# Сарай айылдык кеңешинин 2022-жылдын 19-июлундагы № 6 "Муниципалдык менчикте турган имаратты ижарага берүү жөнүндө" Токтому

- Толук аталышы: Сарай айылдык кеңешинин 2022-жылдын 19-июлундагы № 6 "Муниципалдык менчикте турган имаратты ижарага берүү жөнүндө" Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 19.07.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.07.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/550978>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-76711/edition/1224486/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сарай айылдык кеңешинин 2022-жылдын 19-июлундагы № 6 "Муниципалдык менчикте турган имаратты ижарага берүү жөнүндө" Токтому (19.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/550978

---

САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ Кара Суу районунун Сарай айылдык Кеңешинин (VII шайланган) кезектеги ХIIсессиясы 2022-жылдын 19-июлу № 6 Муниципалдык менчикте турган имаратты ижарага берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы №37 “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январы ПЖ № 3 “Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө” Жарлыгы боюнча Сарай айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарынын сунушун угуп жана талкуулап, Сарай айылдык Кеңеши токтом кылат:

1. Сарай айыл өкмөтүнө караштуу Тельман жана Киров айылдарындагы борбордук спорт залынын имараттарынын тиешелүү жерлерин ижарага берүүгө макулдук берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы №37 “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 4-главасынын 15-беренесинин негизинде муниципалдык менчик обьекттерин пайдаланууга жана ижарага берүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сарай айылдык кеӊештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Сарай айылдык Кеңешинин төрагасы

А.Салимов
