Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды контролдоо боюнча агенттигинин кызматкерлеринин кийим-кече предметтеринин, атрибуттарынын жана айырмалоо белгилеринин сыпаттамасын бекитүү жөнүндө»токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 4 сентября 2020 года № 470 "О внесении изменений в некоторые решения Правительства Кыргызской Республики в сфере контроля наркотиков"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2020-09-04.
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-сентябрындагы № 470 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2004-жылдын 26-майы №384
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын
17-октябрындагы №731, 2010-жылдын 30-сентябрындагы №225
токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Бањгизаттарды контролдоо боюнча агенттигинин кызматкерлеринин кийим-кече предметтеринин, атрибуттарынын жана айырмалоо белгилеринин сыпаттамасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 27-сентябрындагы N 204 "Кыргыз Республикасынын Баңги заттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын маселелери жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: (КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-сентябрындагы №225 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Бањгизаттарды контролдоо боюнча агент-
тигинин кызматкерлеринин кийим-кече предметтеринин, атрибуттарынын
жана айырмалоо белгилеринин тиркелген сыпаттамасы бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Бањгизаттарды контролдоо боюнча агент-
ствосу:
- Кыргыз Республикасынын Бањгизаттарды контролдоо боюнча агент-
ствосунун кызматкерлеринин форма кийимдерди кийүү жана айырмалык белги-
лерин тагынуу эрежелерин бекитсин;
- форма кийимдерин даярдоо менен байланышкан чыгымдарды Кыргыз
Республикасынын Бањгизаттарды контролдоо боюнча агентствосуна жыл сайын
бөлүнүүчү ассигнованиелердин чегинде жүргүзсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укук коргоо органдарынын
иштери боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Н.Танаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2004-жылдын 26-майындагы
№384 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Бањгизаттарды контролдоо
боюнча агенттиктин кызматкерлеринин кийим-кече
предметтеринин, атрибуттарынын жана айырмалоо
белгилеринин
СЫПАТТАМАСЫ
I. Жогорку жетекчилик курам үчүн
II. Улук, ортоњку жана кенже жетекчилик курам үчүн (эркектер)
III. Жетекчилик курам үчүн (аялдар)
IV. Кыргыз Республикасынын Бањгизаттарды контролдоо
боюнча агенттиктин аттестацияланган курамынын
атайын наамдары боюнча айырмалоочу белгилери
V. Форма кийимдердин атрибуттары
I. Жогорку жетекчилик курам үчүн
1.1. Кулакчындуу тумак
Тумак алкактан, төбөсүнөн жана кептен турат.
Алкагы (мањдай кыры, желкеси кулакчындары менен) боз түстөгү асыл
тукум каракүл көрпөдөн жасалат.
Төбөсү төрт кыйыктан туруп, мындай кыры жана кулакчындуу желкеси
(ич жагы) боз түстөгү ноотудан тигилет.
Кеби кебез салынып ичилигине кабылган бөлүктөр жана тегерек
төбөдөн турат.
Мањдай кырынын дал ортосуна Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик
герби бар кокарда бекитилет.
1.2. Фуражка
1.2.1. Парадда-салтанатта кийилүүчү жүн кездемеден даярдалган фу-
ражка сүйрү тегерек формадагы төбөдөн, кара түстөгү төрт кыйыктуу тала-
адан, кара түстөгү алкактан, мањдай кырдан турат. Төбөсүн тегерете жана
алкагынын үстүњкү жээгине тегерете кызыл тасма бастырылган.
Фуражканын алкагынын алды жагына кокарда бекитилген, ал эми эки
капталына лавр бутагы түрүндө алтын жалатылган жип менен оймо
түшүрүлгөн.
Мањдай кыры үстүнөн кара, лакталган кайыш менен капталган, асты
кара түстөгү күдөрү же жүн кездеме менен тышталган. Мањдай кырынын
сырткы чекесин бойлото лавр бутагы жана боо түрүндө алтын жалатылган
сайма түшүрүлгөн.
Мањдай кырынын үстүндөгү алкакка кадалган формалык эки топчуга
хром кайыштан алтын жалатылган саймалуу ичке кур тагылган.
1.2.2. Күндө кийилүүчү жүн фуражка кара жана сур түстө болуп,
конструкциясы боюнча параддык-салтанаттык фуражкадай, бирок мањдай кы-
рында саймасы болбойт.
