# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 6-июлундагы № 501 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курорттук-рекреациялык зонада жайгашкан жер участокторду берүү жагындагы укуктарын Ысыккөл облустук мамлекеттик администрациясына өткөрүп берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 6-июлундагы № 501 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курорттук-рекреациялык зонада жайгашкан жер участокторду берүү жагындагы укуктарын Ысыккөл облустук мамлекеттик администрациясына өткөрүп берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 501
- Кабыл алынган күнү: 06.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/55546>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-10177/edition/973948/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/55546.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 6-июлундагы № 501 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курорттук-рекреациялык зонада жайгашкан жер участокторду берүү жагындагы укуктарын Ысыккөл облустук мамлекеттик администрациясына өткөрүп берүү жөнүндө" токтому (29.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/55546

---

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 239 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2004-жылдын 6-июлу N 501

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курорттук-рекреациялык зонада жайгашкан жер участокторду берүү жагындагы укуктарын Ысыккөл облустук мамлекеттик администрациясына өткөрүп берүү жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 11-августундагы N 365 токтомунун, 2007-жылдын 24-августундагы N 370 токтомунун редакцияларына ылайык)

Ысыккөл облусунун курорттук-рекреациялык зонасындагы жер ресурста- рын пайдалануунун натыйжалуулугун арттыруу, бул регионду өнүктүрүүгө кошумча инвестицияларды тартуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4 жана 29-статьяларына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 11-августундагы N 365 токтомунун редакциясына ылайык)

1. Мамлекеттик менчикте турган, курорттук-рекреациялык зонадагы

жер участокторун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чектөөлөр менен, курорттук, дарылоочу-ден соолукту чыңдоочу жана ту- ристтик объекттерди жана тейлөө объекттерин куруу үчүн ачык тооруктарды өткөрүү жолу менен берүү укугуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйга- рым укуктары Ысыккөл облусунун мамлекеттик администрациясына өткөрүп берилсин. Тооруктун жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу менен бекитилери белгиленсин.

2. Курорттук-рекреациялык зонадагы, мамлекеттик менчикте турган

жер участокторун берүү үчүн тооруктарды өткөрүү боюнча комиссиянын ку- рамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Комиссиянын иш-аракети Ысыккөл облусунун мамлекеттик администраци- ясынын аппараты тарабынан камсыздалаары белгиленсин. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы N 370 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Жер участокторун берүү боюнча тооруктарды өткөрүүдөн түшкөн ка-

ражаттар Ысыккөл облусун өнүктүрүүгө жумшалаары белгиленсин.

4. Ысыккөл облусунун мамлекеттик администрациясы комиссиянын иши-

нин регламентин жана курорттук, дарылоочу-ден соолукту чыңдоочу жана туристтик объекттерди жана тейлөө объекттерин куруу үчүн мамлекеттик менчикте турган, курорттук-рекреациялык зонадагы жер участокторун берүү боюнча тооруктарды өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону эки аптанын ичинде иштеп чыксын жана бекитсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын агро өнөр жай комплексин өнүктүрүү жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр Н.Танаев
