# "Уйбүлөлөрдү жана балдарды колдоо бөлүмдөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2004-жылдын 17 мартындагы №180 Токтому

- Толук аталышы: "Уйбүлөлөрдү жана балдарды колдоо бөлүмдөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2004-жылдын 17 мартындагы №180 Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 180
- Кабыл алынган күнү: 17.03.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.06.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/55187>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-9901/edition/323673/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/55187.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.06.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Уйбүлөлөрдү жана балдарды колдоо бөлүмдөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2004-жылдын 17 мартындагы №180 Токтому (12.06.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/55187

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2008-жылдын 10-июнундагы № 285 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2004-жылдын 17-марты № 181

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Үйбүлөлөрдү жана балдарды колдоо

бөлүмдөрү жөнүндө

2010-жылга чейинки мезгилге Кыргызстандын балдарынын укуктарын иш-

ке ашыруу боюнча "Жањы муун" мамлекеттик программасын жүзөгө ашыруу жа-

на калкты, анын ичинде үйбүлөлөр менен балдарды социалдык тейлөө систе-

масын түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Калкты, үйбүлөлөрдү жана балдарды социалдык тейлөө системасын

түзүү боюнча эксперимент жүргүзүү жагынан пилоттук региондор катарында

төмөнкүлөр аныкталсын:

- Чүй облусунун Ысыката району жана Нарын облусунун Жумгал району

- бекитилген штаттык санынын чектеринде райондук мамлекеттик админист-

рациялардын алдында үйбүлөлөрдү жана балдарды колдоо бөлүмдөрүн түзүү

боюнча;

- Ош жана Талас облустары - бекитилген штаттык санынын чектеринде

райондук жана шаардык дењгээлдерде социалдык коргоо башкармалыктарында

үйбүлөлөр менен балдарды колдоо кызматтарын түзүү боюнча.

2. Үйбүлөлөрдү жана балдарды колдоо жөнүндө тиркелген Типтүү жобо

бекитилсин.

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Кыргыз Республикасынын

Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлиги үйбүлөлөрдү жана балдар-

ды колдоо бөлүмдөрүн түзүүдө ушул Типтүү жобону жетекчиликке алышсын.

3. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо ми-

нистрлиги Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана

региондук өнүктүрүү иштери боюнча министри жана пилоттук райондор менен

облустардын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары менен бирдикте

пилоттук долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүнө контролдуктукту ишке

ашырсын жана 2004-жылдын жыйынтыгы боюнча республиканын башка региондо-

рунда тажрыйбаны жайылтуунун максатка ылайыктуулугу тууралуу Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнө белгиленген тартипте сунуш киргизсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Рсспубликасынын

Премьер-министринин Аппаратынын социалдык-маданий өнүктүрүү жана корго-

нуу жана укук коргоо органдарынын иштери боюнча бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр Н.Танаев