Фуражканын алкагынын алды жагына кокарда бекитилген, ал эми эки
капталына лавр бутагы түрүндө алтын жалатылган жип менен сайма
түшүрүлгөн.
Мањдай кырынын үстүндөгү алкакка кадалган формалык эки топчуга ал-
тын түстөгү эшилген боо тагылган.
1.3. Жогорку жетекчилик курам үчүн күзгү-кышкы күрмө
Күрмө кара түстөгү кездемеден тигилген, түз көрүнүштөгү каракүл
жакалуу, беш топчу менен топчулануучу борбордук жашырын топчулуктуу,
жылуулоочу астар жана чечип коймо ичилик натуралдык мехтен этегине че-
йин салынган, тигилме погондуу.
Жакасынын артында баш чүмбөт тагуу үчүн илгичтери бар.
Жакасы кайырма, боз түстөгү каракүлдөн. Бир тышкы төш чөнтөгүнө
сыдырма салынган.
Күрмөнүн төмөнкү бөлүгүндө жашырын сыдырма салынган эки жан чөнтөк
бар. Күрмө сыдырма менен топчуланат, жогорку бөлүгүндө жашырын топчу
бар.
Жењдери орнотулма, кош тигиштүү, сол жењине жењге тагылуучу белги
жайгаштырылган. Погондору тигилме, кара түстө.
1.4. Мундир
Параддык-салтанаттык мундир кара түстөгү жүн кездемеден тигилет,
эки борттуу, денеге жарым-жартылай кыналып турат, ачык, жакасы кайырма,
формалык үч топчу менен топчуланат.
Өњүрүндө капкалдырыктуу тилик жан чөнтөктөрү бар. Лацкандарында
бирден топчулуктун орду тордолгон. Учасындагы тигиш дал ортосунан өтөт.
Жењдери кош тигиштүү, учу түз бүтөт. Жакасына жана жењ учуна алтын
түспөл жип менен оймо түшүрүлгөн. Жаканын жана жењ учунун жээктерин
бойлото кызыл түстөгү ноотудан кош кабат (бири жазы, бири ичке) тасма
тигилген.
Өњүрлөрүнүн ичилигинде төш чөнтөктөр бар. Погондору тигилме, алтын
сымал түстө.
1.5. Китель
Демейде кийилүүчү китель кара жана сур түстөгү жүн кездемеден ти-
гилет, конструкциясы боюнча параддык-салтанаттык мундирдей, бирок жењ
учунда оймосу жок, кызыл түстөгү милтеси бар. Жакасына алтын түспөл жип
менен оймо түшүрүлгөн. Жаканын жээктерин бойлото кызыл түстөгү ноотудан
тасма тигилген.
Погондору тигилме, кара түстө.
1.6. Шым
Шым жүн кездемеден түз тигилет, белине кашат салынат, металл илгич
жана топчу менен топчуланат. Кашаты ичке, кур өткөргүчтөрү бар.
Шымдын алдынын сол жагына саат үчүн чөнтөк салынган. Артынын оњ
жагында капкалдырыктуу чөнтөгү бар. Каптал тигиштерине чөнтөк жана тас-
ма салынып, тасманын эки тарабында лампас тилке бар. Тасма менен лампас
кызыл түстөгү ноотудан. Шымдын алды жагы ичтелген. Шым параддык-салта-
наттык жана күндө кийилүүчү кара түстөгү болуп бөлүнөт.
1.7. Галифе
Туу көтөрүүчү топтун курамында салтанаттуу иш-чараларга катышууда
кенже жана ортоњку жетекчилик курам үчүн.
1.8. Сырт көйнөк
Көйнөк ачык-көгүш, ачык-күрөњ жана ак түстөрдөгү кездемеден тиги-
лет, жакасы кайырма, кесик жака каттамдуу, каптама төш чөнтөктөрүндө
бантик сыяктуу бүктөлгөн бөйрөмчөлөрү жана капкалдырыгы бар.
Алды жагы этегине чейин ачык. Учасы кокеткалуу. Жењи тилик жана
тигилген манжеталуу. Көйнөктүн алды, капкалдырыктар, манжеталары топчу
менен топчуланат.
Погондору чыгарылма, түс гаммасы боюнча - көйнөктүн түсүндө.
