# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 2-июлундагы № 493 "Борбордук Азия университетинин студенттик шаарчасын (кампус) куруу үчүн жер участогун берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 2-июлундагы № 493 "Борбордук Азия университетинин студенттик шаарчасын (кампус) куруу үчүн жер участогун берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 493
- Кабыл алынган күнү: 02.07.2004
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/55538>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-10171/edition/324194/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/55538.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 2-июлундагы № 493 "Борбордук Азия университетинин студенттик шаарчасын (кампус) куруу үчүн жер участогун берүү жөнүндө" токтому (12.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/55538

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2004-жылдын 2-июлу N 493

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Борбордук Азия университетинин студенттик шаарчасын (кампус) куруу үчүн жер участогун берүү жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-декабрындагы N 938, 2025-жылдын 12-декабрындагы № 805 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

"Тажикстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Казакстан Рес- публикасынын жана Исмаилчилердин имамчылыгынын ортосунда Борбордук Азия университетин түзүү боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 14-январындагы N 8 Мыйзамын аткаруу мак- сашңца жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Нарын облусунун мамлекеттик администрациясынын, Нарын облустук

кеңешинин жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча Республикалык комиссия менен макулдашылган төмөнкүдөй сунушу кабыл алынсын:

- Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы Нарын районунун 251,58

га жерин "Айыл чарба багытындагы жерлер", "Токой фондунун жерлери", "Өнөр жай, транспорт, байланыш жана башка багыттагы жерлер категориясы- нан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө, анын ичинде: Нарын эксперименталдык станциясынын 79,5 га сугат жерин; Нарын райондук суу чарба башкармалыганын 4,0 га жерин; "Канчоро" фермердик чарбасынын 5,2 га жайыт жерин; Жанбулак айыл өкмөтүнүн 59,7 га жайыт жерин; Миңбулак айыл өкмөтүнүн 13,0 га жайыт жерин; Нарын шаарынын 33,18 га башка жерлерин; Токой фондунун 51,2 га жерин; Өнөр жай, транспорт, байланыш жана башка багыттагы 5,8 га жерди;

– көрсөтүлгөн жерлерден 40 гектарды төмөнкүлөр үчүн Борбордук Азия университетине туруктуу пайдаланууга берүү жөнүндө:

университеттин окуу имаратын кошо алганда студенттик шаарча (кам- пус) объекттерин, студенттер жана профессордук-окутуучулук курам үчүн турак жай, спорттук жана ден соолукту чыңдоо комплекстерин, лыжа база- сын, жайкы студенттик лагерь куруу; рекреациялык, ден соолукту чыңдоо жана парк зонасын уюштуруу; биология жана айыл чарба курсу боюнча университет тарабынан оку- туу-практикалык жана илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү максатында экспе- рименталдык-тажрыйба талаасын уюштуруу; ошондой эле Борбордук Азия университетинин Уставында аныкталган башка максаттар үчүн. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2025-жылдын 12-декабрындагы № 805 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Нарын облустук мамлекеттик администрациясы республиканын мый-

замдарына ылайык "Канчоро" фермердик чарбасынын университет шаарчасынын курулушуна туура келген жерлерин алууну, ал эми Борбордук Азия универ- ситети зыяндын ордун толтурууну жүргүзсүн.

3. Борбордук Азия университетине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте университеттик шаарчаны куруу үчүн берилүүчү Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын районунун Ак-Кыя жергесиндеги аянты 12,2 га жер участогунда жайгашкан имараттарды жана курулмаларды сатып алууга уруксат берилсин:

- Басылбеков Жекшеналынын;

- Байгубатов Жыргалбектин;

- Койчуманов Курманбектин;

- Мааткеримов Орозбектин;

- Шаршенова Майрамкүлдүн;

- Максүтова Турдубүбүнүн;

- Мукамбетов Мараттын жеке менчик укугуна таандык менчик турак үй-

лөрүн жана короо жанындагы жер участокторун;

- Жээнчороев Таалайдын жеке менчигиндеги автомайкуюучу станцияны

кызматтык-техникалык аймагы менен;

- мамлекеттик менчикте турган, Нарын токой чарбасына таандык куру-

лушту (токой кордону), ошондой эле Кыргыз Республикасынын Транспорт жа- на коммуникациялар министрлигинин өндүрүштүк-линиялык N 3 автожол баш- кармалыгынын мейманканасын, чарбалык курулуштарын, битум сактоочу жа- йын. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-декабрындагы N 938, 2025-жылдын 12-декабрындагы № 805 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

4. Борбордук Азия университети берилүүчү жер участокторунда жай-

гашкан имараттар менен курулуштардын наркын, тарткан зыяндардын ордун толтурууну мыйзамда белгиленген тартипте жүргүзсүн.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укук-

тарды каттоо боюнча мамлекеттик агентство жер участокторуна жана Бор- бордук Азия университетинин башка кыймылсыз мүлк объекттерине укукту ырастоочу документтерди мыйзамда белгиленген тартипте тариздесин.

6. Нарын облусунун мамлекеттик администрациясы:

- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүү киргизсин;

- Борбордук Азия университетине долбоорду аткарууга, тышкы инже-

нердик тармактарга жана коммуникацияларга, инфраструктуралардын башка түрлөрүнө кошууга байланыштуу бардык маселелер боюнча ар тараптан көмөк көрсөтсүн.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр Н.Танаев
