# КР Өкмөтүнун токтому 2008-жылдын 28-июлу № 402 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жаатында тартип бузууларга каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнун токтому 2008-жылдын 28-июлу № 402 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жаатында тартип бузууларга каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 23.02.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.01.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/55095>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-9821/edition/1255764/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/55095.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.01.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнун токтому 2008-жылдын 28-июлу № 402 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жаатында тартип бузууларга каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө" токтому (13.01.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/55095

---

КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2004-жылдын 23-февралы № 93 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жаатында тартип бузууларга каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-декабрындагы № 887, 2006-жылдын 8-февралындагы № 75, 2006-жылдын 27-сентябрындагы № 695, 2007-жылдын 27-августундагы № 377, 2008-жылдын 28-июлундагы № 402, 2011-жылдын 13-июнундагы № 305, 2012-жылдын 25-майындагы № 318, 2012-жылдын 31-декабрындагы № 878, 2014-жылдын 4-июлундагы № 373, 2018-жылдын 22-январындагы № 49 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Интеллектуалдык менчик укугун коргоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын иштерин координациялоо жана өз ара аракетин камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жаатында тартип бузууларга каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн.

2. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жаатында тартип бузууларга каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жаатында тартип бузууларга каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамы.

3. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 49 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-февралындагы № 75 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Илим жана интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агентствонун кеңейтилген коллегиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 24-ноябрындагы № 638 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 15-майындагы № 233 токтомунун 11-пункту;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-июлундагы № 403 токтому.

Премьер-министр

Н.Танаев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 23-февралындагы № 93 токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жаатында тартип бузууларга каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-майындагы № 318; 2012-жылдын 31-декабрындагы № 878, 2014-жылдын 4-июлундагы № 373 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик жана инновациялар маселесин тейлеген вице-премьер-министри, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасы, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары.

Комиссия мүчөлөрү:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын ички иштер министри; Кыргыз Республикасынын экономика министри; Кыргыз Республикасынын юстиция министри; Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри; Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри; Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри; Кыргыз Республикасынын маданият жана туризм министри; Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (финансы полициясы) төрагасы; Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборунун директору; Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментинин директору.
