# Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2022-жылдын 12-январындагы № 8 «Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин эмгек акысына кошумча акы төлөө жөнүндө» Токтому

- Толук аталышы: Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2022-жылдын 12-январындагы № 8 «Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин эмгек акысына кошумча акы төлөө жөнүндө» Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/551104>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-76774/edition/1250241/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/551104.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2022-жылдын 12-январындагы № 8 «Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин эмгек акысына кошумча акы төлөө жөнүндө» Токтому (12.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/551104

---

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 12-январы № 8 «Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин эмгек акысына кошумча акы төлөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2015-жыл 27-апрелиндеги № 258 « Зыяндуу же кооптуу шарттарда оор жумуштар учун жана кошумча төлөмдөрдү негиздөө тартиби жөнүндө» токтомун жетекчиликке алып, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн түзүлгөн комитетинин отурумунун, кызматкерлердин жумуш маянасынын жыйынтыгын талкуулоо протоколунун жана электромагниттик улануунун көлөмүн өлчөө протоколунун негизинде Кызыл-Туу айыл кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин эмгек акысына 2022- жылдын январь айынан баштап компьютер менен иш жүргүзүүдөгү зыяндуулуктары учун 15% тен-25% чейин кошумча акы төлөнүп берилсин.

2. Штаттык санга өзгөртүүгө байланышкан чыгымдар жергиликтүү бюджеттин каражатынан бөлүнүп берилсин.

Айылдык Кенештин төрагасы

Иманалиев К.Ю.