1.9. Жагоо (Галстук)
Жагоо чоюлган трапеция түрүндөгү негизги бөлүктөн турат, аяк жагы
учтуу болуп - байланма.
1.10. Кыска ботинка
Кара түстөгү шевро кыска ботинка кыйыктардан, кончтон, апкыттан,
тигилген тумшуктан, арткы конч тарткычтан, тамандан турат.
Кончтун эки капталында резинка, алды жагында илинүүчү боо (боону
колдонбосо да болот) болот.
Кыйыктардын алдына кебез кездемеден ичилик, кончтун алдына саркыян
териден ичилик коюлат.
Таманы, ички таманы, апкыты, тумшугу тамандык кайыштан. Такасы ка-
йыш, резина же кайыш менен бийиктетилген. Ич таман менен ботинканын жо-
ну ичке кайыш менен кармалып турат. Кыска ботинканын ичине тамандык ка-
йыштан ички таман же кыска ич таман салынат.
1.11. Хром өтүк
Туу көтөрүүчү топтун курамында салтанаттуу иш-чараларга катышууда
кенже жана ортоњку жетекчилик курам үчүн.
II. Улук, ортоњку жана кенже жетекчилик
курам үчүн (эркектер)
2.1. Кулакчындуу тумак
Кулакчындуу тумак алкактан, төбөсүнөн жана кептен турат. Алкагы
(мањдай кыры, желкеси кулакчындары менен) боз түстөгү кой терисинен жа-
салат.
Төбөсү төрт кыйыктан туруп, мањдай кыры жана кулакчындуу желкеси
(ич жагы) кара түстөгү ноотудан тигилет.
Кеби кебез салынып ичилигине кабылган бөлүктөр жана тегерек
төбөдөн турат.
Мањдай кырынын дал ортосуна Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик
герби бар кокарда бекитилет.
2.2. Фуражка
Фуражка жүн кездемеден жасалып, төбөсү сүйрү тегерек, төрт кыйык-
туу кара түстөгү алкактан, мањдай кырдан турат. Төбөсүн тегерете жана
алкагынын үстүњкү жээгине тегерете кызыл тасма бастырылган.
Фуражканын алкагынын алды жагына Кыргыз Республикасынын Мамлекет-
тик герби түшүрүлгөн кокарда бекитилген, мањдай кыры лакталган кара.
Мањдай кырынын үстүндөгү алкакка кадалган формалык эки топчуга ал-
тын түстөгү өрүлгөн боо тагылган.
2.3. Берет
Берет кара түстө жүн кездемеден жасалат, капкактан, алдыњкы кап-
талдан жана бир же эки арткы капталдан турат.
Береттин алдыњкы бөлүгүндө ич жагынан кокарданын бекиткичин жаап
коюу үчүн жасалма кайыштан капкалдырык жайгаштырылат. Капталдарынын ая-
гы жасалма кайыштан жасалган ичке кайыш менен жээктелген, андан боо
өткөрүлөт. Капталдарынын сырткы тигиштеринде металл көзөнөкчөлөр жай-
гашкан.
Береттин капталынын алдыњкы бөлүгүнө Кыргыз Республикасынын Мамле-
кеттик герби түшүрүлгөн кокарда бекитилет.
2.4. Панама
Панама кара түстө (күндө кийилүүчү), камуфляждык (талаада ки-
йилүүчү) болот, ал төбөдөн жана ичилик салынган талаадан турат.
Панаманын каптал бөлүктөрүнө эки жагынан анча чоњ эмес экиден
көзөнөк жайгаштырылган.
Алды жагына кокарда бекитилет, капталдарына эки формалык топчу
жайгаштырылган, ага алтын түсүндөгү (күндөлүк форма үчүн), камуфляждык
түстөгү (талаа формасы үчүн) боо топчуланат.
2.5. Жогорку жетекчилик курам үчүн күзгү-кышкы күрмө
Күрмө кара түстөгү плащтык кездемеден тигилген, түз көрүнүштөгү
мех жакалуу, беш топчу менен топчулануучу борбордук жашырын топчулук-
туу, жылуулоочу астар жана чечип коймо ичилиги этегине чейин салынган,
ийнинде тигилме погону бар. Жакасынын артында баш чүмбөт тагуу үчүн ил-
гичтери бар.
Жакасы кайырма, боз түстөгү мехтен. Бир тышкы төш чөнтөгүнө сыдыр-
ма салынган, ич жагынан кийрилген "АКН" деген кара түстөгү жазуусу бар.
