# Шарк айылдык кеңешинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 8 “Жер мунапысын жүргүзүү тартиби жөнүндөгү жобону ишке ашыруу жөнүндө” Токтому

- Толук аталышы: Шарк айылдык кеңешинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 8 “Жер мунапысын жүргүзүү тартиби жөнүндөгү жобону ишке ашыруу жөнүндө” Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 04.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.11.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/550994>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-76727/edition/1229320/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Шарк айылдык кеңешинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 8 “Жер мунапысын жүргүзүү тартиби жөнүндөгү жобону ишке ашыруу жөнүндө” Токтому (04.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/550994

---

ШАРК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Шарк айылдык Кеңешинин (VII шайланган) кезектеги ХII сессиясы

2022-жылдын 4-ноябры № 8 “Жер мунапысын жүргүзүү тартиби жөнүндөгү жобону ишке ашыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасын министрлер кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү токтомун жана Шарк айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын VII кезексиз сессиясынын 2021-жылдын 4-декабрындагы Шарк айыл аймагында жайгашкан кайра болуштуруу фондусунун эсебиндеги жалпы аянты 62,55га жер аянтын “айыл чарба багытындагы жерлер”категориясынан “калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө №1 токтомун, Шарк айылдык Кеңешин депутаттарынын сунуштарын эске алып, Шарк айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХII сессиясы Токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасын министрлер кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү токтомуна ылайык иш чараларды так алып баруу жагы Шарк айыл өкмөтүнүн башчысы У.Батыровко жүктөлсүн.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Шарк айылдык Кеңешинин «Жер, турак – жай жана коммуналдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына» тапшырылсын.

Шарк айылдык кеңешинин төрагасы:

С.Абзалов
