# "Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын кызматкерлерине азык-түлүк паегунун ордуна акчалай компенсациянын нормалары жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: "Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын кызматкерлерине азык-түлүк паегунун ордуна акчалай компенсациянын нормалары жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 434
- Кабыл алынган күнү: 14.06.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.03.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/55472>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-10117/edition/781270/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/55472.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын кызматкерлерине азык-түлүк паегунун ордуна акчалай компенсациянын нормалары жөнүндө" токтому (23.03.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/55472

---

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-мартындагы № 173 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2004-жылдын 14-июну № 434 Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын кызматкерлерине азык-түлүк паегунун ордуна акчалай компенсациянын нормалары жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 27-апрелиндеги № 169, 2006-жылдын 20-январындагы № 32, 2007-жылдын 11-майындагы № 171, 2008-жылдын 14-июлундагы № 376, 2011-жылдын 13-июнундагы № 305 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын кызматкерлерин материалдык жактан стимулдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын кызматкерлерине азык-түлүк паегунун ордуна акчалай компенсациянын нормасы суткасына 34 сом өлчөмүндө белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги азык-түлүк паегунун ордуна компенсация төлөөнү республикалык бюджетте бекитилген чыгымдардын сметасынын чегинде жүргүзсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 23-февралындагы № 37-б буйругунда "Финансы полициясы" деген сөздөр алып салынсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укук коргоо органдарынын иштери боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Н.Танаев