Чөнтөгүнүн төмөнкү бөлүгүнүн эки жагына кийриндини бекитүү үчүн
эки тырс этме жайгаштырылган.
Күрмөнүн төмөнкү бөлүгүндө жашырын сыдырма салынган эки жан чөнтөк
бар. Күрмө сыдырма менен топчуланат, жогорку бөлүгүндө жашырын топчу
бар.
Жењдери орнотулма, кош тигиштүү, сол жењине жењге тагылуучу белги
жайгаштырылган. Жалган погондуу тигилме погондор топчуга топчуланат.
2.6. Параддык-салтанаттык жана күндөлүк китель
Борбордук борттук топчулуктуу, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик
гербинин сүрөттөлүшү түшүрүлгөн төрт формалык топчулуу жарым кынама
көрүнүштө кара түстөгү жүн кездемеден тигилген китель, ачык, этегине
чейин ичилик салынган.
Жакасы кайырма, жогорку жетекчилик курам үчүн алтын жалатылган ой-
молуу, калган жетекчилик курам үчүн оймосу жок, жаканын учтарьгада эмб-
лемалар бар. Жака менен лацкандын ортосундагы тиликтин ортосу - 6 см.
Өњүрлөрү тилик каптал бөлүктөрдөн, алдыњкы таноолордон, борборуна
бантик сымал бүктөмө салынган жогорку каптама чөнтөктөрдөн жана фигура-
луу капкалдырыктуу тилик жан чөнтөктөрдөн турат.
Учасындагы тигиш ортосунан өтүп, аягы тилик болуп бүтөт.
Жењдери орнотулма, эки тигиштүү. Жењдеринин учтарына четинен 9 см
аралыкта кызыл түстөгү милте бастырылган.
Сол жењинде жењге тагылуучу белги жайгашкан.
Өњүрлөрүнүн ичилигинде ички төш чөнтөк бар. Погондору алтын сымал
түстөгү формалык топчулуктуу, негизи картондон турган кителдин өњүндөгү
материалдан тигилме.
2.7. Күрмө
Күрмө кара түстөгү жүн кездемеден түз тигилген. Алды жагына сыдыр-
ма салынган.
Жакасы кайырма.
Өњүрлөрү кокеткалуу, сыдырма салынган жогорку тилик чөнтөктүү, сы-
дырма салынган тилик жан чөнтөктүү. Учасы кокеткалуу.
Жењдери орнотулма бир тигиштүү, манжета салынган. Сол жењине жењге
тагылуучу белги жайгашкан.
Күрмөнүн этегинин каптал тигиштери турган жерге чоюлма тасма салы-
ыган.
Погондору алтын сымал түстөгү формалык топчулуктуу, негизи картон-
дон турган кителдин өњүндөгү материалдан тигилме.
2.8. Шым
Шым топчуга топчуланган кашат салынган кара түстөгү жүн кездемеден
тигилген. Кашатында кур өткөргүчтөрү бар.
Шымдын алдыњкы бөлүктөрүндө капталы тилик чөнтөктөрү бар. Шымдын
сол жарымына саат үчүн чөнтөк салынган. Артынын оњ жагында капкалдырык-
туу чөнтөгү бар. Каптал тигиштерине кызыл түстөгү ноотудан тасма (жо-
горку жетекчилик курам үчүн, андан сырткары, лампас) тигилген.
2.9. Камуфляж түсүндөгү кездемеден тигилген кышкы костюм
2.9.1. Камуфляж түсүндөгү кездемеден тигилген кепка сүйрү формада-
гы капкактан, алкактан, мавдай кырдан жана түшүрүлмө желке жапкычтан
турат. Кепканын каптал жактарына үч желдетме металл көзөнөкчө жайгаш-
кан.
Кепканын желке жапкычы мехтен.
Желке жапкычтын жогорку бөлүгү каптал жактарында тырс этме менен
бекитилет.
Кепканын алкагынын алды жагына кокарда бекитилет.
2.9.2. Жылуулатылган күрмө камуфляж түсүндөгү кездемеден тигилген,
этегине чейин ичилик салынган, мех жакалуу жана чечилме баш чүмбөттүү,
түз тигилген, боорундагы топчулары жашырылган, бир гана топчусу ачык
топчуланат.
