;
- жер участогун уруксат берилген пайдалануу;
- жер участогунун чек араларын, сервитуттар колдонулган чектерин
көрсөтүү менен жер участогунун күбөлөндүрүлгөн планы;
- инженердик коммуникациялардын ар кандай түрлөрүнө кошуунун шарт-
тары жана болжолдуу баалары жөнүндө жалпы корутунду;
- тооруктун объектисинин баштапкы (старттык) баасы;
- жер участогунун старттык баасын көрсөтүү менен, жер участогун
пайдалануунун шарттарын камтыган сатуу-сатып алуу келишиминин долбоору;
- жер участогунун экологиялык абалы жөнүндө жана тооруктун объекти
жөнүндө башка маалыматтар.
4.5. Комиссия тоорук өткөрүлгөнгө чейин отуз күн мурдатан жалпыга
маалымдоо каражаттарына тоорук өткөрүлөөрү жөнүндө жарыялоого жана жал-
пынын көрүшү үчүн көрүнөө жерлерге илүүгө милдеттүү.
4.6. Билдирүүдө төмөнкүдөй маалыматтар камтылууга тийиш:
- жер участогунун жайгашкан орду;
- тоорукту өткөрүүнүн формасы жана тартиби;
- тооруктун объекттеринин тизмеси;
- тоорук өткөрүүчү күн, убактысы, орду;
- гарантиялык взностун жана комиссиялык жыйымдын суммасы которулу-
учу банктын керектүү реквизиттери;
- арыздарды кабыл алуунун аяктоочу мөөнөтү;
- жер участогунун старттык наркы;
- тоорукту өткөрүүнүн шарттары, толук маалымат алуу үчүн тоорукту
уюштуруучулардын телефондору жана дареги.
5. Тоорукту өткөрүү тартиби
5.1. Жер участокторун менчикке же пайдаланууга, анын ичинде ижара
шартында берүү ачык аукциондорду жана инвестициялык тооруктарды өткөрүү
методу менен ишке ашырылат.
Өзгөчө учурларда, суроо-талаптын жоктугунан жер участокторун жого-
руда аталган методдордун бири боюнча сатууга (берүүгө) мүмкүн эмес бол-
со түз сатуу методу колдонулушу мүмкүн.
Түз сатуу методун колдонуу жөнүндө чечимди Комиссия чыгарат.
5.2. Тоорукту өткөрүүнүн методун Комиссия аныктайт жана мурдатан
жарыяланууга тийиш.
5.3. Инвестициялык конкурс көбүнчө, пайдалануу инфраструктурага
инвестиция салууну талап кылган, ошондой эле курорттук, дарылоочу-ден
соолукту чыњдоочу, туристтик объекттерди жана тейлөө объекттерин куруу
үчүн жакшы инвестициялык сунуштар болгон жер участоктору боюнча
өткөрүлөт.
5.4. Комиссия конкурстун катышуучулары өз милдеттенмелерин ти-
йиштүү аткарууну камсыздоого гарантия берүүсүн (күрөө, кепилдик, банк-
тык гарантия ж.б.) инвестициялык конкурс өткөрүүнүн шарттарынын бири
катары киргизе алат.
5.5. Түз сатууну Комиссия арыз берүүчү менен сүйлөшүү аркылуу ишке
ашырат. Сатууга коюлган жер участогунун баштапкы наркын Комиссия көз
каранды эмес баалоочулардын корутундусунун негизинде белгилейт.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Комиссия ага жүктөлгөн ыйгарым укуктардын чек-
теринде жер участокторунун шарттарын жана баасын өзгөртө алат.
5.6. Бир гана катышуучу катышкан аукцион жана конкурс өткөн жок
деп табылат.
5.7. Аукцион жана конкурс аркылуу сатылууга тийиш болгон тооруктун
бардык объекттери лотторго бөлүнүүгө тийиш.
5.8. Тооруктарда объекттер бир номер - бир лот схемасы боюнча са-
тылат.
5.9. Аукционго жана конкурска катышууга арыздарды кабыл алуу тоо-
руктар башталаардан бир сутка мурда аяктайт.
5.10. Уюштуруучулар катышуучуларды каттоону ишке ашырат жана арыз-
дарды кабыл алуунун жыйынтыктары тууралуу протокол түзүлөт. Талапкерлер
Комиссиянын катчысынын жазуу жүзүндөгү билдирүүсүн алган жана номер ый-
гарылган учурдан тартып тооруктардын катышуучуларынын статусун алышат.
