# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 25-февралындагы № 99 " Кыргыз Республикасынын бюджеттик уюмдарынын муктаждыктары үчүн 2004-жылы цемент жана шиферди берүүлөр жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 25-февралындагы № 99 " Кыргыз Республикасынын бюджеттик уюмдарынын муктаждыктары үчүн 2004-жылы цемент жана шиферди берүүлөр жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 99
- Кабыл алынган күнү: 25.02.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.09.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/55101>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-9827/edition/1148801/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/55101.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.09.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 25-февралындагы № 99 " Кыргыз Республикасынын бюджеттик уюмдарынын муктаждыктары үчүн 2004-жылы цемент жана шиферди берүүлөр жөнүндө" токтому (22.09.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/55101

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2004-жылдын 25-февралы № 99

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын бюджеттик

уюмдарынын муктаждыктары үчүн 2004-жылы

цемент жана шиферди берүүлөр жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 22-сентябрындагы № 446 токтомунун

редакциясына ылайык)

Бюджеттик уюмдарды зарыл курулуш материалдары менен камсыз кылуу,

ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Эл өкүлдөр жыйыны-

нын "Кыргыз Республикасынын ишканаларын Кант шаарындагы цемент-шифер

заводунун продукциясы менен камсыз кылуу жөнүндө" 2003-жылдын 14-октяб-

рындагы № 831-11-17 токтомун аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын

Өкмөтү токтом кылат:

1.(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 22-сентябрындагы № 446 токтомуна

ылайык күчүн жоготту деп табылган)

2. Борбордоштурулган тендердик комиссия азык-түлүк жана өнөр жай

товарларын сатып алууларды уюштуруу боюнча:

- "Кыргыз Республикасынын 2004-жылга республикалык бюджет жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган бюджеттик асигнованиелердин

чектеринде кварталдарга карата 2004-жылга цемент жана шиферге ке-

ректөөлөр жөнүндө министрликтердин, ведомстволордун жана бюджеттик уюм-

дардын суроо-талаптарын бир айлык мөөнөттө түзүп чыксын;

- түзүлгөн суроо-талаптарды 2004-жылы бюджеттик уюмдарга продукция

берүүлөрдү камсыз кылуу үчүн "Кант цемент-шифер комбинаты" АКсына (мын-

дан ары - "КЦШК" АК) берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тиешелүү министрлик-

тер жана ведомстволор менен бирдикте 2004-жылы бюджеттик каражаттардын,

"КЦШК" АКнын продукциясынын эсебинен ишке ашырылуучу курулуш объектиле-

ринин таасирдүү механизмин иштеп чыксын жана бекитсин.

4. Кыргыз Республикасынын Экономикасын өнүктүрүү, өнөр жай жана

соода министрлигине караштуу Монополияга каршы саясат департаменти рес-

публиканын бюджеттик уюмдарынын муктаждыктары үчүн сатып алынуучу це-

мент менен шиферге бааны аныктасын жана табигый монополист - "КЦШК" АК-

нын монополияга каршы мыйзамдарды сакташы боюнча талаптарды күчөтсүн.

5. Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар минист-

рлиги "КЦШК" АКнын продукция өндүрүүгө экологиялык талаптарды сакташы

боюнча контролду күчөтсүн.

6. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-

лекеттик комитети "КЦШК" АКнын акцияларынын мамлекеттик пакетин сатып

алуучулар инвестициялык милдеттенмелерди аткарышын талдап чыксын жана

эки жумалык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө маалымат берсин.

7. Министрликтер, ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик админист-

рациялар "Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик

сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41-статьясына

ылайык бюджеттик уюмдар үчүн сатып алууларды жүргүзүшсүн.

8. "Кант цемент-шифер комбинаты" АКга:

- 2004-жылы өндүрүш көлөмдөрүндө республикалык бюджеттин эсебинен

каржылануучу республиканын субъекттеринин муктаждыктары үчүн цемент жа-

на шифер берүүнү кароо;

- калкты курулуш материалдары менен толук камсыз кылуу максатында

республиканын бардык региондорунда Соода үйлөрүн уюштуруу сунуш кылын-

сын.

9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын соода, өнөр жай, курулуш комплекстери

жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр Н.Танаев