Өњүрлөрүндө бел сызыгы боюнча ички бел курчалуу, капкалдырыктары
бар жогорку жана төмөнкү каптама чөнтөктүү.
Жакасы кой терисинен жасалып, кайырма.
Учасы бел сызыгы боюнча ички бел курчалуу туташ бычылган.
Жењи орнотулма бир тигиштүү. Жењдин учу бүктөлүп ичине тигилген,
кесилген жери жашырылып тигилген.
Тигилме погондору топчуга топчуланат.
2.9.3. Шым камуфляж түсүндөгү кездемеден тигилген, багалегине че-
йин жылуулоочу ичилик салынган, кашат салынып тигилген, топчу менен
топчуланат, кур өткөргүчтөрү бар.
Шымдын капталдарьша капкалдырыктуу каптама чөнтөктөр салынган.
Шымдын багелеги бүтүлүп тигилген жана ага чоюлгуч тасма тагылган.
Багелектин каптал тигиштери сызыгына тасма илгич (штрипка) жайгаш-
кан, анын эки учу эки топчу менен топчуланат.
2.10. Камуфляж түсүндөгү кездемеден тигилген жайкы костюм
2.10.1. Камуфляж түсүндөгү кездемеден тигилген кепка сүйрү форма-
дагы капкактан, алкактан, мањдай кырдан жана түшүрүлмө желке жапкычтан
турат. Кепканын каптал жактарына үч желдетме металл көзөнөкчө жайгаш-
кан.
Желке жапкычтын жогорку бөлүгү каптал жактарында тырс этме менен
бекитилет.
Кепканын алкагынын алды жагына кокарда бекитилет. Камуфляж түстөгү
панама (жетекчилик курам үчүн), кара түстөгү берет (атайын багыттагылар
үчүн) кийүүгө жол берилет.
2.10.2. Күрмө камуфляж түсүндөгү кездемеден түз тигилген, боорун-
дагы топчулары жашырылган, бир гана топчусу ачык топчуланат.
Өњүрлөрүндө бел сызыгы боюнча ички бел курчалуу, капкалдырыгы бар
жогорку жана төмөнкү каптама чөнтөктүү.
Жакасы кайырма. Учасы бел сызыгы боюнча ички бел курчалуу туташ
бычылган.
Жењи орнотулма бир тигиштүү, манжет салынган.
Тигилме погондору (жалган погондору менен) топчуга топчуланат.
2.10.3. Шым камуфляж түсүндөгү кездемеден кашат салынып тигилген,
топчу менен топчуланат, кур өткөргүчтөрү бар. Шымдын капталдарына жан
чөнтөктөр салынган.
Багелектин каптал тигиштери сызыгына тасма илгич (штрипка) жайгаш-
кан, анын эки учу эки топчу менен топчуланат.
2.11. Узун жењдүү формалык көйнөк
Узун жењдүү формалык көйнөк ачык көгүш, ачык күрөњ жана ак түстөгү
кездемеден тигилген (шымданып кийүү үчүн).
Жакасы кайырма, кесик жака каттамдуу.
Өњүрлөрү бантик сыяктуу бүктөлгөн бөйрөмчөлөрү жана капкалдырыгы
бар каптама төш чөнтөктүү.
Жењи узун, манжет тигилген. Сол жењинде жењге тагылма белги жай-
гашкан.
Погондору кара түстөгү жалган погондору менен топчулануучу
көйнөктүн өњүндөй материалдан тигилген.
2.12. Кыска жењдүү формалык көйнөк
Кыска жењдүү формалык көйнөк ачык көгүш, ачык күрөњ жана ак
түстөгү кездемеден бел курсуз тигилген (шымданып кийүү үчүн).
Жакасы кайырма, кесик жака каттамдуу.
Өњүрлөрү бантик сыяктуу бүктөлгөн бөйрөмчөлөрү жана капкалдырыгы
бар каптама төш чөнтөктүү.
Учасы кокеткалуу.
Жењи кыска, манжет тигилген. Сол жењинде жењге тагылма белги жай-
гашкан.
Погондору кара түстөгү жалган погондору менен топчулануучу
көйнөктүн өњүндөй материалдан тигилген.
2.13. Жагоо
Жагоо чоюлган трапеция түрүндөгү негизги бөлүктөн турат, аяк жагы
учтуу болуп - байланма.