5.11. Тооруктардын катышуучулары болуп саналбаган адамдар үчүн
кирүү билеттери сатылат. Кирүү билетинин баасы Комиссия тарабынан анык-
талат.
5.12. Тооруктарга катышуу укугун алуу үчүн талапкер тоорукту уюш-
туруучуга төмөнкүлөрдү берет:
- жер участокторун, сатып алуучу сатып алууга ниеттенген укукту
көрсөтүү менен белгиленген формада жазуу жүзүндөгү арызды;
- ким экендигин ырастоочу документти (жеке адамдар үчүн);
- уюштуруу документтерин жана уставын (юридикалык жактар үчүн);
- жарыяланган жер участогунун старттык баасынын 10 проценттен аш-
паган өлчөмүндө гарантиялык взносту жана 0,5 процент өлчөмүндө Комисси-
ялык жыйымды төлөгөндүгүн ырастоочу төлөм документтерин.
5.13. Арыз ээсине анын документтерин кабыл алуудан төмөнкүдөй
учурларда баш тартылышы мүмкүн, эгерде:
- арыз Комиссия белгилеген кабыл алуу мөөнөтү бүткөндөн кийин бе-
рилсе;
- арыз анын ээсинин атынан аракеттенүүгө укук берилбеген адам та-
рабынан берилсе;
- документтер тийиштүү түрдө таризделбесе;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка негиздер бо-
юнча.
5.14. Документтерди кабыл алуудан баш тартуу Комиссиянын катчысы
тарабынан баш тартуунун жүйөлүү себептерин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө
тастыкталат. Уюштуруучу тарабынан кабыл алынбаган документтер жана
арыздар документтерди каттоо жана жазуу жүзүндө баш тартуу менен арыз
ээсине же анын ыйгарым укуктуу өкүлүнө кол койдуруу аркылуу кайтарылып
берилет.
5.15. Гарантиялык взносту талапкерлер учурдагы эсепке накталай
эмес которуу же болбосо сатуучунун кассасына накталай взнос аркылуу
төлөшөт. Анын өлчөмүн Комиссия аныктайт, бирок ал тоорук объектисинин
старттык наркынын 10 процентинен ашпашы керек.
5.16. Эгерде талапкер аукционго жана конкурска бир нече объекттер
боюнча катышса, гарантиялык взнос ар бир объект боюнча өзүнчө төлөнөт.
Эгерде тоорук болбой калса, бардык катышуучуларга 0,5 процент өлчөмүндө
Комиссиялык жыйым жана гарантиялык взнос кайтарылып берилет. Тоорукка
катышкан, бирок утушка ээ болбой калган же болбосо белгиленген мөөнөттө
тооруктарга катышуудан баш тарткан талапкерлерге эки жумалык мөөнөттө
гарантиялык взностор кайтарылып берилет. Жер участогунун старттык нар-
кынын 0,5 процент өлчөмүндөгү Комиссиялык жыйым Комиссиянын карамагында
калат.
5.17. Ачык аукциондор методу менен тооруктарды өткөрүүдө:
- Комиссия аукциончуну дайындайт, ал тоорук объектисин, аны сатуу
шарттарын жана тооруктардын кадамдарын жазат. Аукциондо тооруктардын
башталышы болуп объектинин старттык баасы жарыяланган учур эсептелет.
Ар бир лот боюнча кадамдын өлчөмү аукциондо өткөрүү башталганга чейин
Комиссия тарабынан аныкталат;
- эгерде аукциондун жүрүшүндө баштапкы баа үч ирет жарыялангандан
кийин, объектини сатып алууга даяр сатып алуучулар болсо, аукциончу Ко-
миссия менен макулдашуу боюнча объектинин баасын 10 процентке
төмөндөтүүгө укуктуу;
- тооруктун жүрүшүндө аукциончуга кайрылган аукциондун катышуучу-
лары (же алардын ишенимдүү адамы) номери менен катышуучунун билетин
көтөрөт жана өз баасын атайт;
- эгерде аукциончу акыркы бааны үч ирет жарыялагандан кийин каты-
шуучулардын эч кимиси кыйла жогорку бааны сунуш кылбаса, аукциончу бир
эле учурда балка менен уруу аркылуу тоорук объектиси акыркы бааны сунуш
кылган адамга сатылгандыгы тууралуу жарыялайт;
- эгерде аукционго бир эле лот эки жолу чыгарылса жана ал лотко
суроо-талап болбосо (билдирүүлөр түшпөсө) Комиссия старттык бааны 10
проценттен 25 процентке чейин төмөндөтүүгө жана 30 күндөн кийин кезек-
теги аукцион жарыялоого укуктуу.
