Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун Үрүмчү шаарындагы Визалык пункту жөнүндө» токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2004-жылдын 20-июлу № 545
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин
Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур
автономиялуу районунун Үрүмчү
шаарындагы Визалык
пункту жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 28-июлундагы № 543 токтомунун
редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур
автономиялуу районунун ортосундагы соода-экономикалык, маданий-гумани-
тардык жана туристтик байланыштарды андан ары өнүктүрүүгө жана чыњдоого
көмөктөшүү максатында жана Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республика-
сындагы Элчилиги менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги-
нин ортосундагы ноталык макулдашууларды аткаруу үчүн Кыргыз Республика-
сынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Кытай Эл Рес-
публикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун Үрүмчү шаарындагы
Визалык пункту "Кыргызстан аба жолдору" Улуттук авиаташуучусу" ачык
типтеги акционердик коомунун өкүлчүлүгү алдында уюштурулсун.
2. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-июлундагы №
543 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Кытай Эл Рес-
публикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун Үрүмчү шаарындагы
Визалык пунктун күтүүгө чыгымдар 2004-жылы атайын каражаттардын эсеби-
нен жүргүзүлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасы-
нын Тышкы иштер министрлиги менен бирдикте "2005-жылга Кыргыз Республи-
касынын республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы-
нын долбоорун даярдоодо Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги-
нин Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун
Үрүмчү шаарындагы Визалык пунктун күтүүгө зарыл бюджеттик каражаттарды
карасын.
Премьер-министр Н.Танаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2004-жылдын 20-июлундагы № 545
токтомуна тиркеме
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин
Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур
автономиялуу районунун Үрүмчү шаарындагы
Визалык пунктунун кызматкерлеринин
кызматтык маяналарынын өлчөмү
(айына АКШ доллары менен)
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 28-июлундагы № 543 токтомуна
ылайык күчүн жоготту)
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.