2.14. Кончу узун ботннка (кыска өтүк)
Кара түстөгү кончу узун хром ботинка (кыска өтүк) кыйыктардан,
кончтон, тилчеден, каттап тигүүчү кыйыктардан, апкыттан, сыртынан бай-
лоочу боодон, "краг" илгичтеринен турат.
Кончтун алды жагында - боо өткөрүү үчүн көзөнөкчөлөр, жасалма мех-
тен, түктүү жумшак кездемеден (нооту) ичилик салынган же ичиликсиз. Боо
менен байланат же сыдырма салынат. Таманы менен такасы көпшөк резина же
"тэп". Боо өткөргүчү - металл тогоолор. Таманы ичке кайыштар менен же-
лимделип бекитилген (желимдеп бекитүүгө жол берилет). Ичине ич таман
салынат.
2.15. Хром кыска ботинка
Кара түстөгү хром кыска ботинка кыйыктардан, кончтон, тилчеден жа-
на тамандан турат.
Кончтун алды жагында - боо өткөрүү үчүн көзөнөкчөлөр бар (резина
болушу да мүмкүн).
Кыйыктардын ичилиги кебез кездемеден, кончтуку саркыян кайыштан.
Таманы, ич таманы, апкыты тамандык кайыштан. Тумшугу - кайыштан же гра-
нитолдон. Такасы кайыштан, резиналанган куйма така менен бийиктетилген.
Таманы жасалма же синтетикалык материалдан желим менен чапталып бирик-
тирилген.
2.16. Жылуулатылган кыска өтүк
Кара түстөгү жылуулатылган кыска өтүк кончтон, алдыњкы бөлүгүнөн
жана тамандан турат. Футорлуу кончу накта мехтен (жогорку жетекчилик
курам үчүн), жасалма мехтен (калган жетекчилик курам үчүн), апкыты ка-
лыњ кайыштан. Тумшугу катуу. Кончуна сыдырма салынган.
2.17. Жабдыктар
Жабдыктар күрөњ (кара) түстөгү эни 50 мм кайыш бел курдан турат
Курга беш кырдуу эки илгичтүү тогоо тагылат. Курдун бош учунда тогоонун
илгичтери үчүн көзөнөкчөлөр бар. Тогоо, жарым тегерекчелер жана кобура
илгич кнопкалар алтын түстүү латундан жасалат.
2.18. Шымдын куру
Шымдын куру кара түстөгү кайыштан же жасалма кайыштан жасалат, не-
гизги курдан, кыймылдуу же кыймылсыз кур өткөргүчтөн турат. Курга төрт
кырдуу бир илгичтүү тогоо тагылган. Курдун бош учунда илгичтер жана то-
гоо үчүн көзөнөкчөлөр бар.
Курдун эни - 35 мм.
2.19. Моюн орогуч (кашне)
Моюн орогуч трикотаж кездемеден: параддык форма үчүн - ак түстө,
күндө кийилүүчү форма үчүн - кара түстө.
III. Жетекчилик курам үчүн (аялдар)
3.1. Мех тумак
Тумак боз түстөгү кой терисинен туташ тигилет, цилиндр формасында-
гы алкактан жана тегерек капкактан турат. Алкактын апды жагынын ортосу-
на кокарда бекитилет.
3.2. Панама
Жетекчилик курам үчүн (эркектер) кандай болсо ошондой.
3.3. Пилотка
Кара түстөгү жүн кездемеден тигилген пилотка капкактан, каптандар-
дан жана бортчодон турат.
Капкагы ортосунан бириктирип тигилген эки бөлүктөн туруп, сүйрү
формада. Капталдары түз, эки бөлүктөн турат.
Бортчосунун алды жагында анча чоњ эмес тилик бар, бортчонун жогор-
ку четине кызыл түстөгү милте бастырылган.
Бортчонун алды жагынын ортосуна кокарда бекитилет.
3.4. Салтанатта жана күндө кийилүүчү жакет
Жакет кара түстөгү жүн кездемеден тигилген. Денеге жарымжартылай
кынама, борбордук борттук формалык үч топчу менен топчуланат. Борту тик
бурчтуу.
Жакасы кайырма, жаканын учтарында эмблемалар бар.
Өњүрлөрү каптал таноолуу, фигуралуу капкалдырыктуу дилик жан
чөнтөктөрү бар.
Учасындагы тигиш дал ортосунан өтөт.
