# Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2022-жылдын 28-февралындагы № 18 «2021-ж. 24 марттын №22 токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү боюнча» Токтому

- Толук аталышы: Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2022-жылдын 28-февралындагы № 18 «2021-ж. 24 марттын №22 токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү боюнча» Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 28.02.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.02.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/551114>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-76784/edition/1250307/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/551114.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.02.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2022-жылдын 28-февралындагы № 18 «2021-ж. 24 марттын №22 токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү боюнча» Токтому (28.02.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/551114

---

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 28-февралы № 18 «2021-ж. 24 марттын №22 токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү боюнча» 2021-жылдын 24 марттын №22 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Токбай айылынын тургуну А.Осмоналиевдин арыз-кайрылуусун угуп, Токбай айылындагы жаңы көчөгө Осмоналы ысымын ыйгаруу жөнүндө, ошондой эле “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ст.6, Кызыл-Туу айылдык Кенеши, ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Туу айылдык Кенешинин 2021-жылдын 24-мартындагы №22 токтомуна 1-пунктунда өзгөртүү киргизилсин, жана чыгыштан батышты карай эски башталгыч мектептин көчөсүнө чейин Токбай айылындагы көчөгө Осмоналы атындагы ысым ыйгарылсын.

2. Документтерди каттоо жагы Джигиталиев Осмоналынын туугандарына тапшырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Б Джылжымышовго тапшырылсын.

Айылдык Кенештин төрагасы

Иманалиев К.Ю.
