Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Шарк айылдык кеңешинин “Жер мунапысын жүргүзүү тартиби жөнүндөгү жобону ишке ашыруу жөнүндө” Токтому
ШАРК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Шарк айылдык Кеңешинин (VII шайланган) кезектеги ХII сессиясы
2022-жылдын 4-ноябры № 8 “Жер мунапысын жүргүзүү тартиби жөнүндөгү жобону ишке ашыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасын министрлер кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү токтомун жана Шарк айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын VII кезексиз сессиясынын 2021-жылдын 4-декабрындагы Шарк айыл аймагында жайгашкан кайра болуштуруу фондусунун эсебиндеги жалпы аянты 62,55га жер аянтын “айыл чарба багытындагы жерлер”категориясынан “калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө №1 токтомун, Шарк айылдык Кеңешин депутаттарынын сунуштарын эске алып, Шарк айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХII сессиясы Токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасын министрлер кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү токтомуна ылайык иш чараларды так алып баруу жагы Шарк айыл өкмөтүнүн башчысы У.Батыровко жүктөлсүн.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Шарк айылдык Кеңешинин «Жер, турак – жай жана коммуналдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына» тапшырылсын.
Шарк айылдык кеңешинин төрагасы:
С.Абзалов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291 "Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 31.05.2022 · № 291