Жењдери эки тигиштүү, тилик, тиликтеринде үчтөн формалык топчу
бар. Сол жењинде жењге тагылуучу белги жайгашкан.
Оњ өњүрүнүн ичилигинде төш чөнтөк бар.
Погондору алтын сымал түстөгү формалык топчулуктуу, негизи картон-
дон турган кителдин өњүндөгү материалдан тигилме.
3.5. Юбка
Юбка кара түстөгү жүн кездемеден кашат салынып түз тигилет, топчу-
га топчуланат жана сыдырма салынат.
Арткы капталы эки таноолуу жана ортоњку тигишинде тилиги бар.
3.6. Шым
Шым кара түстөгү жүн кездемеден кашат салынып тигилет, топчуга
топчуланат. Кашатында кур өткөргүчтөрү бар.
Шымдын алдыњкы бөлүктөрүндө капталы тилик чөнтөктөрү бар. Каптал
тигиштерине кызыл түстөгү ноотудан милте бастырылган.
3.7. Күрмө
Күрмө кара түстөгү жүн кездемеден түз тигилген, алды жагына сыдыр-
ма салынган, этегине тигилген тилке куру бар жана этегине чейин ичи-
ликтүү.
Жакасы кайырма, жаканын учтарында эмблемалар бар.
Өњүрлөрү кокеткалуу, тик рельефтүү, эки каптама чөнтөктүү.
Учасы кокеткалуу.
Жењдери орнотулма эки тигиштүү, манжета салынган. Сол жењине жењге
тагылуучу белги жайгашкан.
Күрмөнүн этегинин каптал тигиштери турган жерге чоюлма тасма са-
лынган.
Жењдин манжеталары формалык топчуга топчуланат.
Погондору алтын сымал түстөгү формалык топчулуктуу, негизи картон-
дон турган кителдин өњүндөгү материалдан тигилме.
3.8. Жайкы көйнөк
Көйнөк каралжын-күрөњ түстөгү жука кездемеден кашат салынып тиги-
лет, жакасы кайырма жана ортосу бантик сыяктуу бүктөлгөн жана фигуралуу
капкалдырыгы бар каптама төш чөнтөктүү.
Көйнөктүн алды жана чөнтөктөрдүн капкалдырыктары топчу менен топ-
чуланат. Жењи кыска. Сол жењинде жењге тагылма белги жайгашкан.
Юбка алдынан мањдайлаш бүктөмөсү бар эки тигиштүү.
Погондору тигилме, жалган погону бар кара түстө.
3.9. Узун жењдүү блузка
Узун жењдүү формалык блузка ачык-көгүш, ачык-күрөњ жана ак
түстөрдөгү кездемеден тигилет, жакасы кайырма, кесик жака каттамдуу,
каптама төш чөнтөктөрүндө бантик сыяктуу бүктөлгөн бөйрөмчөлөрү жана
капкалдырыгы бар.
Алды этегине чейин кесиктүү жана таноолуу.
Учасы кокеткалуу.
Жењдери тилик жана кайып тигилген манжеталуу. Сол жењинде жењге
тагылма белги жайгашкан.
Блузканын алды, капкалдырыктары, манжеталары топчуга топчуланат.
Погондору тигилме.
3.10. Кыска жењдүү блузка
Кыска жењдүү формалык блузка ачык-көгүш, ачык-күрөњ жана ак
түстөгү кездемеден тигилет, жакасы кайырма, каптама төш чөнтөктөрүндө
бантик сыяктуу бүктөлгөн бөйрөмчөлөрү жана капкалдырыгы бар.
Алды этегане чейин кесиктүү жана таноолуу. Учасы кокеткалуу.
Жењдери тилик жана кайып тигилген манжеталуу. Сол жењинде жењге
тагылма белги жайгашкан.
Блузканын алды, капкалдырыктары, манжеталары топчуга топчуланат.
Погондору тигилме, түс гаммасы боюнча - блузканын түсөндө.
3.11. Жагоо
Жагоо кыска тасмалуу жана анча чоњ эмес түйүндүү көпөлөкчө форма-
сында.
3.12. Өтүк
Өтүк кара түстөгү хромдон ултарылат. Кончуна сыдырма салынган.
Ичилиги мех, кийиз, ноотудан. Таманы синтетикалык же жасалма материал-
дардан көпшөк резинага желимделип бекитилет.