5.18. Конкурс өткөрүүдө:
- Комиссиянын корутундусу боюнча эњ жакшы шартты сунуш кылган жак
жењүүчү деп табылат;
- сунуштар тењ болуп калганда, арызды мурда берген катышуучу
жењүүчү деп табылат;
- тооруктун катышуучуларынын сунуштары салынып, чапталган конверт-
тер Комиссиянын ачык заседаниесинде белгиленген күндө жана саатта ачы-
лат. Конверттерди ачаардын алдында Комиссия анын бүтүндүгүн текшерип,
бул тооруктун натыйжалары жөнүндө протоколдо белгиленет;
- баа сан жана жазуу менен көрсөтүлүүгө тийиш. Эгерде санда жана
жазууда ар кандай баа көрсөтүлсө, Комиссия жазуу жүзүндө көрсөтүлгөн
баага көњүл бурат;
- конверттерди ачканда жана сунуштарды окуганда тооруктун бардык
катышуучулары же тиешелүү түрдө таризделген ишеним каттары бар алардын
өкүлдөрү катышат.
5.19. Тооруктардын жењүүчүсү менен келишим түзүүдө гарантиялык
взностун суммасы тооруктун объектисин сатуу баасына кошулат.
5.20. Тооруктун катышуучусу төмөнкүлөргө укуктуу:
- жеке өзү же өзүнүн өкүлдөрү аркылуу тооруктарга бекер катышууга;
- тооруктардын объекттери тууралуу акысыз толук маалымат алууга;
- тооруктар өтө турган күнгө чейин кеминде 10 күн мурда ага каты-
шуудан баш тартууга жана бул тууралуу тооруктун уюштуруучусуна жазуу
жүзүндө билдирүүгө, көрсөтүлгөн мөөнөттү бузган учурда, гарантиялык
взнос кайтарылып берилбейт.
5.21. Комиссия тооруктар башталганга чейин 3 күн мурда тигил же
бул объектини тооруктардан, конкурс өткөрүлгөнгө чейин кеминде 30 күн
мурда конкурстан алып салууга укуктуу. Мындай учурда тооруктун катышуу-
чуларына объектини алып салуунун жүйөлүү себеби түшүндүрүлөт жана Ко-
миссиялык жыйым менен гарантиялык взнос кайтарылып берилет.
6. Жүргүзүлгөн аукциондордун жана конкурстардын
жыйынтыгы боюнча документтерди тариздөө тартиби
6.1. Аукциондун тооруктун жүрүшүндө объектиге акыркы бааны сунуш
кылган катышуучусу же эњ мыкты шартты сунуш кылган конкурстун катышуу-
чусу тооруктун жењүүчүсү деп жарыяланат жана ошол эле күнү Комиссияга
каташуучу өз номерин берүүгө жана тооруктун натыйжалары жөнүндө прото-
колго кол коюуга тийиш. Протокол 3 нускада түзүлүп, ага Комиссиянын
бардык мүчөлөрү жана аукциончу кол коет.
6.2. Протоколдо төмөнкү маалыматтар жазылат: сатылган объектинин
баштапкы (старттык) жана акыркы баасы, гарантиялык взностун өлчөмү, то-
оруктун объектисин сатып алуу-сатуу келишимине кол коюу боюнча тарап-
тардын милдеттери, ошондой эле ыйгарым укуктуу органдын расчеттук эсе-
бинин номери. Тооруктун натыйжалары жөнүндө протоколдун 1 нускасы сатып
алуучуга берилет.
6.3. Тооруктардын натыйжалары жөнүндө протоколго кол коюудан баш
тарткан тооруктун жењүүчүсүнө гарантиялык взнос кайтарылып берилбейт.
Мындай учурда бул объекти боюнча тооруктар кайталанат.