3.13. Туфли
Туфли кара түстөгү хромдон ултарылат, такалуу жана таш тамандуу,
желимделип бекитилет.
IV. Кыргыз Республикасынын Бањгизаттарды контролдоо
боюнча агентствосунун аттестациялангаы курамынын
атайын наамдары боюнча айырмалоочу белгилери
Кыргыз Республикасынын Бањгизаттарды контролдоо боюнча агентство-
сунун аттестацияланган курамынын атайын наамдары боюнча айырмалоочу
белгилери тиешелүү өлчөмдөгү жылдыздары бар погондор болуп эсептелет.
4.1. Жогорку жетекчилик курамдын погондору
Жогорку чети сүйрү, атайын токулган сур жана кара түстөрдөгү га-
лундан, кызыл түстөгү милте бастырылып тигилген тик бурчтуу погондор.
Жогорку чети үч бурчтуу, милте салынбай кийимдин кездемесинен ти-
гилген тик бурчтуу.
Погондун жогорку бөлүгүнө алтын сымал түстөгү топчу жайгаштырыл-
ган. Погондорго диаметри 22 мм болгон алтын сымал түстөгү тигилген жыл-
дызчалар жайгаштырылган.
Жылдызчалардын саны атайын наамга туура келет.
4.2. Улук, ортоњку, кенже жетекчилик курамдын погондору
4.2.1. Тигилме
Жогорку бөлүгүндө бир типтүү материалдан жасалган (китель үчүн -
кителдик кездеме, көйнөк үчүн - көйнөктүк кездеме ж.б.), формалык топ-
чунун көзү үчүн жогорку чети жумуруланган тик бурчтуу.
Погондорго төмөнкүлөр жайгаштырылган:
- улук жетекчилик курам үчүн - диаметри 20 мм болгон алтын сымал
түстөгү жылдыздар;
- ортоњку жетекчилик курам жана прапорщиктер үчүн - диаметри 13 мм
болгон алтын сымал түстөгү жылдыздар;
- старшиналар үчүн - ортосунда алтын сымал түстөгү узата тилке
(пластинка) бар;
- сержанттар үчүн - алтын сымал түстөгү бурч түспөлдүү формадагы
тигилме (пластинка).
Жылдызчалардын, тигилмелердин (пластинкалардын) саны атайын наамга
туура келет.
V. Форма кийимдердин атрибуттары
5.1. Кокарда
Кокарда жылдызчанын ортосуна жайгашкан көгүлтүр түстө Кыргыз Рес-
публикасынын Ммамлекеттик гербинин сүрөттөлүшү бар алтын сымал түстөгү
сегиз нурлуу жылдызча түрүндө болот.
5.2. Жењге тагылма белги (шеврон)
Жењге тагылма белги четтерине жайгашкан лавр жалбырактарынын
сүрөттөлүшү бар сүйрү формадагы кара түстө, борборуна агыш жаптылдак
түстөгү сегиз нурлуу жылдызчанын сүрөтү түшүрүлгөн, анын ичинде
көгүлтүр түстө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөттөлүшү
бар. Жењге тагылма белгинин жогорку бөлүгүнө кызыл түстөгү жылдызча
жайгаштырылган. Төмөнкү бөлүгүнүн алкагында мамлекеттик тилде "Кыргыз
Республикасынын Бањгизаттарды контролдоо боюнча агентствосу" деген жа-
зуу бар.
5.3. Петлицадагы эмблема
Эмблема жылдыздын борборуна жайгаштырылган бүркүттүн башынын
сүрөттөлүшү бар алтын сымал түстөгү сегиз нурлуу жылдызча түрүндө бо-
лот.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-сентябрындагы № 470 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 04.09.2020 · № 470
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-сентябрындагы №470 токтомуПостановление · 04.09.2020 · № 470
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-сентябрындагы №225 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын маселелери жөнүндө…Постановление · 30.09.2010 · № 225 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 17-октябрындагы, №731" Кыргыз Республикасынын Баѕгизатка контролдук агенттигинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Постановление · 17.10.2006 · № 731 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-сентябрындагы № 470 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 04.09.2020 · № 470
- КР Президентинин 2010-жылдын 27-сентябрындагы ПЖ № 204 "Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын маселелери"Указ · 27.09.2010 · № 204 · Күчүн жоготкон
4 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.