6.4. Ак ниетсиз атаандаштык аныкталса, Комиссия бардык учурда жа-
рыяланган лотту тооруктан алып салууга же тоорук өткөн күндөгү лот бо-
юнча анын жыйынтыктарын жоюуга укуктуу.
6.5. Катышуучу жагынан ак ниетсиз атаандаштык аныкталган учурда ал
бул лот боюнча тооруктарга андан ары катышуу укугунан ажырайт, мындай
учурда ага гарантиялык взнос кайтарылып берилбейт.
6.6. Тооруктардын жыйынтыктары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
буйругу менен бекитилет.
Эгер тооруктун жењүүчүсү чет өлкөлүк жак болсо, анда жер участок-
тору убактылуу пайдалануу укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү та-
рабынан, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин макулдугу менен бери-
лет.
Тооруктардын жыйынтыктары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
буйругу менен бекитилген протоколдун негизинде жер участогуна укуктар-
дын (менчикке же пайдаланууга, анын ичинде ижаралоо шарттарында) сатып
алуу-сатуу келишими түзүлөт, ага Комиссиянын төрагасы кол коет.
Келишим түзүлгөндөн жана зарыл документтерди алгандан кийин сатып
алуучу жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча
райондук башкармалыкка жер участогуна укукту белгиленген тартипте кат-
тайт.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 13-декабрындагы N
917 токтомунун редакциясына ылайык)
6.7. Төлөм накталай эмес эсеп боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн.
6.8. Төлөө мөөнөтү же келишимдин башка олуттуу шарттары бузулса,
Комиссиянын демилгеси боюнча келишим бузулушу мүмкүн, мында гарантиялык
взнос жана комиссиялык жыйым кайтарылып берилбейт.
6.9. Тооруктардын жыйынтыктары жөнүндө маалымат тооруктарды
өткөрүүгө жооптуу органдар тарабынан аукциондун жыйынтыктары жөнүндө
протоколго кол коюлган күндөн тартып беш күндүн ичинде жалпыга маалым-
доо каражаттарында жарыяланат.
7. Акча каражаттарын бөлүштүрүү
7.1. Жер участокторуна укуктарды сатуудан алынган акча каражаттар-
ды, ошондой эле кирүү билеттерин сатуудан түшкөн каражаттар, кайтарылып
берилбеген гарантиялык взностордун суммасы жана Комиссиялык жыйымдардын
суммасы Ысыккөл облусунун социалдык-экономикалык өнүктүрүү фондуна
жөнөтүлөт.
7.2. Тооруктарды уюштуруу боюнча чыгымдар Ысыккөл облусунун соци-
алдык-экономикалык өнүктүрүү фондунун каражаттарынан жабылат.
7.3. Эгерде жер участогунда курулуштар, курулмалар, бүткөрүлбөгөн
өндүрүш же өткөн жылдарда салынган каражаттар болсо, ошондой эле жер
участогуна байланыштуу карыздык милдеттенмелерге байланыштуу түйшүктөр
болсо, аларды сатуудан түшкөн сумма биринчи кезекте карыздык милдеттен-
мелерди жана салынган каражаттарды жабууга жумшалат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 6
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2004-жылынын 13-декабрынын № 917 " Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2004-жылдын 21-июлундагы № 547 «Ысыккол облусунун курорттук-рекреациялык…Постановление · 13.12.2004 · № 917 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 654 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 12.12.2016 · № 654
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 21-июлундагы № 547 "Ысыккөл облусунун курорттук-рекреациялык зонасындагы, мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү үчүн…Постановление · 21.07.2004 · № 547 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
5 ичинен 4 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (6)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-сентябры № 478-б (Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык зонасындагы, мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү үчүн тооруктарды өткөрүү…Распоряжение · 23.09.2008 · № 478-р
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 15-мартынын № 157- б буйругуРаспоряжение · 15.03.2005 · № 157
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2005-жылдын 11-майы, № 223-б буйругуРаспоряжение · 11.05.2005 · № 223-р
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2005-жылдын 11-майы № 223-б буйругуРаспоряжение · 11.05.2005 · № 223-р
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 16-июлундагы № 313-б буйругуРаспоряжение · 16.07.2005 · № 313
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-июлундагы № 400-б буйругуРаспоряжение · 19.07.2006 · № 400